Манас шаарында «Демилге» Жаштар борбору ачылды — билим алуу, чыгармачылык жана өнүгүү үчүн жаңы мейкиндик

Манас шаары, 2026-жылдын 4-июну - Бүгүн Манас шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Манас шаарынын мэриясынын, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрүнүн катышуусунда «Демилге» Жаштар борборунун расмий ачылышы өттү.

2026-ж., 4-June

«Демилге» Жаштар борбору Манас шаарынын мэриясы тарабынан БУУӨП менен өнөктөштүктө, Россия Федерациясынын каржылык колдоосунда түзүлдү. Бул демилге Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашырууга өбөлгө түзөт. Аталган программада жаштарды өнүктүрүү, жумуш менен камсыз кылуу жана адамдык капитал аймактардын туруктуу өсүшүнүн негизги факторлору катары аныкталган. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев өз сөзүндө борбордун ишмердүүлүгү жаштардын билим алуусуна, лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө, ишкердик көндүмдөрүн калыптандырууга жана жарандык активдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгиледи. Ошондой эле борбор жаштарды өз жамааттарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө активдүү тартууга, алардын демилгелерин колдоого жана ишке ашырууга шарт түзөрүн айтты. 

Борбор «Билим берүү үйү» («Дом просвещения») имаратында жайгашкан жана аянты 475,5 чарчы метрди түзөт. Анын ишмердүүлүгү билим алууга, лидерлик сапаттарды, ишкердикти, жарандык катышууну өнүктүрүүгө жана жаштарды өз жамааттарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жигердүү тартууга шарт түзүүгө багытталган. Ошондой эле, борбор мамлекеттик жаштар саясатына ылайык жаштардын демилгелерин иштеп чыгууну жана ишке ашырууну колдойт. 

Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов жаңы борбордун ачылышы менен куттуктап, анын жаштар үчүн билимдин, жаңы идеялардын жана демилгелердин очогу болушуна тилектештигин билдирди. Ошондой эле бул борбор жаштардын экинчи үйүнө айланып, жаңы идеялардын, креативдүү долбоорлордун жана достуктун борбору болушуна тилектештигин кошумчалады. 

Манас шаарынын мэриясы борбор үчүн имарат бөлүп берип, жабдууларды жана эмеректерди сатып алууга болжол менен 11 миң АКШ долларын бөлдү. Россия Федерациясы тарабынан каржыланган долбоордун салымы 122 623 АКШ долларын түздү. Бул каражаттар имаратты оңдоп-түзөөгө, ошондой эле керектүү жабдууларды жана эмеректерди сатып алууга багытталды. 

“Россия Федерациясынын Элчисинин тапшырмасы боюнча РФ көмөгү менен каржыланган БУУӨПтүн жаштар борборунун ачылышына катышып жатканыма абдан кубанычтамын. Жаштар борборунун ачылышы Ош шаарынын жана облустун ар тараптуу өнүгүүсүнө салым кошот деп терең ишенем. Россия мындан ары да БУУ линиясы боюнча каржылык жана башка жардамдарды көрсөтүүгө даяр”
- Россия Федерациясынын Башкы консулу Роман Свистин.

Борбор билим берүү курстарын, санариптик көндүмдөр менен ишкердикти өнүктүрүү программаларын, маданий иш-чараларды, жаштардын демилгелерин жана коомдук иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкталып жабдылган. Ал жаштар менен жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы диалог аянтчасына айланып, социалдык биримдикти, жарандык активдүүлүктү чыңдоого жана инновацияларды өнүктүрүүгө көмөктөшөт. 

“Жаштарды жумуш менен камсыз кылуу, билим берүү, ишкердик жана жаштардын коомдук турмушка катышуусун өнүктүрүү — аймакты туруктуу өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыгы болуп саналат. „Демилге“ Жаштар борбору адамдык капиталды, санариптик жана кесиптик көндүмдөрдү, ошондой эле жаштардын ишкердигин өнүктүрүү үчүн заманбап мейкиндикти түзүү менен бул милдеттерди аткарууга багытталган. Мындай демилгелер Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук артыкчылыктарын ишке ашырууга түздөн-түз салым кошот”,
— деп белгиледи БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева.
Photo: woman speaker at a wooden podium outdoors, blue-white balloon arch and banner with Russian flag.

БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева

БУУӨП Кыргызстан

Манас шаарындагы Жаштар борбору бүткүл өлкө боюнча жаштардын билим алуу, жумушка орношуу, ишкердик жана жарандык катышуу чөйрөлөрүндө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн улуттук жана жергиликтүү бийлик органдары менен өнөктөштүктө БУУӨПтүн колдоосу астында түзүлгөн 20 жаштар борборунан турган улуттук тармактын бир бөлүгү болуп саналат.