Тынчтык бул өнүгүүнүн инвестициясы: Кыргызстан БУУӨП менен биргеликте туруктуулукту кантип бекемдөөдө

Эл аралык тынчтык күнүнө карата

2026-ж., 21-September
Group of people standing in a sunny park with arms raised in celebration.

Аялдардын жана жаштардын инклюзивдүү катышуусу аркылуу тынчтыкты чыңдоого багытталган Өзгөндөгү Аялдар кеңеши

БУУӨП Кыргызстан

Тынчтык жөнөкөй нерседен башталат: коопсуз жашоо жана эмгектенүү, балдарды тарбиялоо, билим алуу, өз жөндөмүн жана дараметин ишке ашыруу, коомдук турмушка катышуу жана келечекке ишеним менен кароо мүмкүнчүлүгүнөн башталат.

Бирок туруктуу тынчтык - бул адамдардын жана жамааттардын ортосундагы айырмачылыктарды тынчтык жолу менен жөнгө сала билүүсү, чечимдерди кабыл алууга катышуусу, өз укуктарын коргой алышы, талаш-тартыштарды диалог аркылуу чечүүсү жана өздөрү жашаган шаарлар менен айылдарды өнүктүрүү үчүн биргелешип аракеттенүүсү.

Кыргыз элинде терең мааниге ээ болгон жөнөкөй накыл сөз бар: «Ырыс алды - ынтымак. Бул макал учурда айтылып жаткан позитивдүү тынчтык түшүнүгү менен үндөшүүдө. Тынчтык жана чыр-чатактарды изилдеген окумуштуу Йохан Галтунг позитивдүү тынчтыкты адилеттүүлүк, ишеним, мүмкүнчүлүктөр, катышуу жана коомдун көйгөйлөрүн биргелешип чечүү жөндөмү менен мүнөздөгөн.

Бүгүн Кыргыз Республикасы жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууга, инклюзивдүү экономикалык өсүштү камсыз кылууга жана социалдык адилеттүүлүктү бекемдөөгө багытталган, 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасында белгиленген узак мөөнөттүү өнүгүү багытын ишке ашырууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) 30 жылдан ашуун убакыттан бери Өкмөткө улуттук артыкчылыктарды ишке ашырууда, институттарды бекемдөөдө жана адамдар менен жамааттар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүдө колдоо көрсөтүп келет. Институттар бекемделип, сот адилеттигине жеткиликтүүлүк кеңейип, аялдар менен жаштар чечим кабыл алууга таасир этүүгө мүмкүнчүлүк алып, ал эми жамааттар диалог жүргүзүүгө жана талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүүгө жөндөмдүү болгондо, туруктуу өнүгүүгө бекем шарттар түзүлөт.

Бул багыттагы жүргүзүлүп жаткан «Аялдар, тынчтык жана коопсуздук», «Жаштар, тынчтык жана коопсуздук» сыяктуу күн тартиптер, адам укуктары, социалдык биримдик жана зомбулукка алып келүүчү экстремизмди алдын алуу Кыргызстандын туруктуу, инклюзивдүү жана адамга багытталган өнүгүүгө жетишүүгө көмөктөшкөн өз ара толуктоочу инструменттер болуп саналат.

Тынчтык — өнүгүүнүн негизи

Глобалдык тынчтык индексине (Global Peace Index) ылайык, 2026-жылы Кыргызстан 163 өлкөнүн ичинен 61-орунду ээледи. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 30 позицияга жогору көрсөткүч.

Бул натыйжаларды бир гана уюмдун же бир гана долбоордун ишмердиги менен байланыштырууга болбойт. Глобалдык тынчтык индекси коомдогу коопсуздук, уланып жаткан чыр-чатактар жана милитаризация сыяктуу бир катар факторлордун жыйындысын чагылдырат. Анын динамикасы Кыргызстанда тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөө боюнча улуттук аракеттер үчүн маанилүү эл аралык контекст болуп саналат.

Тынчтык — өнүгүүнүн гана натыйжасы эмес. Ал өнүгүүнүн уланышына шарт түзгөн негизги фактор.

Кыргызстандагы БУУӨПтүн портфели социалдык биримдикти, жергиликтүү башкарууну, адам укуктарын, сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү, медиацияны, гендердик теңчиликти, жаштардын катышуусун жана адамдык капиталды өнүктүрүүнү бирдиктүү багытта камтыйт.

2023-жылдан бери БУУӨП Кыргызстанда «тынчтыктын инфраструктурасын» — мамлекетке жана жамааттарга диалог жүргүзүүгө, чыр-чатактардын алдын алууга жана чечимдерди биргелешип табууга мүмкүндүк берген институттардын, көндүмдөрдүн жана механизмдердин өз ара байланышкан тутумун — бекемдөөгө колдоо көрсөтүп келет.

Бүгүнкү күндө Коомдук консультативдик кеңештер көп улуттуу 23 райондо иш алып барууда. Ага жалпысынан 347 адам катышып, 31 пайызын аялдар, 35 пайызын этностук азчылыктардын өкүлдөрү түзөт.

