Мамлекеттик башкаруу жана социалдык биримдик

БУУӨП Кыргызстанга институционалдык реформаларды жүргүзүүдө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутумунун, шайланган өкүлдөрүнүн, кызмат адамдарынын жана жамааттардын отчеттуулугун, жоопкерчилигин камсыз кылуу үчүн башкаруунун мыкты тажрыйбасын бекемдөөдө колдоо көрсөтүүдө. Максаты — адилеттүү жана туруктуу адамдык өнүгүүнү мамлекеттик пландардын жана саясаттын ажырагыс бөлүгү кылууга көмөк көрсөтүү. БУУӨП ошондой эле, социалдык, экономикалык жана саясий чөйрөлөрдөгү негизги тоскоолдуктарды жоюу аркылуу калктын аярлуу топтору: жаштар, аялдар жана жакыр катмарлар үчүн сот адилеттигине жетүүнү кеңейтүүгө умтулат.

БУУӨП БУУнун башка уюмдары жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрү, анын ичинде Европа Биримдиги, Япония, Швейцария, Финляндия, Россия Федерациясы, Германия, БУУнун Тынчтык орнотуу фонду жана INL менен биргеликте өлкөгө акыркы жетишкендиктерди бекемдөөгө жана тынчтыкты, адилеттүүлүктү жана мыйзам үстөмдүгүн илгерилетүүдө колдоо көрсөтөт. Жардам жарандардын мыйзам үстөмдүгү жана адилеттүүлүк, натыйжалуу кызматтар жана өнүгүү боюнча күтүүлөрүнө жооп берүү үчүн институттардын отчеттуулугуна, ачык-айкындуулугуна жана натыйжалуулугуна багытталат.