Чек арасыз тарых баяны: Юридикалык көмөк Сайорага кызынын укугун коргоого жана келечекке ишеним табууга кантип жардам берди
2026-ж., 25-June
Сайора (аты өзгөрүлгөн) Өзбекстанда туулган, бирок өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн Кыргызстанда өткөрүп, узак жылдар бою өздүгүн тастыктоочу документтери жок жашап келген. Бир нече жыл мурун үй-бүлө курган, бирок расмий документтери жок болгондуктан, жубайлар никесин мыйзамдуу каттата алышкан эмес. Алардын ортосунда кыздуу болушуп, бирок көп өтпөй ажырашып кетишкен. Сайора эки жашар наристесинин укуктарын коргоо зарылчылыгына туш болгон. Кызынын атасы менен ажырашкандан кийин, ал баласы менен жалгыз калып, эч кандай каржылык колдоосуз калган. Сайора көптөн күткөн Кыргызстандын жарандыгын 2025-жылы гана алгандыктан, кызы төрөлгөн учурда документ көйгөйлөрүнөн улам баланын туулгандыгын өз убагында каттатып, ага тиешелүү документтерди ала алган эмес.
Сайоранын окуясы Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арага жакын аймактарында жашаган көптөгөн тургундар туш болгон көйгөйлөрдү чагылдырат. Татаал миграциялык жагдайлар, керектүү документтердин жоктугу же чек ара аралык үй-бүлөлүк шарттардан улам адамдар укуктук белгисиздикке кабылып, натыйжада социалдык жана экономикалык жактан аялуу абалда калышат.
Мындай маселелерди чечүү үчүн БУУнун Тынчтыкты куруу фонду (PBF) тарабынан колдоого алынган жана өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашырылып жаткан долбоор укуктук көйгөйлөрдү чечүүгө муктаж болгон адамдарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүп келет. Жер-жерлерде бул иштерди квалификациялуу юристтери аркылуу комплекстүү укуктук колдоо көрсөтүү жана татаал иштерди чечүү менен “Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери” коомдук бирикмеси ишке ашырууда.
Сайоранын окуясы долбоордун юристтери пилоттук райондордо колго алган эң биринчи иштердин бири болду. Юристтер ишти алгач Сайоранын кызынын укуктук макамын аныктоодон башташты. Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик органдарынын ортосундагы тыгыз кызматташтыктын натыйжасында керектүү маалыматтар тастыкталып, Кыргызстандын калкты каттоо органдарында наристенин туулгандыгы мамлекеттик каттоодон өткөрүлдү жана балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алынды. Бул наристе үчүн расмий укуктук макамга ээ болуу, медициналык кызматтардан, социалдык коргоодон жана башка мамлекеттик кепилдиктерден пайдалануу мүмкүнчүлүгүн ачты.
Бирок Сайора үчүн эң маанилүү этап — ажырашкандан кийин өзүнүн энелик укуктарын жана кызынын кызыкчылыктарын коргоо болду. Жубайлардын ортосунда расмий никенин жоктугу кырдаалды ого бетер татаалдаштырган. Бул чек ара аралык никелерде көп кездешкен жана аялдарды аялуу абалга кептеген негизги факторлордун бири болуп саналат.
Долбоордун юристтери аялга толук юридикалык колдоо көрсөтүп, керектүү документтерди даярдоого көмөктөшүштү. Нике катталбаган учурларда талап кылынгандай, аталыкты аныктоо процессинен өтүп, баланын укуктарын коргоо үчүн сотко кайрылышты.
Юристтер Сайора менен анын баласынын кызыкчылыктарын коргогон соттук териштирүүнүн жыйынтыгында, атасынан алимент өндүрүү, ошондой эле балага кошумча материалдык жардам көрсөтүү тууралуу соттун чечими чыкты. Ошентип, долбоордун юристтери эне менен баланын укуктарын мыйзамдуу бекемдөөгө гана эмес, экинчи ата-эненин да мыйзам чегинде баланы багуу жана тарбиялоого катышуусун камсыз кылууга жардам беришти.
Бул чечим Сайора жана анын кызы үчүн туруктуулукка жана эртеңки күнгө ишенимдүү кадам шилөөгө өбөлгө түздү.
«Буга чейин мага көйгөйлөрүм эч качан чечилбестей сезилчү жана келечекке ишенимим жок эле. Кызым төрөлүп, жолдошум менен ажырашкандан кийин анын тагдыры үчүн өзгөчө тынчсыздангам. Юристтердин жардамы менен кызыма документ алып, сот аркылуу аны багууга материалдык колдоо ала алдым. Эми кызымдын укуктары мыйзам менен корголгонун жана биз таяна турган колдоо бар экенин билем», — дейт Сайора кубанычы менен бөлүшүп.
Бүгүнкү күндө Сайоранын энелик укуктары мыйзамдуу бекемделип, кызы расмий каттоодон өткөн, ал бардык тиешелүү укуктарга ээ жана сот тарабынан белгиленген материалдык камсыздоону алууда.
Сайоранын тагдыры өз убагында көрсөтүлгөн юридикалык жардам адамдардын жашоосун жакшы жакка өзгөртө аларын айгинелейт. Долбоордун колдоосу менен юристтер аялдын энелик укуктарын коргоп эле калбастан, баланын укуктарынын корголушун камсыз кылышты. Бул алардын туруктуу жана коопсуз келечегине бекем негиз болду.
Бул демилге айрым инсандарга жардам берүү менен бирге, БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун кеңири максаттарына жетүүгө, анын ичинде социалдык биримдикти чыңдоого, укуктук жактан көмүскөдө калууга байланыштуу аялуулукту азайтууга жана чек ара аймактарындагы калк менен мамлекеттик институттардын ортосундагы ишенимди бекемдөөгө салым кошот. Сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана калктын эң аялуу катмарынын укуктарын коргоо менен, долбоор Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара аймактарында туруктуу, инклюзивдүү жана ынтымактуу коомчулуктарды калыптандырууга көмөктөшөт.