БУУӨП медициналык препараттарды үзгүлтүксүз жеткирүү үчүн Республикалык психиатрия жана наркология борборуна автотранспорт өткөрүп берди

2026-жылдын 23-июлу – Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Республикалык психиатрия жана наркология борборуна (РПНБ) Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы бейтаптарга дары-дармектерди жеткирүү үчүн заманбап, жол тандабас пикап унаасын өткөрүп берди.

2026-ж., 23-July

Автоунааны өткөрүп берүү РПНБда болуп өттү. Бул иш-чара Бишкек шаары менен Чүй облусундагы калктын аялуу катмарынын өкүлдөрүн – опиоиддик көз карандылыгы бар адамдарды – өмүрлүк мааниге ээ медициналык кызмат көрсөтүүлөр жана дары-дармектер менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга багытталган. 

БУУӨП Глобалдык фонд (ГФ) менен биргеликте Кыргыз Республикасында баңгизат колдонгон адамдардын арасында АИВ-инфекциясынын алдын алуунун эң натыйжалуу жана илимий жактан далилденген ыкмасы катары зыянды азайтуу программаларын көп жылдардан бери колдоп келет. Автоунааны өткөрүп берүү – программаларды башкарууну мамлекеттик медициналык мекемелерге этап-этабы менен өткөрүп берүү боюнча системалуу иштин бир бөлүгү. РПНБнын автопаркын чыңдоо менен, БУУӨП/ГФ мамлекетке өзүнүн туруктуу саламаттыкты сактоо инфраструктурасын өнүктүрүүгө көмөктөшөт. 

«Биздин борбор үчүн бул унаа – чыдамсыздык менен күтүлгөн жана өзгөчө маанилүү жардам. Биздин программалардын өзгөчөлүгү дары-дармектерди сайттарга жеткирүү графиктерин так сактоону талап кылат. Бул унаа Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча каттамдарды оптималдаштырууга жана бейтаптарыбызга дарылар өз убагында жана толук көлөмдө жеткирилерине кепилдик берүүгө мүмкүндүк берет», - деп белгиледи Республикалык психиатрия жана наркология борборунун директорунун милдетин аткаруучу Ж.А.Ажибеков. 

Опиоиддердин агонисттери менен колдоочу терапияны (ОАКТ) алган кардарлар дарыларды күн сайын кабыл алууга муктаж. Сайттарга дары-дармектерди жеткирүүдө бир аз эле мүчүлүштүк болсо, бул дарылоонун үзгүлтүккө учурашына, ден соолуктун начарлашына жана көчө баңгизаттарын кайра колдонууга алып келиши мүмкүн. Бул болсо АИВ инфекциясын жуктуруп алуу коркунучун кескин жогорулатат. Программалык сайттар Бишкек шаарынын бардык аймактарында жана Чүй облусунун алыскы райондорунда жайгашкандыктан, жаңы ыкчам пикап унаасы каалагандай аба ырайында жана ар кандай жол шарттарында дары-дармектерди жана керектелүүчү материалдарды экспресс-жеткирүүнү ишке ашырууга шарт түзөт. 

Автоунаа ташуу учурунда өзгөчө коопсуздук чараларын талап кылган ОАКТ үчүн көзөмөлгө алынган дары-дармек каражаттарын, ошондой эле кошумча материалдарды – стакандарды, презервативдерди, АИВке экспресс-тесттерди жана башкаларды ташуу үчүн колдонулат. 

«Биздин башкы милдетибиз – жашоо шарттарына карабастан, ар бир адамга сапаттуу медициналык жана алдын алуу кызматтарынын жеткиликтүү болушун камсыз кылуу. Дары-дармектерди өз убагында жеткирүү – үзгүлтүксүз дарылоонун негизи. Жаңы унаа Республикалык психиатрия жана наркология борборуна логистикалык маселелерди ыкчам чечүүгө, өмүрлөрдү сактап калууга жана Бишкек шаарында жана Чүй облусунда АИВ инфекциясынын жайылышын алдын алууга жардам берет», - деп баса белгиледи БУУӨПтүн долбоордук менеджери Андрей Абрамюк. 

Автотранспортту өткөрүп берүү СПИДге, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонд тарабынан каржыланган БУУӨПтун «Кыргыз Республикасында АИЖВны жана КУну натыйжалуу көзөмөлдөө» долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.