Жашыл экономикалык трансформация жана инклюзивдик өнүгүү

Кыргызстандагы БУУӨП туруктуу, инклюзивдик жана гендердик талаптарга жооп берген, өнүгүүгө багытталган саясатка жана экономикалык өсүш үчүн жоопкерчиликтүү институттарга басым жасайт. Аялдар жана жаштар үчүн экономикалык өндүрүмдүүлүктү жана сооданы жогорулатуу максаты -  жашыл ишкердик жана инвестициялык чөйрө, жеке сектор менен өнөктөштүктө колдоого алынат. Туруктуу жана инклюзивдик экономикалык өсүү кластерибиз Кыргызстанды макродеңгээлде (саясат боюнча сунуштар), микродеңгээлде да (жалпы элдик ишмердүүлүк) колдойт.

Биз Кыргызстандын өкмөтү тарабынан белгиленген приоритеттүү маселелерди колдоп, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдогон саясатты жана стратегияларды иштеп чыгууга, ишке ашырууга көмөк көрсөтүп келебиз. Программа ушул максатта саясатчыларга фактыларга, аргументтерге негизделген чечимдерди кабыл алууга жардам берүү үчүн аналитикалык иштерди жүргүзүп келет.

Баардык

программанын иш-чаралары туруктуу жашоого жетишүү үчүн аялдарга, жаштарга, аз сандагы улуттардын өкүлдөрүнө  жана майыптарга артыкчылык берет.