Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын медиаторлор палатасынын Уюштуруу съезди өттү

2026-жылдын 14-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын медиаторлор палатасынын Уюштуруу съезди болуп өттү.

2026-ж., 14-March
Photograph: four professionals in business attire pose in front of a teal conference banner with logos.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын «Медиация жөнүндө» Мыйзамынын 36-беренесин аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан Республикалык Медиаторлордун коомчулугу менен биргеликте уюштурулду. Съезд Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, ошондой эле медиация институтун өнүктүрүүгө көмөк көрсөткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен өткөрүлдү. 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ар кайсы аймактарынан келген медиаторлор, Түркия, Казакстан, Азербайжан жана Өзбекстандын медиаторлорунун кесиптик коомчулуктарынын өкүлдөрү, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. 

Уюштуруу съездин өткөрүүгө даярдык Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 211 буйругуна ылайык түзүлгөн уюштуруу комитети тарабынан жүргүзүлдү. 

«БУУӨП Кыргыз Республикасынын сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү кеңейтүү боюнча, анын ичинде өлкөнүн заманбап укуктук тутумун өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болгон Медиаторлор палатасын түзүү жаатындагы аракеттерин кубаттайт. Кыргызстандын Сингапур конвенциясына кошулуусу да медиацияны талаш-тартыштарды чечүүнүн натыйжалуу жана адамга багытталган механизми катары өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул аракеттер Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасында каралган улуттук реформалар менен түздөн-түз шайкеш келет»,

 — деп белгиледи БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү Александра Соловьева. 

Медиация институтун өнүктүрүү Кыргызстандын сот адилеттигине жетүүнү кеңейтүү жана талаш-тартыштарды чечүүнүн альтернативалуу механизмдерин киргизүү боюнча аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат. БУУӨП Кыргызстанда медиациялык ыкмаларды колдоо боюнча практикалык тажрыйбага ээ. 2023-жылдан тартып БУУӨП жергиликтүү деңгээлде диалог маданиятын илгерилетүүгө, пикир келишпестиктерди тынчтык жолу менен жөнгө салууга жана социалдык биримдикти бекемдөөгө багытталган «Данакер» медиаторлор тармагын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүп келет. 

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Медиациянын натыйжасында жетишилген эл аралык жарашуу макулдашуулары жөнүндө БУУнун Конвенциясына (Сингапур конвенциясы) кошулуу маселеси да талкууланды. 

«Медиацияны өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам Кыргыз Республикасынын Медиациянын натыйжасында жетишилген эл аралык жарашуу макулдашуулары жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Конвенциясына, кеңири белгилүү аталышы менен Медиация боюнча Сингапур конвенциясына кошулуусу болду. Бул эл аралык жана коммерциялык медиацияны өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, инвесторлордун ишенимин бекемдейт жана медиациялык макулдашуулардын эл аралык деңгээлде таанылышына өбөлгө түзөт», 

— деп белгиледи юстиция министринин орун басары Кубан Казаков. 

Мындан тышкары, Түркия, Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстандан келген медиаторлор «Медиатордун кесиптик ишмердүүлүгүндөгү заманбап чакырыктар» деген темада панелдик талкуу өткөрүштү. 

Уюштуруу курултайынын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын медиаторлор палатасы түзүлүп, уюштуруу документтери бекитилип, Палатанын башкаруу органдарынын жеке курамы аныкталды. 

Уюштуруу съездин өткөрүү Кыргыз Республикасында медиацияны институционалдык өнүктүрүүнүн маанилүү этабы болуп калды жана талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салуу тажрыйбасын кеңейтүүгө, укуктук маданиятты бекемдөөгө жана чыр-чатактарды чечүүнүн альтернативалуу механизмдеринин жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшөт.