“Кыргыз Боёк”: Арууке Адатова кантип өз шаарынын келечегин кооздоп жатат

“Искусство мен үчүн жөн гана хобби эмес, бул – менин өлкөнүн келечегине кошкон салымым”, – дейт 28 жаштагы Арууке Адатова

2026-ж., 19-June
Photo: woman in a craft studio holds up a fabric print beside a tall display.

Арууке Адатова

Кыргызстанда БУУӨП

“Искусство мен үчүн жөн гана хобби эмес, бул – менин өлкөнүн келечегине кошкон салымым”,

– дейт 28 жаштагы Арууке Адатова. Манас шаарында анын «Кыргыз Боёк» арт-студиясы карапа чархынын (гончарный круг) үнү жана кыл калемдин шыбырты астында жергиликтүү деңгээлде креативдүү экономиканы өнүктүргөн борборго айланды.

Өздүк студия ачуу идеясы Аруукеге Түркияга болгон сапары учурунда келген. Ал жерден жергиликтүү аялдардын жашоо ыргагына суктанган. Жумуш графигинин тыгыздыгына карабай, алар ар дайым өздөрүнө убакыт таап: шеберканаларга барып, кол өнөрчүлүк менен алектенип, сүрөт тартышчу.

“Мен өзүмө суроо бердим: эмне үчүн бизде, Кыргызстанда, өзгөчө менин туулган шаарымда аялдар чыгармачылык аркылуу өзүн-өзү өнүктүрүүгө көңүл бурушпайт? Биз маданиятка жана каада-салттарга байбыз, бирок күнүмдүк түйшүктөрдөн улам жаратуучулуктун маанилүүлүгүн унутуп бараткандайбыз”, – деп эскерет Арууке.

Үйүнө кайтып келгенден кийин, ал Манас шаарында ар бир адам өзүн жаратуучу катары сезе ала турган мейкиндик пайда болушу керек деп чечкен.

Арууке – өз ишинин профессионалы. Анын артында көркөм сүрөт мектеби, заманбап искусство боюнча онлайн-курстар жана карапачылык өнөрүнө окуу тажрыйбасы бар. Ал өз студиясын аялдар кафелерге баруунун ордуна өз колдору менен баалуу бир нерселерди жарата турган «аялдар үчүн оазис» катары пландаган.

Бирок реалдуулук баштапкы идеядан алда канча кенен болуп чыкты. Энелердин артынан студияга аталар жана балдар да келе башташты. Ата-энелер балдарынын да искусство менен алектенишин каалашты.

Жыйынтыгында студия балдар жана ата-энелер чогуу чопо жана боёктор менен иштеген үй-бүлөлүк мейкиндикке айланды.

“Бул муундарды бириктирип, үй-бүлөлүк байланыштарды бекемдейт”, – дейт ал сыймыктануу менен.

Анын окуясы — бүгүнкү күндө Кыргызстанда инклюзивдүү өсүштүн драйверлери катары креативдүү экономиканы жана чакан бизнести өнүктүрүү алкагында жүрүп жаткан кеңири өзгөрүүлөрдүн бир бөлүгү.

Креативдүү индустрияларды жана ишкердикти өнүктүрүү өлкөнүн улуттук артыкчылыктарынын жана Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат. Бул процессте Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Жалал-Абад облусунун администрациясы, Манас шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана БУУӨП аялдар менен жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана ишкердик аркылуу аймактарды өнүктүрүүгө багытталган бирдиктүү колдоо тутуму катары биргелешип иштеп жатышат.

“Бул жардам бизге ишмердүүлүгүбүздү кеңейтүүгө жана шаар тургундары үчүн сапаттуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берди. Эми Манас шаары искусство ар бир адамга жеткиликтүү болгон чыныгы “Өнөркана” менен сыймыктана алат”, – дейт Арууке.

Аруукенин негизги милдеттеринин бири — жаштар арасында улуттук искусствого болгон кызыгууну кайрадан жандандыруу. Ал кыргыз орнаменттери (оюм-чиймелери) менен кол өнөрчүлүгү өткөндө калып калбастан, заманбап жашоонун бир бөлүгү болушу керек деп эсептейт.

“Биз байыркы маданиятты заманбап дизайн менен айкалыштырабыз. Бул – биздин өз тамырыбызды унутпоо аракетибиз”.

“Кыргыз Боёк” аталышы да жөн жерден тандалган эмес. Аруукенин алдына койгон чоң максаты бар — ал көркөм сүрөт материалдарынын улуттук брендин түзүүнү көздөйт.

“Менин чоң кыялым – беш жылдан кийин дүкөн текчелеринен өзүбүздүн бренд менен Кыргызстанда өндүрүлгөн көркөм сүрөт материалдарын көрүү. Эгерде “Кыргыз Боёк” чыгармачылык үчүн материалдарды чыгарган алгачкы улуттук өндүрүүчү болуп калса, бул менин эң башкы жеңишим боло”.

Аруукенин окуясы — жалгыз гана мисал эмес. Жаштар ишкердиги Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана БУУӨПтүн финансылык колдоосу менен «Жаңырат» (Janyration) тармагы аркылуу жигердүү өнүгүп жатат.

Бул демилгенин алкагында буга чейин 312 000 АКШ доллары суммасында жаштардын 76 бизнес-долбоору колдоого алынып, бул 200гө жакын жумуш ордун түзүүгө мүмкүндүк берди. Дагы 52 долбоор ишке ашырылуу стадиясында турат жана алар 442 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү инвестиция менен кошумча 150гө жакын жумуш ордун түзөт деп күтүлүүдө.

Мындай демилгелер Кыргызстандын аймактарында креативдүү экономиканы өнүктүрүүнүн кеңири процессинин бир бөлүгү болуп калууда, анда жергиликтүү студиялар жана ишкердик мейкиндиктери өсүштүн жана жумуш менен камсыз кылуунун жаңы чордондорун калыптандырат.