Көптөгөн өспүрүмдөр үчүн климаттын өзгөрүшү окуу китептеринде жана жаңылыктарда гана кездешкен тема бойдон калууда. Ал эми таластык Рамиля Адылбекова үчүн бул — күнүмдүк жашоонун бир бөлүгү.
Таластан эл аралык климаттык аянтчага чейин: «Климаттык кутуча» окуучу кызга өз үнүн табууга кантип жардам берди
2026-ж., 25-August
Рамиля Адылбекова
“Бала кезимден бери жай мезгилинде биздин арыктар дайыма сууга толуп, бардык жерди сугаруу оңой болгонун эстейм. Бирок акыркы убактарда суу барган сайын азайып баратат”, — дейт ал.
Туулуп-өскөн аймагындагы өзгөрүүлөргө байкоо жүргүзүү Рамилянын кызыгуусун акырындык менен айлана-чөйрө жана климат маселелерине болгон чыныгы кызыгууга айландырды.
Бүгүнкү күндө Рамиля Талас шаарындагы №2 мектептин 9-классын аяктап, экологиялык демилгелерге активдүү катышып келет. Бирок анын климат маселелерине болгон кызыгуусу мындан бир топ эрте — алтынчы класста, мектептеги “Жер коргоочулар” командасына кошулган учурда башталган. Ошол кезде ал климаттын өзгөрүшү тууралуу маалыматтарды изилдеп, анын өз аймагындагы күнүмдүк жашоого тийгизген таасирин барган сайын даана байкай баштаган.
“Жаратылышыбызда, биосферада жана жаныбарлар дүйнөсүндө болуп жаткан окуялардын канчалык адилетсиз экенин терең сездим”, — дейт Рамиля.
Анын жашоосундагы жаңы этап БУУӨПтүн “Климаттык кутуча” программасына кошулгандан кийин башталган. Бул — мектеп окуучуларына климаттын өзгөрүшүнүн себептерин жана кесепеттерин жакшыраак түшүнүүгө жардам берген билим берүү демилгеси а.
Рамиля бул программа тууралуу география мугалими Ангелина Ганюктан уккан. Анын жетекчилиги алдында мектептин командасы көмүртек изин азайтууга жана жаштар арасында экологиялык жактан жоопкерчиликтүү адаттарды калыптандырууга багытталган долбоор иштеп чыккан. Салттуу лекциялардын ордуна окуучулар эки жумага созулган экологиялык чакырык уюштуруп, ага 40ка жакын окуучуну тарткан.
“Биз климаттык кризис менен күрөшүү үчүн дайыма эле татаал технологиялар талап кылынбай турганын далилдегибиз келди. Кээде адамдардын көз карашын жана күнүмдүк адаттарын өзгөртүү эле жетиштүү”, — деп түшүндүрөт Рамиля.
Долбоор Кыргызстандын мыкты климаттык демилгелеринин катарына кирген. Рамиля жана анын командасы үчүн бул мектептин деңгээлинде башталган демилге да маанилүү климаттык маселелерге коомчулуктун көңүлүн бура аларын көрсөткөн маанилүү жетишкендик болгон. Кийинчерээк долбоор Таиландда өткөн «Климаттык кутуча» программасынын окуучуларынын Эл аралык фестивалында тааныштырылган. Фестиваль Азия жана Европанын 12 өлкөсүнөн келген катышуучуларды бириктирген
“Жолго чыгар алдында мен катуу атаандаштыкка негизделген сынакка бара жатам деп ойлогом. Бирок ал жактан таптакыр башка нерсени көрдүм. Мен күчтүү эл аралык кызматташтык аянтчасына туш болдум», — деп эскерет ал
Рамилянын айтымында, дал ошол жерде ал климаттык кризистин чек арасы жок экенин жана ар кайсы өлкөлөрдүн жаштары жалпы көйгөйлөргө биргелешип чечим издей аларын терең түшүнгөн. Бул тажрыйба аны туруктуу өнүгүү жаатындагы технологияларды жана инновацияларды мындан ары да изилдөөгө шыктандырган.
Бул жолдо анын устаты Ангелина Ганюк өзгөчө маанилүү роль ойногон.
“Мен үчүн Ангелина Павловна жөн гана география мугалими болуп калган жок. Ал мени алгачкы мектептеги сабагымдан тартып эл аралык сахнага чыкканга чейин ушул жолдун ар бир кадамында коштоп келди”, — дейт Рамиля.
Бүгүн Рамиля климаттык көйгөйлөрдү чечүүгө катышууга жаш курак эч качан тоскоол болбошу керек деп ишенет.
“Мен бир нерсени түшүндүм: өспүрүм болсом да, менин үнүм бар. Мен сахнага чыгып, бул көйгөйлөр тууралуу айтып, өзгөрүүлөргө салым кошо алам”, — дейт ал а.
Рамилянын окуясы климаттык билим берүү жаштарга жөн гана билим бербестен, маанилүү өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү да түзүп берерин көрсөтөт.
Бүгүнкү күндө “Климаттык кутуча” программасы 17 тилде жеткиликтүү болуп, дүйнөнүн 12 өлкөсүндө жана үч аймагында колдонууга ылайыкташтырылган. Программа 50 миңден ашуун окуучуну жана 7 миңден ашык педагогду камтыды. Кыргызстанда программа 2016-жылдан бери ишке ашырылып келет жана учурда өлкөнүн дээрлик бардык мектептеринде жеткиликтүү.
Маалымат үчүн: Демилге “Климат жаатындагы аракеттерди жана Туруктуу өнүгүү максаттарын илгерилетүү үчүн климаттык билим берүү” долбоорунун алкагында долбоору Россиялык Трасттык фондунун каржылык колдоосу менен БУУӨП тарабынан ишке ашырылууда.