Борбордук Азия өлкөлөрү айыл чарба продукциясынын экспортунун сапатын көзөмөлдөө системаларын чыңдап, кирешелүүлүгү жогору рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө

Бишкек, 2026-жылдын 16-сентябры — Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекеттик органдарынын жана жеке секторунун өкүлдөрү айыл чарба продукциясынын экспортун инспекциялык көзөмөлдөө системаларын чыңдоо жана өндүрүүчүлөргө өз продукциясынын эл аралык деңгээлде таанылган сапат стандарттарына жооп берерин тастыктоого жардам берүү үчүн Бишкекте чогулушту. Бул кирешелүүлүгү жогору рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүү болуунун барган сайын маанилүү шарты болуп саналат.

2026-ж., 16-September

Экспорт үчүн өрүктү сорттоо жана таңгактоо жогорку баалуу рынокторго чыгуу үчүн туруктуу сапаттын жана натыйжалуу көзөмөл системаларынын маанилүүлүгүн көрсөткөн процесс болуп саналат.

БУУӨП Кыргызстан

16–17-сентябрда өтүп жаткан «Рынокторго жеткиликтүүлүктү жакшыртуу үчүн айыл чарба продукциясынын сапат стандарттарын сактоого экспорттук инспекциялык көзөмөл» аттуу эки күндүк региондук семинар БУУнун Европалык экономикалык комиссиясы (БУУ ЕЭК), Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму (ЭКӨУ), Hilfswerk International жана БУУӨП тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кызматташтыкта уюштурулууда. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн техникалык жардам көрсөтүү боюнча өтүнүчүнө жооп катары өткөрүлүп жаткан семинар эл аралык тажрыйбаны Борбордук Азия өлкөлөрүнүн улуттук тажрыйбасы менен айкалыштырат. Ал айыл чарба продукциясынын сапат стандарттары жана инспекциялык көзөмөл системалары боюнча 2018-жылдан бери жүргүзүлүп келе жаткан региондук кызматташтыкты, анын ичинде 2024-жылы Ташкентте өткөрүлгөн техникалык окууну улантат. 

Борбордук Азия жаңы жана кургатылган мөмө-жемиштерди, жашылчаларды, жаңгактарды жана кошумча наркы жогору башка айыл чарба продукцияларын экспорттоону кеңейтүү үчүн олуттуу потенциалга ээ. Ошол эле учурда экспорттоочулар өз продукциясынын баруучу рыноктордун сапат талаптарына туруктуу түрдө жооп берерин тастыктай алышы керек. Натыйжалуу стандарттар жана инспекциялык көзөмөл системалары белгисиздикти жана соода тобокелдиктерин азайтып, сатып алуучулардын ишенимин бекемдөөгө жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатууга жардам берет. 

«Эл аралык стандарттарды жөн гана аткарылышы керек болгон талап катары кароого болбойт. Көп жагынан алганда, алар рынокторго чыгууга жол ачкан паспорт болуп саналат. Стандарттар түшүнүктүү болуп, ырааттуу колдонулганда, алар белгисиздикти жана транзакциялык тобокелдиктерди азайтып, сапаттуу продукцияны айырмалоого жана сатып алуучулар менен соода өнөктөштөрүнүн ишенимин бекемдөөгө жардам берет», — деди Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн Туруктуу өкүлүнүн орун басары Патрик Хаверман. 

Two men in suits sit at a table with a red tablecloth, microphones, and water bottles.

Семинар учурунда БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары Патрик Хаверман

БУУӨП Кыргызстан

Борбордук Азияда мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарынын бири — учурдагы фитосанитардык чараларды жана азык-түлүк коопсуздугун көзөмөлдөө системаларын толуктаган товардык сапатты системалуу түрдө текшерүүнү киргизүү. Ушуга байланыштуу семинар экспорттук инспекциялык көзөмөлдүн натыйжалуу системаларын уюштуруу маселелерине багытталган. Катышуучулар Түштүк Африкада жана Европа Биримдигине мүчө мамлекеттерде колдонулган ыкмаларды карап чыгып, негизги экспорттук рыноктордун талаптары менен таанышат. Ошондой эле жаңы жана кургатылган өрүктүн сапатына практикалык баа беришип, улуттук инспекциялык көзөмөл системаларын чыңдоо үчүн зарыл болгон укуктук, институционалдык, кадрдык жана инфраструктуралык чараларды аныкташат жана кийинки артыкчылыктуу кадамдарды белгилешет. 

Демилге Айыл чарба продукциясынын экспортун илгерилетүү боюнча Борбордук Азия жумушчу тобунун алкагында 2018-жылдан бери өнүгүп келе жаткан кызматташтыкка негизделет. Бул кызматташтык региондогу өлкөлөргө эл аралык стандарттарды колдонуу менен гана чектелбестен, аларды иштеп чыгууга да салым кошууга мүмкүнчүлүк берди. БУУӨПтүн «Соодага көмөк көрсөтүү» программасынын V фазасынын алкагында Борбордук Азиянын эксперттеринин катышуусу менен жер жаңгак, өрүктүн данеги жана кургатылган хурма үчүн иштелип чыккан стандарттар БУУ ЕЭКтин коммерциялык сапат стандарттары катары кабыл алынган. 

Кыргызстанда БУУӨП улуттук өнөктөштөргө экспортту өнүктүрүүнүн кеңири экосистемасын чыңдоодо, анын ичинде «Кыргызстанда жасалган» 2025–2028-жылдарга Экспортту өнүктүрүүнүн улуттук программасын иштеп чыгууда жана эл аралык талаптарга шайкеш сертификаттоо потенциалын күчөтүүдө колдоо көрсөттү. 

Бишкекте өтүп жаткан семинар бул кызматташтыкты дагы бир кадам алдыга жылдырып — стандарттарды түшүнүү жана иштеп чыгуудан аларды практикада колдонууга өтүүгө шарт түзөт. Бул экспорттоочуларга продукциянын сапатын тастыктоого, сатып алуучулардын ишенимин бекемдөөгө жана жаңы рынокторго чыгууга жардам бере турган практикалык системаларды түзүүгө багытталган. 

БУУӨПтүн бул багыттагы салымы Финляндия Өкмөтү тарабынан каржыланган «Борбордук Азияда соодага көмөк көрсөтүү — V фаза» региондук программасынын алкагында ишке ашырылууда.