Бизнес жана адам укуктары

Долбоордун аталышы:

Адамдын укуктары боюнча талаптагыдай дыкаттыкты илгерилетүүгө өзгөчө басым жасоо аркылуу япон компаниялары иштеп жаткан максаттуу өлкөлөрдө жеткирип берүүлөрдүн глобалдык чынжырчаларында бизнести жооптуу жүргүзүүнү алга илгерилетүү жана адамдын укуктары жаатында адилеттүү калыбына келтирүү үчүн БУУнун ишкердиктин жетектөөчү принциптерин пайдалануу: (Б+АУ)

 

Долбоордун баяндамасы:

2030-жылга чейинки мезгилге Күн тартибинде белгиленген Туруктуу өнүктүрүүнүн 17 максатына (ТӨМ) жетишүү, Париж макулдашуусунда коюлган милдеттерди аткаруу жана адамдын укуктарына зыян келтирбеген Ковид-19дан кийин «адилеттүү калыбына келтирүүнү» камсыз кылуу мүчө мамлекеттер жана бизнес тарабынан макулдашылган жана шашылыш аракеттерди талап кылат.

Ата-мекендик жооптуу иштиктүү практикага көмөктөшүү максатында БУУнун адам укуктарынын жаатындагы ишкердиктин жетектөөчү принциптерин (БУУЖП) ишканалардан адам укуктары жаатында талаптагыдай дыкаттыкты жүргүзүүнү (АУТД): адамдарга жана айлана чөйрөгө жагымсыз таасирди табууну, четтетүүнү жана жеңилдетүүнү, ошонун өзү менен аларга потенциалдуу жана иш жүзүндөгү тобокелдиктерди башкарууга жардам берүүнү талап кылат.

Бул милдеттенме жетектөөчү өлкөлөрдө, анын ичинде Германияда, Францияда, Австралияда жана Норвегияда мыйзамдык негизде милдеттүү болуп калды жана, кыязы, ЕБда кабыл алынат.

Ошентип, япондук жана башка компанияларда АУТД жүргүзүү үчүн күчтүү стимул бар. Атап айтканда: эгерде алар муну жасабаса, анда алар ЕБнын рынокторуна жана башка ири рынокторго жеткиликтүүлүктөн ажырап, кадыр-барк жана укуктук жактан тобокелдикке кабылышы мүмкүн. Тескерисинче, ийгилик болсо, алар (жана алардын жеткирип берүүчүлөрү) өздөрү иштеп жаткан өлкөлөрдө ата-мекендик бизнести кубаттай турган «бирдей шарттарды» түзүүгө алып баруучу мыйзамдарды кабыл алууга дем бериши мүмкүн. Бул логика Б+АУ глобалдык долбоорунун негизинде турат жана төмөнкүлөрдөн көрүнүп турат:

Б+АУ глобалдык долбоорунун натыйжасы катары япон компанияларынын атаандаштыкка кудуреттүүлүгү сактоо менен экономиканы адилеттүү калыбына келтирүүгө көмөктөшүү болуп саналат. Адам укуктары жаатында талаптагыдай дыкаттыкты жүргүзүү боюнча улуттук бийлик органдардын, япон ишканаларынын, ташып берүүчүлөрдүн жана өнөктөштөрдүн жөндөмүн жана түшүнүктөрүн жакшыртуу аркылуу бул долбоор Японияда жана максаттуу өлкөлөрдө жооптуу иштиктүү практиканы чыңдоого көмөктөшөт.

Долбоордун төмөнкүдөй эки натыйжасы бар

1-натыйжа: Япон компаниялары, алардын ташып берүүчүлөрү жана өнөктөштөрү атаандаштыкка кудуреттүүлүктү сактоо жана экономиканы адилеттүү калыбына келтирүүнү камсыз кылуу боюнча өзүнүн аракеттеринде наркты түзүүнүн бардык чынжырчаларында адам укуктары жагынан стандарттарды сактоону камсыз кылуу боюнча долбоордон колдоо алат.

1.1-ишмердик: Адам укуктарынын көйгөйлөрү жана тобокелдиктердин тармактык профилдери боюнча деталдуу изилдөөлөр, алар жеткирип берүүлөрдүн чынжырчасы боюнча япон компанияларынын жана өнөктөштөрдүн ишмрдигинин сценарийлерине негизделген.

1.2-ишмердик: Адам укуктары жагынан талаптагыдай дыкаттык боюнча аралаш окуу курстары (веб-курстарды жана ачык курстарды айкалыштыруу).

