2-октябрь, Бишкек шаары – органикалык жер семирткичтерин өндүрүүдөн тартып мектептерди гибриддик жылытуу жана калдыктарды иштеп чыгууга чейин: Бишкекте биринчи жолу улуттук «ESG бизнес-лидер» конкурсунун жеңүүчүлөрү аталды, анда экология, климат, инновация жана социалдык жоопкерчилик чөйрөсүндөгү практикалык бизнес чечимдер белгиленген.
Кыргызстанда биринчи эң мыкты бизнес ESG-долбоорлор тандалып алынды
2026-ж., 2-October
Конкурстун башкы жеңүүчүлөрү төмөнкүлөр болду:
«Айтмат» дыйкан чарбасы — органикалык жер семирткичтерин – биогумусту өндүрүү технологиясын иштеп чыккандыгы үчүн;
«Ereken Group» ЖЧК — № 43 мектепке гибриддик жылытуу системасы үчүн;
«Таза-Ди-Кадамжай» ЖЧК — калдыктарды экинчи жолу иштетүү долбоору үчүн.
Иш-чара Бишкек шаарында өтүп, бизнестин, мамлекеттик органдардын, банк секторунун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн бириктирди. Аны Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, БУУӨП, «Элдик Банк» ААК жана Mastercard уюштурду.
Конкурс Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин колдоосу астында өтүп жаткан Климат жана жаратылыш жумалыгы – 2026 алгачкы аянтчанын бири болду, ал бизнес үчүн күн тартибиндеги климат жана экология темасы абстракттуу эмес, конкреттүү чечим экенин көрсөттү: кантип энергия чыгымдарын кыскартуу, ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу, калдыктарды кайра иштетүү, жаңы технологияларды киргизүү жана туруктуу жумуш орундарын түзүү.
Бул маселе өлкөнүн жаңы климаттык планы — ОНУВ 3.0 ишке ашырылып жаткандыгына байланыштуу Кыргызстан үчүн өзгөчө актуалдуу болуп баратат. Анда каралган кайра өзгөрүүлөрдүн ири бөлүгү мамлекетке эле эмес, жеке сектордун чечимдерине да көз каранды: энергиянын натыйжалуулугуна, таза энергияга, туруктуу айыл чарбага, жашыл инфраструктура менен жаңы технологияларга инвестиция салуу.
«Климат саясаты экономикалык саясатка айланып баратат. Бизнес үчүн бул жаңы талаптарды билдирет, бирок ошол эле учурда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү да берет — энергиянын натыйжалуулугунун эсебинен чыгымдарды азайтуу, жаңы технологияларды өздөштүрүү, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу, экологиялык жана социалдык стандарттар бизнес жүргүзүүнүн шарттарынын бир бөлүгү болуп калган рынокторго чыгуу. Мына ушул себептен ESG-ыкмаларын өнүктүрүүнү Кыргызстандын экономикасынын туруктуулугуна жана келечегине инвестиция катары кароо зарыл», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев.
БУУӨП Кыргызстанды климат милдеттенмелеринен практикалык ишке ашырууга - климат саясатын иштеп чыгуудан жана пландаштыруудан тартып каржылоону мобилизациялоого жана бизнести тартууга өткөрүүдө колдойт. 2025-жылы БУУнун өнүктүрүү программасынын техникалык колдоосу менен Кыргызстан жакынкы жылдардагы улуттук климаттык иш-аракеттердин негизи болгон ОНУВ 3.0 программасын даярдап сунуштаган.
«Бүгүнкү күндө ESG – өлкөнүн климатты жакшыртуу максаттарын күнүмдүк бизнес чечимдеринин тилине которуунун жолу. Ишкана энергияны жана ресурстарды үнөмдөп, таштандыны азайтып, жаңы технологияларды киргизгенде же жумуш орундарын түзгөндө, ал өзүн гана туруктуу кылбастан, өлкөнү климатты жакшыртуу максаттарына жетүүгө жардам берет», - деди Кыргыз Республикасындагы БУУнун өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Александра Соловьева.
Конкурстун өзгөчөлүктөрүнүн бири - декларацияларды жана стратегияларды эмес, ишке ашырылып жаткан же масштабды кеңейтүүгө даяр чечимдерди баалоо болду. Конкурс үч багытты камтыды: климаттык долбоорлор, туруктуу өнүгүүдөгү инновациялар жана ишкер аялдар тарабынан ишке ашырылган жашыл долбоорлор. Конкурстун концепциясына ылайык, бул багыттар энергиянын натыйжалуулугун, кайра жаралуучу энергияны, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоону, санарип жана AI чечимдерин, айланып туруучу экономиканы жана туруктуу бизнес моделдерин камтыйт.
Кошумча сертификаттар менен кызыктыруучу белектерге төмөнкүлөр татыды:
«Адал Азык» (ТМ «Тойбосс») ЖЧК — азык-түлүк өндүрүшүндө жылуулукту кайра иштетүү системасы үчүн;
«Киргизпромтехнология»ЖЧК — Water Watch AI долбоору үчүн;
Анара Кудайбергенова — Kazarman Monte долбоору үчүн.
«Биз үчүн сынак бир жолку демилге эмес, иштеп жаткан бизнес чечимдерди көрсөтө турган, тажрыйба алмашып, алардын масштабын кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн таба турган аянтча болушу маанилүү», — деп «Элдик Банк» ААКтын Директорлор кеңешинин төрагасы Айчүрөк Жакыпова баса белгиледи.
Иш-чаранын алкагында ESG жана жашыл каржылоо, ошондой эле инновациялар, санариптик чечимдер жана аялдардын ишкердиги боюнча эки талкуу өттү. Конкурстун программасы финансы секторунун ролуна, бизнестин жаңы талаптарына, ошондой эле ресурстарды натыйжалуу пайдалануу үчүн жасалма интеллектти жана санариптештирүүнү колдонуу мүмкүнчүлүктөрүнө өзүнчө басым жасады.
Уюштуруучулар «ESG бизнес-лидер» конкурсун бир эле учурда экономикалык натыйжа берип, өлкөнүн экологиялык жана социалдык милдеттерин чечүүгө көмөк берген чечимдер табылган жана алдыга илгерилей турган жыл сайын өтүүчү аянтча болот деп болжолдошот.