Миң-Куштагы жаңы коомдук демилгелер балдар жана жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, жергиликтүү туризмдин өнүгүшүнө жана коомчулуктун бакубаттуулугун жогорулатууга өбөлгө болууда. Бул демилгелер Европа Биримдиги (ЕБ) менен Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Борбордук Азиядагы уран мурасынан келип чыккан тобокелдиктерди азайтуу багытындагы өнөктөштүгүнүн он жылдыгын белгилеп жаткан мезгилде ишке ашырылууда
ЕБ жана БУУӨПтүн колдоосу менен Миң-Куш коомчулуктун активдүү катышуусу, жаштар үчүн мүмкүнчүлүктөр жана жергиликтүү өнүгүү аркылуу туруктуу келечекке жол ачууда
2026-ж., 25-September
Миң-Куш, Нарын облусу, Кыргыз Республикасы, 2026-жылдын 22-сентябры
Миң-Куштагы жаңы коомдук демилгелер балдар жана жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, жергиликтүү туризмдин өнүгүшүнө жана коомчулуктун бакубаттуулугун жогорулатууга өбөлгө болууда. Бул демилгелер Европа Биримдиги (ЕБ) менен Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Борбордук Азиядагы уран мурасынан келип чыккан тобокелдиктерди азайтуу багытындагы өнөктөштүгүнүн он жылдыгын белгилеп жаткан мезгилде ишке ашырылууда.
Жаңы демилгелердин бири – «Кызыл-Сөөк» балдардын эс алуу лагери. Ал балдар жана жаштар, анын ичинде майыптыгы бар адамдар үчүн билим алууга, эс алууга жана жаңы нерселерди таанып-билүүгө шарт түзгөн инклюзивдүү мейкиндик болот. Мында кыздарга жана аярлуу үй-бүлөлөрдүн балдарына өзгөчө көңүл бурулат.
Эс алуу менен билим берүүнү айкалыштырган лагердин ишмердигинде экологиялык туруктуулукка жана жергиликтүү коомчулуктун активдүү катышуусуна басым жасалат. Долбоордун чакан грантынын колдоосу менен лагерде кыска мөөнөткө жайгашууга ылайыкталган жаңы шарттар түзүлдү. Ал эми жергиликтүү бийлик лагерлерди үзгүлтүксүз уюштурууга көмөк көрсөтүү милдеттенмесин алды.
Долбоордун колдоосу менен Миң-Кушта жаңы туристтик маалымат борбору да ачылды. Борбор аймактагы жөө жана ат менен жүрүүчү туристтик маршруттар, негизги кооз жаратылыш жайлары, Миң-Куштун тарыхы жана жергиликтүү үй-бүлөлөрдүн үйлөрүндө жайгашуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берет.
Борборду жергиликтүү жаштар иштетет. Бул жергиликтүү ишкерлер жана туристтик кызмат көрсөтүүчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, жергиликтүү экономиканы диверсификациялоого салым кошууда.
Бул демилгелер ЕБ тарабынан каржыланып, БУУӨП жана ЕККУ тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбордук Азиядагы уран мурасы объектилерин рекультивациялоого кызыкдар тараптарды тартуу – III фаза» долбоорунун алкагындагы чакан гранттар боюнча сынактын аркасында ишке ашты.
Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн программа менеджери Яна Курписа мындай деди: «Миң-Куштун тажрыйбасы ЕБ, ЕККУ жана БУУӨП ортосундагы эл аралык өнөктөштүктү күчтүү жергиликтүү лидерлик жана коомчулуктун активдүү катышуусу менен айкалыштыруунун маанилүүлүгүн көрсөтүп турат. Мында жергиликтүү тургундар алардын күнүмдүк жашоосун туруктуу жана түздөн-түз жакшыртууга багытталган иш-чараларды пландаштыруунун жана ишке ашыруунун өзөгүндө турушат».
«БУУӨП үчүн уран мурасына байланыштуу маселелерди чечүү – бул экологиялык тобокелдиктерди азайтуу менен гана чектелбейт. Бул Миң-Куш сыяктуу коомчулуктарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана бекем келечекти курууга колдоо көрсөтүүнү да билдирет. Узак мөөнөттүү эл аралык колдоо жергиликтүү лидерлик, коомчулуктун жоопкерчилиги жана адамдарга багытталган практикалык инвестициялар менен айкалышканда дал ушундай натыйжалар жаралат» - деди БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары Патрик Хаверман.
Миң-Кушта бул демилгелер ЕБ, БУУӨП, жергиликтүү уюмдар жана тургундар ортосунда бир нече жылдан бери уланып келе жаткан кызматташтыктын негизинде ишке ашырылууда. 2021-жылдан бери ЕБ жана БУУӨП жергиликтүү өнөктөштөргө артыкчылыктуу багыттарды аныктоодо жана коомчулуктун муктаждыктарына жооп берген чечимдерди иштеп чыгууда колдоо көрсөтүп келет.
Долбоор жөнүндө
«Борбордук Азиядагы уран мурасы объектилерин рекультивациялоого кызыкдар тараптарды тартуу – III фаза» долбоору Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен БУУӨП жана ЕККУ тарабынан ишке ашырылат.
Долбоор Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандагы уран мурасы объектилери жайгашкан аймактарда жашаган коомчулуктарды колдоого багытталган. Бул иш кызыкдар тараптарды тартуу, жергиликтүү коомчулуктардын демилгесине негизделген өнүгүүнү колдоо, ошондой эле экологиялык коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө жана туруктуу экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү аркылуу жүргүзүлөт.