1.3- ишмердик: Адам укуктарына болгон таасирди баалоону жүргүзүүгө жана алардын конкреттүү өлкөлөрдөгү тынчтыкка жана жаңжалдарга таасирине баа берүүгө кызыкдар болгон айрым компаниялар үчүн колдонмо.

1.4- ишмердик: Пандемиядан кийин экономиканы калыбына келтирүүдө адам укуктарынын стандарттарын сактоону камсыз кылууда компанияларды жетекчилиги үчүн инструментарийди даярдоо.

2- натыйжа: 13 өлкөнүн өкмөтүнө жана башка мамлекеттик органдарына бизнестин жана адам укуктарынын маселелери же ушундай саясат боюнча Аракеттердин Улуттук программаларын иштеп чыгууда же ишке ашырууда колдоо көрсөтүлөт.

2.1- ишмердик: Бизнес үчүн бирдей шарттары бар жоопкерчиликтүү бизнес-чөйрөнү киргизе турган Аракеттердин Улуттук программаларын же ушундай саясатты кабыл алууну пропагандалоо.

2.2- ишмердик: Компаниялардын (анын ичинде япон компанияларынын), алардын жеткирип берүүчүлөрүнүн жана өнөктөштөрүнүн ишинен келип чыккан адам укуктары жагындагы алда канча маанилүү көйгөйлөрдү ЖКУ жана УАУУнун катышуусу менен аныктоо үчүн базалык баа берүүлөрдү иштеп чыгууда техникалык жардам.

2.3- ишмердик: Бизнестин жана адам укуктарынын маселелери боюнча мамлекеттер арасындагы өз ара окутуу мүмкүнчүлүктөрүнө көмөктөшүү, анын ичинде алардын региондук жана ар жылдагы форумдарга катышуу. Мындай иш-чараларды БУУӨП 2016-жылдан тартып Азияда, ошондой эле кийин башка региондордо, анын ичинде Чыгыш Европада өткөрүүдө.

2.4- ишмердик: Аракеттердин улуттук программалары (АУП) кабыл алынган өлкөлөрдө АУПнын мониторингинин механизмдерин өнүктүрүү.

Б+АУ глобалдык долбоору мыйзамдын, адам укуктарынын үстөмдүгүн, сот адилеттигин жана коопсуздукту чыңдоо боюнча БУУӨПтүн глобалдык программасынын IV фазасынын контекстинде ишке ашырылат. Бул мыйзамдын жана адам укуктарынын үстөмдүгү боюнча БУУӨПтүн бүткүл глобалдык ишмердиги үчүн баарын камтыган негиз болуп берет. Чындыгында эле, Глобалдык программанын алкагында БУУӨП «Бизнес жана адам укуктары» демилгесин жүзөгө ашырып жатат. Ал азыркы учурда БУУӨП иштеп жаткан беш региондо ишке ашырылып жатат.  БУУнун жетектөөчү принциптерин аткарууга көмөктөшүү үчүн бүткүл дүйнө жүзү боюнча өкмөттөр жана бизнес менен төмөнкүдөй иш жүргүзүп жатат: аракеттердин улуттук пландарын иштеп чыгуу жана ишке ашырууну колдоо, АУТД жүргүзүү боюнча бизнести колдоо, жаңжалдар болгон аймактарда тынчтыкты куруу боюнча компаниялар менен иштөө жана укуктук коргоо каражаттарын жана жумуш табууда укук бузуулардын курмандыктарын жана ишти колдоо аркылуу

Статус: Активдүү

Башталган дата: 2022-жылдын апрели.

Аяктоонун болжолдонгон датасы: 2023-жылдын апрели (2024-жылга чейин узартуу каралып жатат)

Географиялык камтуу: Кыргыз Республикасы (17 өлкөдөгү жана Япониядагы глобалдык долбоор)

Тематика: Тынчтык, адилеттүүлүк жана күчтүү институттар

Долбоордун координатору: Жеңишбек Арзыматов

Өнөктөр: Кыргыз Республикасынын Экономика жана Коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), Япониянын Элчилиги.

Максаттуу бенефициарлар: коомчулук; жеке жана жарандык коом, Кыргызстандагы Япон компаниялары жана алардын жеткирип берүүлөрүнүн чынжырчалары

Финансылоо булагы: Япониянын Тышкы иштер министрлиги

Бюджет: 300 000 АКШ доллары

 

Active filters: