Кыргыз балы дүйнөлүк рынокторго жол ачууда

Бишкектеги чакан кеңседен тартып Ысык-Көлдүн тоолуу аймактарына чейин Кыргызстандын бал өндүрүүчүлөрү дүйнөлүк рынокторго чыгууга жол ачууда. Бул үчүн окутуу, эл аралык стандарттарды киргизүү жана туура өнөктөштөр менен байланыш түзүү талап кылынды. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын «алтын» өнүмү дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүнө экспорттолууда.

2026-ж., 7-September
Small glass jars with dark labels lined up on bright yellow shelves.

«Дары Тянь-Шаня» тарабынан даярдалган бал

БУУӨП Кыргызстан

БИШКЕК 

Коомдук бирикмеден эл аралык экспорттоочуга чейин 

Бишкектин ишкердик жигердүү райондорунун биринде жайгашкан «Дары Тянь-Шаня» компаниясынын кеңсеси сыртынан караганда өзгөчө көзгө уруна бербейт. Бирок дал ушул жерде кабыл алынган чечимдер Кыргызстандын бал тармагынын өнүгүү багытын өзгөрттү. 

Компания алгач аарычылардын коомдук бирикмеси катары түзүлгөн. Максат жөнөкөй эле: тажрыйба бөлүшүү, бири-бирин колдоо жана аарычылыктын салттуу ыкмаларын сактап калуу. Экспорт тууралуу анда эч ким ойлогон эмес. 

Убакыт өткөн сайын бир суроо жарала баштады: эгер кыргыз балы сапаттуу болсо, эмне үчүн аны дүйнөлүк рынокко чыгарууга болбосун? Эмне үчүн аны чыныгы баасын төлөгөн сатып алуучуларга сунушталбайт? 

Бул багыттагы чоң өзгөрүү 2024-2025-жылдары башталды. Финляндия Өкмөтүнүн колдоосу менен БУУнун Өнүктүрүү программасы ишке ашырып жаткан «Соодага көмөктөшүү» долбоору Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен өнөктөштүктө компанияга колдоо көрсөтө баштады. 

Бул колдоо каржылоодон эмес, билим менен тажрыйбадан турду. 

Woman in dark clothing stands in a colorful honey shop, holding jars of honey.

Эмма Савицкая, «Дары Тянь-Шаня» ЖЧКсы

БУУӨП Кыргызстан

Компания дүйнөлүк рынокко чыгууда туш болгон негизги суроолорго жооп ала баштады. Эл аралык стандарттар кандай иштейт? Европадагы же Азиядагы сатып алуучулар эмнени талап кылат? Сапатты кантип тастыктоо керек? Логистика, келишимдер жана экспорттук жол-жоболор кантип уюштурулат? 

Компаниянын жетекчиси Эмма Савицкая бул жолдун канчалык татаал экенин бат түшүндү. Кыргыз балы сапаттуу болчу, бирок экспорт үчүн зарыл болгон процесстер толук калыптана элек эле. Сапатты башкаруу системасы жетишсиз болчу, эл аралык талаптар боюнча тажрыйба аз эле. 

Долбоордун колдоосу менен бул боштуктар акырындап толукталды. 

Өндүрүш процесстери иретке келтирилип, аары уюгунан баштап даяр продукция банкаларга куюлганга чейинки ар бир этап документтештирилди. Кызматкерлер окуулардан өтүштү, адистер эл аралык азык-түлүк коопсуздугу стандарттары боюнча кеңештерин беришти. Натыйжада компания ISO 22000 эл аралык сертификатын алып, дүйнөлүк рынокко чыгуунун маанилүү баскычынан өттү. 

Бүгүнкү күндө «Дары Тянь-Шаня» компаниясы өз продукциясын дүйнөнүн 30дан ашык өлкөсүнө экспорттойт. 

Бирок Эмма Савицкая дагы бир маанилүү нерсени түшүндү: жалгыз иштөө туруктуу өнүгүүнү камсыздай албайт. Ишенимдүү өнөктөштөр керек, туруктуу чийки зат базасы керек жана башка өндүрүүчүлөр дагы эл аралык стандарттарга жооп бериши зарыл. 

Ошентип ал жөн гана экспорттоочу эмес, тармактын ар түрдүү катышуучуларын бириктирген маанилүү көпүрөгө айланды. 

ЫСЫК-КӨЛ 

Тогуз аарычы биригип кооператив түздү 

Ысык-Көлдүн жээгинде, тоолуу аймакта жашаган тогуз аарычы 2023-жылы маанилүү чечим кабыл алышты. Балын өз-өзүнчө арзан баада ортомчуларга сатуунун ордуна, күчтөрүн бириктирүүнү туура көрүштү. 

Ошентип «Ысык-Көл Бал» кооперативи түзүлдү. 

Алгач кооперативдин мүчөлөрү жылына жалпысынан 15 тоннадай бал өндүрүшчү. Айылдык деңгээл үчүн бул жакшы көрсөткүч болчу, бирок чоң рынокко чыгуу үчүн жетишсиз эле. 

