Идеядан экспортко чейин: менторлук кантип өндүрүштү өнүктүрүүгө жана жаңы деңгээлге чыгууга жардам берди
2025-ж., 29-July
Бактыгүл Каныбекова и Азамат Жайлообаев
Азамат Жайлообаев — Жалал-Абад облусундагы «Бай Дыйкан Ала-Бука» айыл чарба кооперативинин негиздөөчүсү. Ал 2016-жылдан бери жемиштерди кайра иштетүү тармагында иштейт, ал эми 2020-жылдан тартып кооператив активдүү өнүгө баштаган. Башкы продукция — алмалар, алча жана өрүктөр. Мурун аларды жөн гана чийкизат катары сатышчу. Бирок Азамат коңшу өлкөлөр Кыргызстандан продукцияны сатып алып, кайра иштеп, өз бренддери менен кымбатыраак баада чет өлкөгө сатканын байкап, экспортко кызыга баштаган.
«Экспортко өзүбүз деле чыга аларыбызды түшүндүм. Жөн гана өстүрбөй, кайра иштеп, таңгактап, сертификациялап сатсак болот. Ошондо эле мага билим жана колдоо керек экени айкын болду», — дейт Азамат.
БУУӨПтүн Ментордук программасынын алкагында ал бизнесин системдүү өнүктүрүп, эл аралык рынокко чыгууга даярдык көрө баштаган. Өзүнүн ментору Бактыгүл Каныбекова менен биргеликте 2030-жылга чейинки стратегиялык план иштеп чыгып, экспорт үчүн керектелген эл аралык органикалык «Organica» сертификатын алган.
Менторунун жетекчилиги менен бизнес өзүнүн продукциясын кеңейтти: эми кооперативде салттуу мөмөлөрдөн тышкары, клубника, малина жана алчанын тоңдурулган түрлөрү да даярдалат. Команда 28 адамга чейин кеңейди, ар кимдин иши так бөлүштүрүлгөн.
«Мурун интуиция менен иш кылчумун. Азыр — пландын, түзүмдүн жана адистердин кеңештеринин негизинде иш алып барам. Бул менин бизнеске болгон көз карашымды өзгөрттү», — дейт Азамат.
Эң маанилүү чечимдердин бири — үч кабаттуу жаңы өндүрүш имаратын куруу болду. Ментордун сунушу боюнча биринчи кабат — муздаткыч камералар үчүн, экинчи — кайра иштетүү үчүн, үчүнчү кабат — продукцияны таңгактоо үчүн колдонулат. Бул долбоор иш орундарынын түзүлүшүн, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жумушка тартууну камтыйт.
«Менин максатым — жөн гана бизнес эмес, социалдык жоопкерчилиги бар ишкана куруу. Биз акча табууну гана эмес, башкаларга мүмкүнчүлүк берүүнү да каалайбыз», — деп белгилейт ал.
Азамат жаңы иш баштоону каалаган ишкерлерге жөнөкөй, бирок маанилүү кеңеш берет: «Идеалдуу учурду күтпөгүлө. Идея жана каалоо менен баштагыла — калганын бара-бара курасыңар»
Менторлук — өнүгүүнүн булагы: Бактыгүл Каныбекованын тажрыйбасы
Бактыгүл Каныбекова үчүн Ментордук программага катышуу анын кесиптик жолунун логикалык уландысы болду. Ал башкаруу, команда куруу жана стратегиялык пландаштыруу боюнча тажрыйбасы менен бөлүшөт. Менти менен иштөө — бул жөн гана колдоо эмес, өзүңдүн да өсүшүңө мүмкүнчүлүк.
«Программа мага жаңы ыкмаларды ачты. Жаш ишкерлер менен баарлашуу жаңы көз караш берип, дем-күч тартуулайт», — дейт ал.
Бул программа алкагында Бактыгүл коучинг аркылуу менторинг боюнча кошумча билим алып, башка ишкерлер менен жолугушууларга катышып, кесиптик байланыштарын кеңейтти. Анын ою боюнча, менторлук — бул расмий эмес, бирок абдан натыйжалуу билим берүү чөйрөсү, ишкерлерге идеядан иш-аракетке тезирээк өтүүгө жардам берет.
«Мурун мындай программалар жок болчу. Азыр болсо — бул бизнес баштоо жана өнүктүрүү үчүн чыныгы ресурс», — деп белгилейт ал.
Бактыгүлдүн ишениминде: ийгиликтүү менторлук — бул ачыктыктын, урматтоонун жана тажрыйба менен бөлүшүүгө даярдыктын негизинде куралат. Ал жаш ишкерлерге эң оболу кесиптик байланыштарды түзүп, негизги билимдерге ээ болууну, андан кийин гана максаттуу жана процессти түшүнүү менен иш баштоону сунуштайт.
Азамат менен Бактыгүлдүн окуясы — Финляндия Өкмөтүнүн каржылоосу менен БУУӨП ишке ашырып жаткан «Соодага көмөктөшүү» долбоорунун алкагындагы Ментордук Программанын бир бөлүгү. Программа аймактардагы ишкерлердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Менторлордун тажрыйбасы жана практикалык колдоо аркылуу катышуучулар туруктуу өнүгүү жолун табышып, бизнес көндүмдөрүн бекемдеп, өз жамааттарына кошкон салымын арттырып келишет.
Кыргызстандын бардык аймактарынан 60 ишкер бул программадан өтүп, анын алкагында 15 жаңы ишкана ачылып, 56 жумуш орду түзүлгөн — алардын 45ине аялдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар ээ болгон.
Кыргыз Республикасында ишкердикти колдоо БУУӨПтүн маанилүү багыттарынын бири бойдон калууда. Мындай демилгелер Улуттук өнүгүү программасын 2030-жылга чейин ишке ашырууга салым кошуп, аймактардагы экономиканы стимулдаштырып, жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот. Бул программа ошондой эле Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүүгө көмөктөшүп, туруктуу жана инклюзивдүү бизнес моделдерди алдыга жылдырат.