Туруктуу тынчтык үчүн адамдардын өнүгүүсүнө жана өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруусуна шарт түзүү маанилүү. Бул адам коопсуздугуна негизделген мамиленин практикалык көрүнүштөрүнүн бири. Бул багытта аялдар менен жаштардын ролу өзгөчө мааниге ээ.

БУУӨП аялдардын жана жаштардын жергиликтүү өнүгүүгө, коомдук консультативдик механизмдерге, медиацияга жана чечим кабыл алуу процесстерине катышуусун колдойт.

Жаштарга жана аялдарга инвестиция — келечекке инвестиция

2025-жылы БУУӨП колдоо көрсөткөн аймактык өнүгүү демилгелери жети облустагы 20 калктуу конушту камтып, анда 1,28 миллиондон ашуун жаштар жашайт. Аймактык жана муниципалдык механизмдер аркылуу жыл сайын болжол менен 12 000–25 000 жаш адам өнүктүрүү программаларына, ишкердик жана жарандык демилгелерге тартылат.

Япония менен өнөктөштүк бул моделдин конкреттүү натыйжаларга алып келерин көрсөтүп турат. 2020-жылдан бери 4 000ден ашуун жаштар ишкердик, жергиликтүү башкаруу жана чыр-чатактардын алдын алуу боюнча билим алышты; 225тен ашуун жумуш орду түзүлүп, жаштардын демилгелерине 325 000 АКШ доллары өлчөмүндө каражат тартылды.

Ошентип, жаштарга жана аялдарга жасалган инвестиция бир эле учурда адамдык капиталга, иш менен камсыз кылууга, аймактык өнүгүүгө, социалдык биримдикке жана коомдун туруктуулугуна инвестиция болуп саналат.

Адилеттүүлүккө жеткиликтүүлүк — туруктуу коомдун негизи

Кыргызстанда БУУӨП Юстиция министрлиги менен биргеликте мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү системасын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүдө.

2025-жылы мындай жардамды 55 235 адам, анын ичинде 27 792 аял алды. Иштердин 70 пайызы аяктаган. Санариптик инструменттер өнүктүрүлүп, 114 ишеним телефону иштеп жатат, юридикалык жардам көрсөтүү тармагы кеңейүүдө жана мобилдик «Ынтымак автобусу» форматы өнүгүүдө.

Финляндия менен узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн алкагында 2024–2028-жылдарга мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгып, санариптик чечимдер киргизилди. Система акырындык менен улуттук каржылоого жана институционалдык туруктуулукка багыт алууда.

2010-жылдан бери БУУнун Тынчтыкты орнотуу фонду Кыргызстанга 50 млн АКШ долларынан ашык инвестиция салып, постконфликттик калыбына келтирүүдөн чыр-чатактардын алдын алууга, социалдык биримдикти жана коомдун туруктуулугун бекемдөөгө өтүүгө колдоо көрсөтүп келет.

Бул колдоонун убакыттын өтүшү менен өзүнчө долбоордун алкагындагы иш-аракеттерден улуттук деңгээлдеги механизмге айланып, долбоордук цикл аяктагандан кийин да ишин уланта алышынын мисалы.

2023-жылдан бери БУУӨП «Данакер» медиаторлор тармагын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүп, диалог маданиятын, пикир келишпестиктерди тынчтык жолу менен чечүүнү жана социалдык биримдикти илгерилетүүгө салым кошууда.

2026-жылы Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасынын уюштуруу съезди болуп өттү. Палатанын түзүлүшү — улуттук кесиптик механизмди калыптандыруу жана аны укуктук системанын курамындагы өз алдынча өнүгүүгө жөндөмдүү институт катары бекемдөө жолундагы дагы бир маанилүү кадам.

БУУӨП өзгөчө институционалдаштырууга, улуттук лидерликке жана натыйжалуу чечимдерди кеңири масштабда жайылтууга көңүл бурат.

Долбоорлор конкреттүү көйгөйлөрдү чечүүгө жардам бере алат. Бирок институттарга инвестиция салуу системанын келечекте ушул сыяктуу көйгөйлөрдү өз алдынча чечүү жөндөмүн бекемдейт.

Тынчтыкка инвестиция — өнүгүүнүн жетишкендиктерин коргоо

Мамлекеттик институттар менен кызматташтыктын натыйжасында:

  • Медиацияга инвестиция салуу сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
  • Жаштарга инвестиция салуу адамдык капиталды, иш менен камсыз кылууну жана коомдун туруктуулугун бекемдейт.
  • Аялдардын катышуусуна инвестиция салуу социалдык биримдикти жана жергиликтүү өнүгүүнүн сапатын күчөтөт.
  • Адам укуктарына инвестиция салуу инклюзивдүүлүктү жана адамдардын мамлекеттик кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.
  • Социалдык биримдикке инвестиция салуу өнүгүүнүн жетишкендиктерин келечектеги соккулардан жана кризистерден коргоого жардам берет.

Эл аралык тынчтык күнү — тынчтыкты өнүгүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган негизги шарт катары кароого мүмкүнчүлүк берген күн.