Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик (ТӨМА) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Агенттикти институционалдык өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгени каржылоо жөнүндө макулдашууга кол коюшту
Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик жана БУУӨП туризм тармагын башкарууну чыңдоо үчүн ресурстарын бириктирет
2026-ж., 22-September
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик (ТӨМА) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Агенттикти институционалдык өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгени каржылоо жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Демилге 2025–2030-жылдарга Туризмди туруктуу өнүктүрүү программасынын максаттарына жетүү үчүн зарыл болгон туризм тармагын башкаруунун заманбап моделин калыптандырууга мүмкүндүк берет. Макулдашууга ТӨМАнын директору Эдуард Кубатов жана БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева кол коюшту.
Туризм 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталган, ал эми тармактагы мамлекеттик саясатты жана стратегиялык башкарууну өркүндөтүү 2025–2030-жылдарга Туризмди туруктуу өнүктүрүү программасынын негизги багыттарынын бири болуп саналат. 2026-жылдын март айында туризм тармагын мамлекеттик башкаруу өз алдынча органга, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүлүп, учурда Агенттик өзүнүн уюштуруучулук түзүмүн, ички процесстерин жана аймактар жана тармактын өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүү механизмдерин калыптандырууда. БУУӨП менен биргелешкен демилге Агенттикке туризм тармагынын алдына коюлган милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу үчүн институционалдык моделди түзүүгө көмөк көрсөтөт.
«Туризмди өнүктүрүү үчүн тармактык артыкчылыктар мамлекеттик институттардын натыйжалуу иши менен бекемделиши маанилүү. БУУӨП менен биргеликте биз Агенттиктин ичиндеги функцияларды так бөлүштүрүүнү жолго коюуга, аймактар жана бизнес менен өз ара аракеттенүүнү чыңдоого, ошондой эле так мөөнөттөрү, ресурстары жана өлчөнө турган натыйжалары белгиленген иш-аракеттер планын даярдоого ниеттенүүдөбүз. Бул бизге тармактын милдеттерин ырааттуу чечүүгө жана өлкөнүн туризм секторун өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет», – деп белгиледи Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов.
Бир жылдын ичинде ТӨМА БУУӨПтүн көмөгү менен Агенттиктин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн функционалдык диагностикасын жүргүзөт, тармактын өнүгүү тенденцияларына жана туризмди мамлекеттик башкаруунун эл аралык моделдерине талдоо жүргүзөт. Анын негизинде Агенттикти институционалдык өнүктүрүү программасы жана бюджеттик цикл менен шайкеш келтирилген 2027–2030-жылдарга Иш-чаралар планы, ошондой эле натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн камтыган мониторинг жана баалоо системасы иштелип чыгат.
«Биз үчүн Агенттиктин өзүнүн институционалдык өнүгүүсүнө өз ресурстарын жумшап жатканы өзгөчө маанилүү. Бул улуттук жоопкерчиликтин жана БУУӨП менен өнөктөштүктүн жаңы форматынын жакшы үлгүсү, – деп белгиледи Александра Соловьева. – Бүгүнкү макулдашуу өлкөнүн артыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн улуттук ресурстар менен БУУӨПтүн эксперттик тажрыйбасын бириктирген кыйла системалуу кызматташтык форматынын башталышы болот деп ишенебиз».
Биргелешкен иштин жыйынтыктары Агенттиктин институционалдык потенциалын чыңдоого, туризм тармагын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана белгиленген артыкчылыктарды ырааттуу ишке ашырууга өбөлгө түзөт.