БУУӨП жана улуттук өнөктөштөр 2023–2027-жылдардагы Өлкөлүк программаны ишке ашыруунун ортолук жыйынтыктарын чыгарышты

2025-ж., 29-April

Бишкек, 28-апрель 2025 – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) 2023–2027-жылдарга карата БУУӨПтүн Өлкөлүк программасынын ишке ашырылышы боюнча ортолук жыйынтыктарды чыгаруу максатында консультация өткөрүштү. 

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар жетишилген жыйынтыктарды, алынган сабактарды талкуулашып, өлкөнүн өзгөрүп жаткан муктаждыктарына жана туруктуу өнүгүү максаттарына ыкчам жооп берүү үчүн алдыдагы жылдардагы артыкчылыктуу багыттарды аныкташты. 

БУУӨПтүн Өлкөлүк программасы Өкмөт, жарандык коом жана эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтыкта иштелип чыгып, Кыргыз Республикасында туруктуу, инклюзивдүү жана адилеттүү өнүгүүгө көмөктөшүүгө багытталган. 

БУУӨПтүн колдоосу түздөн-түз өлкөнүн 2026-жылга чейинки жана 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программаларында белгиленген улуттук артыкчылыктарга шайкеш келет жана Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ), БУУнун Рамкалык стратегиясына жана Өкмөттүн эл аралык милдеттенмелерине толугу  менен дал келет. 

Талкуунун жүрүшүндө кызматташуунун негизги багыттары боюнча жетишилген жыйынтыктар баса белгиленди. Аларга социалдык-экономикалык өнүгүү, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, саламаттыкты сактоо системаларын чыңдоо, санариптик трансформация, климаттын өзгөрүшүнө каршы аракеттенүү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, коомдук туруктуулукту жана социалдык инклюзияны күчөтүү кирет.

Two men seated at a conference table with flowers and a large screen in the background.
БУУӨП / Кыргызстан

Катышуучулар ошондой эле 2025–2027-жылдарга карата кийинки кадамдарды аныкташты жана Улуттук өнүгүү программасында белгиленген стратегиялык багыттар боюнча биргелешип иштөөгө даяр экендиктерин тастыкташты. 

БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева белгиледи: «Бүгүнкү талкуу Кыргыз Республикасы менен болгон бекем өнөктөштүгүбүздү дагы бир жолу ырастайт. Биздин милдет – улуттук институттар менен катарлаш иштеп, техникалык жардам көрсөтүү, ресурстарды мобилизациялоо жана зарыл болгон жерлерде потенциалды күчөтүү,  өнүгүүнүн натыйжаларын ар бир аймакка жана ар бир жамаатка жеткирүү». 

A roundtable discussion in a conference room, featuring five people seated at a table with floral arrangements, and a large screen displaying text and a scenic backdrop.
БУУӨП / Кыргызстан

Бул талкуу БУУӨПтүн 2025-жылы белгиленүүчү 60 жылдык мааракесинин алдында маанилүү этап болуп калды. Бул дата БУУӨПтүн дүйнө жүзү боюнча туруктуу өнүгүүгө берилген туруктуу милдеттенмесин эске салат. 

БУУӨПтүн 2024-жылдагы дүйнөлүк жыйынтыктары өнүгүү жаатындагы кызматташтык олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келип жатканын дагы бир жолу көрсөтүүдө. БУУӨП бакубатчылык, климат, энергетика, табият, туруктуулук, инновациялар жана санариптештирүү тармактарын интеграциялоо аркылуу дүйнөлүк максаттарга жетүүнү тездетүүдө жана ТӨМ менен адамдык өнүгүүнүн көрсөткүчтөрү боюнча олуттуу жылыштарды камсыздап жатат. 

AidData тарабынан жүргүзүлгөн көз карандысыз Listening to Leaders Survey сурамжылоосунун жыйынтыгы боюнча, БУУӨП дүйнө жүзү боюнча 147 өлкөдөн 11 миңден ашык лидерлер тарабынан өнүгүү боюнча эң ишенимдүү өнөктөштөрдүн бири катары бааланган. 

Two people sit at a conference table, one speaking into a microphone, with water glasses nearby.
БУУӨП / Кыргызстан

БУУӨП өзүнүн 2022–2025-жылдарга карата Глобалдык Стратегиялык планын ишке ашырууну баштагандан бери өнөктөштөрү менен биргеликте бир катар олуттуу жыйынтыктарга жетишти. Алардын катарында: 160 миллион адам негизги кызматтарга жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду, ошондой эле мамлекеттик жана жеке булактардан ТӨМгө 867 миллиард АКШ доллары тартылды. БУУӨП ошондой эле 122 өлкөгө эмгек рыногун реформалоого, ишкердикти өнүктүрүүгө, чакан ишканалар үчүн каржылоого жетүүнү кеңейтүүгө жана туруктуу инвестицияларды тартууга ыңгайлуу чөйрөнү түзүүгө көмөктөштү. 

БУУӨП Кыргызстан үчүн ишенимдүү өнөктөш бойдон калууда, өлкөнүн улуттук өнүгүү артыкчылыктарын жана эл аралык милдеттенмелерин колдоп, «эч кимди артта калтырбоо» максатына жетүүгө көмөктөшөт. 

БУУӨП жана Кыргызстандын кызматташтыгы тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн шилтеме: 
https://www.undp.org/ky/kyrgyzstan/publications/undp-kyrgyzstan-annual-report-2024.