Көп өтпөй бул кооператив дагы «Соодага көмөктөшүү» долбоорунун колдоосуна ээ болду. 

Мунун натыйжасында жергиликтүү деңгээлде олуттуу өзгөрүүлөр башталды. 

Two beekeepers in protective suits inspect a honeycomb frame near blue beehives in a sunny field.

Улан Абдылашев (оң жакта), «Ысык-Көл бал» кооперативи, Түп району, Ысык-Көл облусу

БУУӨП Кыргызстан

Аары чарбалары заманбап жабдуулар менен камсыздалып, жаңы технологиялар киргизилди. Кооператив алгачкы жолу эне аары өстүрүү багытын өнүктүрүп, аары үй-бүлөлөрүнүн сапатын жана туруктуулугун өз алдынча көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. 

Материалдык колдоо менен катар билим берүү иштери да жүргүзүлдү. Кооперативдин мүчөлөрү эл аралык стандарттар, продукцияны рынокко жайгаштыруу жана бизнес өнүктүрүү боюнча кеңештерди алышты. 

Бир жылдын ичинде кооперативдин өндүрүш көлөмү эки эсеге өстү. Жылдык көрсөткүч 15 тоннадан 30 тоннага чейин жетти. 

Бул кокустук эмес. Натыйжа заманбап технологиянын, жаңы билимдин жана биргелешип иштөөнүн жемиши болду. Ири оюнчулар менен чакан өндүрүүчүлөр бири-бирин толуктап, бирдиктүү экосистеманын бөлүгүнө айланды. 

Green field with a blue trailer loaded with yellow and blue crates; two people nearby.

Түп району, Ысык-Көл облусу

БУУӨП Кыргызстан

КАЛЫПТАНГАН ЭКОСИСТЕМА 

Башында айрым компанияларга көрсөтүлгөн колдоо бара-бара бүтүндөй бал тармагын камтыган системага айланды. 

Долбоордун алкагында балдын нарк чынжыры боюнча жалпысынан 166 катышуучу камтылды. Алардын ичинде балды кайра иштетүү жана экспорттоо менен алектенген сегиз чакан жана орто ишкана бар. Бул ишканалар 135 аарычы менен кызматташат.  

Мындан тышкары, тармакты колдогон 11 кызмат көрсөтүүчү уюм жана балды кайра иштетүү, баа түзүү, таңгактоо, маркировкалоо жана сертификаттоо багыттарында техникалык жардам берген 12 адистештирилген институт тартылган. 

Долбоордун жыйынтыгында 34 жаңы жумуш орду түзүлүп, анын 19уна аялдар жумушка орношту. Экспорттун көлөмү орточо эсеп менен 10 пайызга өсүп, өндүрүмдүүлүк 25 пайызга жогорулады. 

БУЛ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ? 

Бал өндүрүү Кыргызстан үчүн жөн гана айыл чарба тармагы эмес. Бул өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн маанилүү бөлүгү. 

Аарычылык ири өнөр жай объектилерин талап кылбайт. Ал тоолуу жана алыскы аймактардагы үй-бүлөлөргө киреше алып келет. Экологиялык жактан таза, табигый продукцияга дүйнөлүк суроо-талап туруктуу бойдон калууда. Мындан сырткары, кыргыз балы органикалык продукция катары да өз ордун табууга чоң мүмкүнчүлүккө ээ. 

Ысык-Көлдүн тоо койнундагы аарычы өз эмгегинин акыбети болгон адилет бааны дүйнөлүк рыноктон ала баштаганда, бул жөн эле киреше эмес. Бул адамдын өз жеринде жашап, эмгек кылууга болгон ишеними. Бул тоолуу аймактардын өнүгүүсү. Бул келечек муундардын мекенинде калуусуна шарт түзгөн мүмкүнчүлүк.

2025-2028-жылдарга карата кабыл алынган Экспортту өнүктүрүү программасында бал Кыргызстандын артыкчылыктуу экспорттук товарларынын катарына киргизилген. Ал эми 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасы чакан жана орто бизнести экономиканын туруктуу өсүшүнүн негизи катары белгилейт. 

Кыргызстандын бал тармагы бул саясаттардын ишке ашышын күтүп турган жок. Ал бүгүнтөн тартып ошол максаттарды турмушка ашырып жатат. 

Финляндия Өкмөтүнүн колдоосу менен БУУнун Өнүктүрүү программасы ишке ашырып жаткан «Борбор Азия үчүн Соодага көмөктөшүү» долбоору ушул өзгөрүүлөрдүн маанилүү бөлүгү болуп саналат. 

2018-жылдан бери Финляндия Кыргызстандагы БУУӨП долбоорлоруна 7 миллион АКШ долларынан ашык каражат бөлүп, соода мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга жана адилеттүүлүккө жеткиликтүүлүктү жакшыртууга көмөк көрсөтүп келет. 

Кыргыз балынын дүйнөлүк рынокко карай жолу ушул өнөктөштүктүн жандуу мисалдарынын бири болуп калды.