Диагноздон да маанилүү нерсе

Жаңыл Акбаева медициналык-социалдык экспертиза тармагына практикалык медицинадан — дарыгер-нефролог кесибинен келген. Ал буга чейин эле бул жумушту ден соолукту жөн гана баалоо эмес, адамга өз укуктарын ишке ашырууга жардам берүүнүн бир жолу катары көрчү.

2026-ж., 21-July
Photograph of an older woman in a yellow blouse with hands clasped at a conference table.

Жаңыл Акбаева

БУУӨП Кыргызстан

“Мен үчүн бул,  ооруган адамдын ден соолугунун абалын баалоо гана эмес, анын социалдык коргоого жана реабилитацияга болгон укуктарын ишке ашырууга максималдуу түрдө көмөктөшүү эле”. 

Кесипке болгон берилгендиги, милдет сезими жана бул жумуштун жарандар үчүн да, мамлекет үчүн да канчалык маанилүү экенин терең түшүнүүсү кармап турат. Анын артында 2015-жылдан 2023-жылга чейин өзү жетектеген Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борбору жана көп жылдык окутуучулук ишмердүүлүгү турат. Бүгүн ал эксперт-тренер катары өз тажрыйбасын өлкө боюнча кесиптештерине өткөрүп берүүдө. 

Эң татаал багыттардын бири — эркиндигинен ажыратуу жайлардагы жазасын өтөп жаткан адамдар үчүн медициналык-социалдык экспертиза жүргүзүү маселеси болду. 

“Бул маселеге абдан узак жол менен келдик, көптөгөн макул жана каршы пикирлер болду... Бул чечимдин кабыл алынышынын маанилүүлүгүн түшүнүүнүн натыйжасы болду окшойт: эркиндигинен ажыратуу жайлардагы адамдар дагы, баарыбыз сыяктуу эле, объективдүү күбөлөндүрүүдөн өтүүгө жана мамлекеттик кепилдиктерге ээ болууга укуктуу”. 

Мурда мыйзамдарда жарандардын бул категориясы үчүн медициналык-социалдык экспертиза жүргүзүүнүн механизми каралган эмес. Ушундан улам, эркиндигинен ажыратуу жайлардагы адамдар иш жүзүндө экспертизадан өтө албай, майыптыкты каттатып, өздөрүнө тиешелүү социалдык укуктардан пайдалана алышкан эмес. 

“Эркиндигинен ажыратуу жайлардагы адамдар Кыргыз Республикасынын жарандары бойдон калышат жана башкалар менен тең конституциялык укуктарга ээ», — деп баса белгилейт Жаңыл Акбаева. 

Дал ушул себептен, мындай шарттардагы экспертизанын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен бирдиктүү тартип иштелип чыккан. Жаза өтөө учурунда майыптыкты аныктоо зарыл болгон медициналык жардамга, дарыланууга жана реабилитацияга жол ачат. Ошондой эле камакта кармоонун өзгөчө шарттарына, реабилитациянын техникалык каражаттарына жана мыйзамда каралган социалдык кепилдиктерге негиз болуп берет. Бошотулгандан кийин бул статус пенсия же жөлөк пул алууга, медициналык жана социалдык реабилитацияга, техникалык каражаттар менен камсыздоого жана коомго аралашып, адаптацияланууга көмөк көрсөтүүгө укук берет. 

Бул механизм жаза аткаруу мекемелеринин медициналык кызматтары менен медициналык-социалдык экспертизанын өз ара кызматташуусуна негизделген: дарыгерлер текшерүү жүргүзүп, документтерди даярдашат, ал эми МСЭК (Медициналык-социалдык эксперттик комиссия) адистери белгиленген тартипте чечим кабыл алышат. Объективдүүлүктү коллегиалдуулук, ар бир процедураны документтештирүү, ошондой эле купуялуулук жана дискриминацияга жол бербөө принциптери камсыз кылат. 

Photograph of a woman in a yellow shirt gesturing during a presentation in front of a slide.

Жаңыл Акбаева

БУУӨП Кыргызстан

Өлкө боюнча эксперт-дарыгерлер жаңы нормаларды ишенимдүү жана бирдей колдоно алышы үчүн, алар үчүн атайын окутуулар уюштурулду. Бул окутуулар жаранды майыптыгы бар адам деп таануу жөнүндө жобону колдонуу, экспертизанын кадамдык алгоритми, кесиптик этика жана укук колдонуу маселелерин камтыйт. Өз билими менен бөлүшүп жаткандардын арасында Жаңыл Акбаева өзү да бар. 

Анын баамында, БУУнун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) бул механизмди иштеп чыгууда эксперттик, консультациялык жана техникалык колдоо көрсөткөн. Бул эл аралык стандарттарды эске алууга жана укуктарды урматтаган кыйла натыйжалуу тартипти түзүүгө көмөктөштү. Мындай колдоо, анын айтымында, заманбап эл аралык тажрыйбага таянууга жана улуттук системаны адилеттүү, ачык-айкын жана бардыгы үчүн, анын ичинде калктын аялуу катмары үчүн жеткиликтүү кылууга мүмкүндүк берет. 

Кыргыз Республикасы БУУнун Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө конвенциясын ратификациялап жана «Жеткиликтүү өлкө» мамлекеттик программасын ишке ашыруу менен, 2030-жылга чейинки Кыргыз Республикасынын Улуттук өнүгүү программасында белгиленген улуттук артыкчылыктардын нугунда майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо тутумун ырааттуу түрдө бекемдеп келет. БУУӨП Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине жана Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборуна бул милдеттенмелерди аткарууда мыйзамдарды өркүндөтүү, мамлекеттик институттардын потенциалын чыңдоо жана адистердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү аркылуу көмөк көрсөтөт. 

Жумуш уланууда. Алдыда — жаңы процедуралардын колдонулушуна мониторинг жүргүзүү, адистердин квалификациясын жогорулатуу жана системаны дагы да ачык-айкын кыла турган республикалык майыптуулук реестрин түзүү милдеттери турат. 

“Адамдар үчүн бул — биринчи кезекте, эркиндикте же эркиндигинен ажыратылгандыгына карабастан, өздөрүнүн мыйзамдуу укуктарына жетүү мүмкүнчүлүгү... Система үчүн — ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн ачык-айкын, жеткиликтүү, бирдиктүү жана натыйжалуу механизмин түзүү... Жеке мен үчүн бул жөн гана жумуш эмес, бул кесиптик жоопкерчиликтин дагы бир тажрыйбасы жана ушул социалдык маселени чечүүгө салым кошуу мүмкүнчүлүгү». 

“Адистердин белгиленген тартипти так сактоосу, ал эми коомдун муну кыйла адилеттүү жана гумандуу системага кадам катары кабыл алуусу абдан маанилүү. Бул жерде кеп жарандын негизги укуктарын коргоо жана ар бир адамга адилеттүү мамиле кылуу жөнүндө болуп жатканын түшүнүү зарыл”. 

Бул материал БУУӨПтүн жана Финляндиянын ТИМинин “Кыргыз Республикасында адам укуктарын жана сот адилеттигине бирдей жеткиликтүүлүктү күчөтүү” долбоорунун алкагында даярдалды.