Улуттар Уюмунун Тынчтыкты куруу фондунун колдоосу менен Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын тургундары чек ара аймактарында ишенимди бекемдеп, кызматташтыкты кеңейтип, туруктуу өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө.
«Кыялымдагы Кыргызстан» фестивалы кызматташтыкты, туризмди жана тынчтыкты өнүктүрүү үчүн чек арага чектеш жамааттардын башын бириктирди
2026-ж., 8-June
2026-жылдын 23-майы — Баткен облусунун Кадамжай районунда Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жаштарын, айымдарын, ишкерлерин, жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүн жана расмий делегацияларын чогулткан «Кыялымдагы Кыргызстан» эл аралык туристтик фестивалы өттү. Бул иш-чара коңшулук мамилелерди чыңдоо, маданияттар аралык диалогду өнүктүрүү жана чек ара аймактарын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди илгерилетүү аянтчасы болуп калды.
Фестиваль БУУнун Тынчтыкты куруу фонду (PBF) тарабынан каржыланып, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП), Эл аралык миграция уюму (ЭАМУ) жана БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (БУУ БКБ) тарабынан ишке ашырылып жаткан биргелешкен долбоордун алкагында уюштурулду. Долбоор Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара аралык кызматташтыкты жана жамааттар аралык социалдык биримдикти чыңдоодо улуттук жана жергиликтүү өнөктөштөрдү колдоого багытталган.
Бул иш-чара Баткен жана Фергана облустарынын ортосундагы биргелешкен кызматташтыктын жол карталарын ишке ашырууга кошулган практикалык салым болуп саналат. Ошондой эле ал Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын коңшулук мамилелерди өнүктүрүүгө, экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана чек ара аймактарында туруктуу тынчтыкты орнотууга болгон жалпы умтулуусун чагылдырат.
Мындан сырткары, фестиваль Кыргыз Республикасынын аймактарды өнүктүрүү, жаштарды колдоо, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана аймактардын туристтик дараметин арттыруу боюнча улуттук артыкчылыктарын ишке ашырууга өбөлгө түзөт. Мындай демилгелер жамааттар ортосундагы кызматташтык менен өз ара ишеним жергиликтүү экономиканын өсүшүнө, калкты жумуш менен камсыз кылууну жогорулатууга жана жашоо сапатын жакшыртууга реалдуу шарттарды түзөөрүн айкын көрсөтүп турат.
БУУӨП үчүн чек ара аймактарын өнүктүрүү туруктуу өнүгүүнү колдоонун маанилүү багыты болуп саналат. Уюм жергиликтүү бийлик органдарына көмөк көрсөтүп келет, ал эми алар өз кезегинде тынчтыкты куруу процесси экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, жергиликтүү потенциалды чыңдоо, ошондой эле жаштар менен аялдарды өнүгүү процесстерине тартуу менен бирге жүрүшүнө шарт түзүшөт. Мындай мамиле тынчтык менен кызматташтыкты жергиликтүү жамааттар үчүн узак мөөнөттүү өнүгүү дивиденддерине айлантууга жардам берет.
Фестивалдын программасы аялдар марафонун, эл аралык палоо фестивалын, тынчтыкты куруу жана кызматташтык маселелери боюнча жаштар диалогун, кол өнөрчүлөрдүн буюмдарынын көргөзмөсүн, этномаданий чыгууларды жана Фергана өрөөнүнүн элдеринин жалпы маданий мурасына арналган гала-концертти камтыды.
Иш-чаранын борбордук окуяларынын бири — Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген жаштардын башын бириктирген жаштар диалогу болду. Анда катышуучулар жалпы көйгөйлөрдү жана кызматташуунун келечегин талкуулашты. Жаштар лидерликти өнүктүрүү, жамааттар ортосундагы ишенимди бекемдөө жана аймактын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзүүчү биргелешкен демилгелерди илгерилетүү боюнча пикир алышты.
Бул иш-чаралар коңшу өлкөлөрдүн жаштары менен жергиликтүү тургундарынын ортосунда маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүгө жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого, ошондой эле жамааттардын мазмундуу баарлашуусуна шарт түздү.
Маданий иш-чаралардан сырткары, фестиваль жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү, кол өнөрчүлөрдү жана чакан бизнес өкүлдөрүн колдоо менен Баткен облусунун экономикалык жана туристтик дараметин көрсөттү, ошондой эле чек ара аралык маданий жана туристтик кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошту. Мындай демилгелер жамааттардын конструктивдүү өз ара аракеттенүүсү, өнөктөштүктү өнүктүрүү жана аймактык мүмкүнчүлүктөрдү биргелешип пайдалануу аркылуу тынчтыктын реалдуу натыйжаларын көрсөтө алат.
БУУӨП, ЭМУ жана БУУ БКБ менен биргеликте Кыргызстандын чек ара аймактарында социалдык биримдикти, инклюзивдик өнүгүүнү жана тынчтык жолундагы чек ара аралык кызматташтыкты чыңдоодо улуттук жана жергиликтүү өнөктөштөрдү колдоону улантууда.