Жаңы рыноктор, жумуш орундары, экспорт: сооданы өнүктүрүү боюнча кызматташтыктын жыйынтыктары

Бишкек, 2026-жылдын 24-сентябры - Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан каржыланган «Борбордук Азиядагы соодага көмөк көрсөтүү» долбоорунун жыйынтыгын чыгарып, Кыргызстанда сооданы жана ишкердикти өнүктүрүүнүн мындан аркы приоритеттүү багыттарын талкуулашты.   

2026-ж., 24-September

«Жыйынтыктар, көйгөйлөр жана келечек багыттары» аттуу соода жана ишкердик боюнча улуттук өнөктөштүк диалогу мамлекеттик органдардын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, эл аралык уюмдардын, сооданы колдоо институттарынын, бизнес-ассоциациялардын, ишкерлердин жана долбоордун катышуучуларынын башын бириктирди. Талкуунун чордонунда жетишилген жыйынтыктар жана 2026-жылдан кийин дагы өнүктүрүү зарыл болгон чечимдер турду.   

Долбоордун жыйынтыктары баяндамалар, «Долбоордун жүздөрү» фотокөргөзмөсү, мастер-класстар, көргөзмө-жарманкелер жана продукциялардын даамын татуу иш-чаралары аркылуу көрсөтүлдү. Бул долбоордун бенефициарларынын өз таржымалдары аркылуу иш жүзүндөгү өзгөрүүлөрдү көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берди. Ишкерлер, өндүрүүчүлөр, туризм жана кол өнөрчүлүк тармагынын өкүлдөрү алган билимдери, консультациялар жана рынокторго жетүү мүмкүнчүлүктөрү бизнести өнүктүрүүгө жана жаңы кардарларды табууга кандайча жардам бергенин айтып беришти.   

Долбоордун иши Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейинки өнүктүрүүнүн улуттук артыкчылыктарын ишке ашырууга, анын ичинде экономиканы диверсификациялоо, экспорттук потенциалды кеңейтүү, ишкердикти колдоо жана жашыл экономикага өтүү саясатына көмөк көрсөттү. Бул артыкчылыктар долбоор иштеп чыгууга колдоо көрсөткөн негизги тармактык документтерде практикалык түрдө чагылдырылды.   

Алардын катарында 2025-2028-жылдарга карата "Кыргызстанда жасалган" улуттук экспорттук программасы, 2025-2030-жылдарга туризмди өнүктүрүү программасы жана аны ишке ашыруу планы, 2024-2028-жылдарга жашыл экономиканы өнүктүрүү программасы, ошондой эле Ишкердик кодексинин долбоору бар.    

«Өнүктүрүү долбоорунун баалуулугу ал аяктагандан кийин эмне кала турганы менен аныкталат. Төрт жылдын ичинде өлкөдө экспортту колдоонун улуттук системасынын иштеп жаткан элементтери пайда болду: экспортту илгерилетүү боюнча адистештирилген институт, эл аралык стандарттар боюнча сертификациялоонун өлкөдөгү өздүк потенциалы, туруктуу туризмдин улуттук критерийлери, экспорттук операцияларды камсыздандыруу инструменттери түзүлдү. Бул артыкчылыктар Экспортту өнүктүрүүнүн улуттук программасында жана башка программалык документтерде бекитилди. Эми Өкмөттүн милдети жетишилген натыйжаларды жөн гана сактап калуу эмес, иштеп жаткан чечимдердин масштабын кеңейтүү болуп саналат», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова.   

Долбоордун алкагында 4 823 микро, чакан жана орто ишкана (МЧОИ) колдоого алынды, алардын ичинен 3 162си аялдарга таандык ишканалар. Ошондой эле төрт жашыл нарк чынжырындагы 195 бенефициар колдоо алды. Алар: укмуштуу окуялуу туризм (adventure tourism), аарычылык, кургатылган жемиштерди, мөмө-жемиштерди жана жаңгактарды өндүрүү, ошондой эле кол өнөрчүлүк. Долбоордун алкагында 837 жаңы жумуш орду түзүлүп, анын 548и аялдар үчүн болду. Колдоого алынган экспорттук келишимдердин көлөмү 17,1 млн АКШ долларын түздү. Туризм тармагындагы ишканалардын онлайн-сатуулары 11,3 млн сомдон 92,9 млн сомго чейин өстү, ал эми тейленген чет элдик туристтердин саны дээрлик үч эсеге көбөйдү. Колдоого алынган бал өндүрүүчүлөрдүн өндүрүш көлөмү 59 пайызга көбөйүп, алардын продукциясы төрт жаңы рынокко чыкты. Кургатылган жемиштер, мөмө-жемиштер жана жаңгактар тармагындагы бенефициарлардын экспорту 36,6 пайызга, ал эми колдоого алынган кол өнөрчүлүк ишканаларынын кирешеси 35 пайызга өстү.    

Бул көрсөткүчтөрдүн артында бизнести жүргүзүү моделиндеги кыйла терең өзгөрүүлөр турат. Ишкерлер санариптик платформаларды активдүү пайдаланып, продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга, кардарларды тейлөөнү жакшыртууга жана экспортту узак мөөнөттүү өсүштүн багыты катары кароого өтүштү. Туризм жана кол өнөрчүлүк тармактарында ишканалардын ортосундагы байланыштар бекемделип, айрым кызматтар менен продукциялар бириктирилип, кыйла комплекстүү сунуштар түзүлө баштады.   

