БУУӨП Жалал-Абад облусунун администрациясы менен биргеликте трансчек аралык экономикалык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө көмөктөшүүдө
2025-ж., 6-November
БУУӨПтүн «Соодага көмөктөшүү» долбоорунун бенефициары форумдун көргөзмөсүндө өз продукциясын сунуштайт
Манас, 6-ноябрь 2025 – Манас шаарында Борбордук Азия өлкөлөрү менен башка мамлекеттердин ортосундагы экономикалык өнөктөштүктү чыңдоого багытталган «Манас Экспо – 2025» аттуу кызматташтыкты, трансчек аралык сооданы жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча Эл аралык форум болуп өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты жана Региондук инвестициялык кеңеш тарабынан БУУнун Өнүктүрүү Программасынын (БУУӨП), Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ), Бакай Банктын жана башка улуттук өнөктөштөрдүн колдоосу менен уюштурулду.
Форум Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана башка өлкөлөрдүн мамлекеттик түзүмдөрүнүн, эл аралык уюмдардын, бизнес ассоциациялардын жана ишкерлердин өкүлдөрүн бириктирди.
Форумдун катышуучулары
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев иш-чара Манас шаарынын гана эмес, бүтүндөй Жалал-Абад облусунун өнүгүүсүнө өбөлгө түзө турган маанилүү аянтча экенин белгилеп, форумдун катышуучуларына ыраазычылык билдирди.
«Биздин негизги максатыбыз – ишкердикти колдоо, жаңы өндүрүштөрдү ачуу жана аймактар аралык байланыштарды чыңдоо. Ушундай иш-чаралар аркылуу региондор ортосундагы ишеним бекемделип, эл аралык деңгээлдеги кызматташтык жаңы деңгээлге чыгат», — деп белгиледи Тилек Текебаев.
Тилек Текебаев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү
Форумдун алкагында катышуучулар аймактардын экспорттук потенциалын жогорулатуу, ишкердик байланыштарды чыңдоо, аялдардын жана жаштардын ишкердигин өнүктүрүү, трансчек аралык соода, ошондой эле бизнес тажрыйбага жашыл жана инновациялык чечимдерди киргизүү жолдорун талкуулашты. Көргөзмө аянтчасында аймактын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөткөн долбоорлор жана демилгелер тартууланды.
Форумдун ачылышында сүйлөп жатып, БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева төмөнкүлөрдү белгиледи:
«Туруктуу экономикалык өсүштү сактоо инвестицияларды гана эмес, ошондой эле бекем өнөктөштүктү талап кылат. Улуттук жана аймактык потенциалды колдоо менен биз биргеликте чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана элдин бакубаттуулугун жогорулатууга негиз түзүп жатабыз».
БУУӨП Жалал-Абад облусунун өнүгүшүнө активдүү көмөктөшүүдө, экспортко багытталган тармактарды – кургатылган жемиштерди, балды, кол өнөрчүлүктү жана туризмди өндүрүүнү колдойт. Жергиликтүү бийликтер жана өнөктөштөр менен биргелешкен аракеттердин аркасында жаңы жумуш орундары жана кошумча нарк чынжырлары түзүлүүдө, ошондой эле аймактын инвестициялык климаты бекемделүүдө. Кошумчалай кетсек, БУУӨП саламаттыкты сактоо, санариптештирүү, климаттык туруктуулук, биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо жана өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин азайтуу жаатындагы демилгелерди колдойт.
Александра Соловьева, БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү
Регионалдык инвестициялык кеңештердин түштүк аймактар боюнча координатору Мыктыбек Осмоналиев куттуктоо сөзүндө өлкөдө инвестицияларды илгерилетүүдөгү мамлекеттик-жеке диалогдун маанисин белгиледи:
«Региондук инвестициялык кеңештер реформаларды жылдыруу жана чакан жана орто бизнести колдоо үчүн натыйжалуу курал болуп калды. Алар аркылуу бизнес үнүн жеткирет, ал эми бийлик – кайтарым байланыш алат. Дал ушундай диалог колдоонун реалдуу чараларын – жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүнү, инфраструктураны жакшыртууну же инвестицияларды тартууну – калыптандырууга жардам берет».
Мыктыбек Осмоналиев, регионалдык инвестициялык кеңештердин түштүк аймактар боюнча координатору
Форумдун жыйынтыктары аймакка инвесторлордун жогорку кызыгуусун жана бардык тараптардын өнөктөштүктү андан ары кеңейтүүгө даярдыгын тастыктады. БУУӨП туруктуу өнүгүүгө, экономикалык өсүшкө жана чек ара кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган аймактык демилгелерге эксперттик жана техникалык колдоо көрсөтүүнү улантууга ниеттенүүдө.
Бул «Манас Экспо – 2025» форуму БУУӨПтүн «Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара аймактарында туруктуу өнүгүүнү жана коомчулук менен кызматташууну бекемдөөнү колдоо» долбоорунун алкагында өттү. Долбоор БУУӨП, БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы жана Эл аралык миграция уюму тарабынан БУУнун Тынчтык куруу фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.
Форумдун катышуучулары