“Көп жылдар бою мен эки өлкөнүн ортосунда калгандай сезимде жашап, эч жерде өз укуктарымды толук ишке ашыра албай келдим. Паспорт алуу – жаңы жашоонун башталышы болду”, — дейт Райхон (аты өзгөрүлгөн).
Ийгилик баяны: Укуктук статуска, үй-бүлөлүк биримдикке жана жаңы мүмкүнчүлүктөргө карай жол
2026-ж., 13-July
Ал 1994-жылы Өзбекстанда төрөлүп, жаш кезинде ата-энеси менен Кыргызстанга көчүп келген. Жашы жеткенде колундагы жалгыз туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен кыргыз паспортун ала алган эмес, анткени ал туулган жери боюнча Өзбекстандын жараны катары таанылышы керек эле.
Райхон ушундай абалда Кыргызстанда көп убакыт жашап, бул анын мыйзамдуу жумушка орношуусуна, мамлекеттик кызматтарды алуусуна жана социалдык колдоонун айрым чараларынан пайдалануусуна тоскоолдуктарды жараткан. Ал Кыргызстандын жаранына турмушка чыкканда да, жубайлар никесин расмий каттата алышкан эмес, бул кийин балдарынын туулгандыгын каттоодо да кыйынчылыктарды жараткан.
Мындай учурлар чек ара аймактарындагы калктын аялуу топторунун кеңири жайылган көйгөйүн чагылдырат. Анда жарандык каттоонун же тастыкталган укуктук статустун жоктугу социалдык четтетүү тобокелдигине жана негизги укуктарга жетүүнүн чектелишине алып келет.
БУУнун Тынчтыкты куруу фонду жана БУУӨП Кыргыз Республикасынын социалдык ынтымакты чыңдоо, чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү жана мамлекеттик кызматтарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү боюнча аракеттерин колдойт. Долбоордун алкагында укуктук жактан белгисиз абалда калган адамдарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Бул жардамга юридикалык кеңеш берүү, документтерди калыбына келтирүү жана Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик органдары менен биргеликте иштерди коштоп жүрүү кирет.
Иштин негизги элементи – ведомстволор аралык жана чек ара аралык кызматташуу болуп саналат. Бул өздүгүн тастыктоо, расмий маалымат алмашуу жана тиешелүү мамлекеттик жана консулдук мекемелер аркылуу зарыл документтерди тариздөө менен байланышкан татаал учурларды чечүүгө мүмкүндүк берет.
Ушул колдоонун, тагыраагы, ишине көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык коштоонун аркасында Райхон Өзбекстандын жергиликтүү консулдугу аркылуу Өзбекстандын жарандыгына таандык экендигин тастыктаган документ алып, жол жүрүү документин жасатып, Өзбекстанга барып, 20 жылдан кийин туугандары менен кайрадан жоолукту. Эң негизгиси, ушул жылдын март айында көптөн күткөн улуттук паспортун алып, Өзбекстанга кайтып келген.
Андан ары ал долбоордун юристтеринин жардамы менен үй-бүлөсүнүн статусун мыйзамдаштыруу процессин, анын ичинде никесин каттоо жана балдарынын документтерин тариздөө иштерин ийгиликтүү аяктаган.
Райхондун окуясы өз убагында көрсөтүлгөн юридикалык жардам жана эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын координациясы татаал турмуштук кырдаалдардын туруктуу чечимдерин табууга кантип жардам берерин көрсөтүп турат.
Жеке учурлардан тышкары, бул демилге БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун кеңири максаттарына жетүүгө, анын ичинде социалдык ынтымакты чыңдоого, укуктук белгисиздикке байланыштуу аялуулукту азайтууга жана чек ара аймактарында мамлекеттик институттарга болгон ишенимди жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү аркылуу адамдарды колдоо менен, долбоор укуктарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, социалдык интеграцияны чыңдоого жана Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара аймактарында кыйла туруктуу жана ынтымактуу коомчулуктарды калыптандырууга салым кошот.