«Ар бир экономикалык көрсөткүчтүн артында адамдар жана бизнес үчүн конкреттүү мүмкүнчүлүктөр турат: ишкердикти баштоо же кеңейтүү, жумуш орундарын түзүү, жаңы сатып алуучуларды табуу жана жаңы рынокторго чыгуу. Биздин милдет - бул мүмкүнчүлүктөрдү долбоор аяктагандан кийин дагы иштей бере турган туруктуу чечимдерге айландырууга көмөктөшүү», - деди Патрик Хаверман мырза, БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары.   

Долбоордун жыйынтыктарынын туруктуулугу улуттук институттарга конкреттүү инструменттерди, кызматтарды, стандарттарды жана билимдерди өткөрүп берүү аркылуу камсыздалды. Долбоор аяктап жаткан учурда бул механизмдердин көбү иш жүзүндө колдонулуп жатканы өзгөчө маанилүү.   

«КыргызЭкспорт» улуттук экспорттук порталды өнүктүрүп, рыноктор боюнча серептерди даярдап жана аймактарда «Экспорттук кербен» иш-чарасын өткөрүп келет. Сооданы колдоо институттары бизнес үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн кеңейтип, мамлекеттик сервистерди жакшыртышты.   

Сапат инфраструктурасы да олуттуу чыңдалды. Кыргызстандарт ISO 22000 стандарты боюнча сертификация жүргүзүү үчүн аккредитация алды, сертификациялоонун электрондук инструменттери киргизилип, GLOBALG.A.P. боюнча материалдар даярдалды. Туруктуу туризмдин улуттук критерийлери азыртадан колдонулуп, бара-бара жаңы аймактарды камтууда.   

Экспорттук камсыздандыруу системасы үчүн жаңы инструменттер жана ыкмалар иштелип чыкты. Мамлекеттик кызматкерлер жана сооданы колдоо институттарынын кызматкерлери окуудан өтүп, алган билимдерин күнүмдүк ишинде колдонууну улантып жатышат.   

Натыйжалар бизнес деңгээлинде да байкалууда. Ишканалар экспорттук ишмердүүлүгүн улантып, эл аралык стандарттар боюнча иштеп, электрондук коммерцияны, менторлукту жана аймактар аралык кызматташууну өнүктүрүп жатышат.   

Финляндия Өкмөтүнүн колдоосу менен БУУӨП менен Кыргызстан Өкмөтүнүн узак мөөнөттүү өнөктөштүгү долбоордун алкагындагы айрым чечимдерди иштеп жаткан улуттук механизмдерге айландырууга өбөлгө түздү. Дал ушул жагдай долбоордун жыйынтыктарын сактап калууга жана мындан ары өнүктүрүүгө негиз түзөт.   

Долбоор башка эл аралык жана улуттук өнөктөштөр менен кызматташууну да өнүктүрдү. Туруктуу туризм критерийлери GIZ жана КАТО менен биргеликте киргизилди, ишкердик боюнча окутуулар TIKA жана KOSGEB менен өнөктөштүктө өткөрүлдү, ал эми электрондук коммерция боюнча тренерлерди даярдоо ЕККУнун катышуусунда ишке ашырылды. Бул байланыштар долбоор аяктагандан кийин да сакталып, жетишилген натыйжалардын масштабын кеңейтүүгө жана ишкерлер менен уюмдардын кеңири чөйрөсү менен ишти улантууга көмөк көрсөтөт.   

Бүгүнкү күндө соода жана ишкердик тармагы үчүн өсүүгө, рынокторду диверсификациялоого жана Кыргызстандын экспорттук потенциалын кеңейтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Мындан аркы өнүгүүнүн негизги багыттарынын катарына бизнестин экспорттук каржылоого, эл аралык стандарттарга жана сертификациялоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, ишенимдүү логистиканы жана жаңы соода каттамдарын өнүктүрүү, ошондой эле жаңы рынокторго чыгуу кирет.    

Дал ушул маселелер сооданы өнүктүрүүнүн мындан аркы артыкчылыктарына арналган стратегиялык сессиянын өзөгүн түздү. Катышуучулар МЧОИлердин тышкы рынокторго жеткиликтүүлүгүн, экспорттук каржылоону, санариптик жана трансчек аралык сооданы, сапат инфраструктурасын, сертификациялоону, туруктуу туризмди жана бизнести колдоо институттарын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле бул артыкчылыктарды иш жүзүндө жүзөгө ашыруу үчүн эмне талап кылынары талкууланды. Алардын катарында натыйжалуу жөнгө салуучу чечимдер, каржылоо, күчтүү институттар, жаңы өнөктөштүктөр, бизнестин компетенцияларын жогорулатуу жана инфраструктурага инвестиция тартуу бар.  

БУУӨП Кыргыз Республикасы менен кызматташуусун улантып, буга чейин натыйжалуу иштеп жаткан механизмдердин масштабын кеңейтүүгө жана долбоордун ийгиликтүү чечимдерин сооданы, ишкердикти жана аймактык экономиканы өнүктүрүүнүн туруктуу улуттук инструменттерине айландырууга колдоо көрсөтөт.   

   

Маалымат үчүн   

“Борбордук Азиядагы соодага көмөк көрсөтүү, V фаза” долбоору Финляндия Өкмөтү тарабынан каржыланып, БУУӨП тарабынан Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда ишке ашырылган. Долбоор “Борбордук Азиядагы соодага көмөк көрсөтүү” демилгесинин алкагындагы көп жылдык кызматташтыктын уландысы болду.