Көз карандысыздык жиби: Жибек Батыркулова тигүү ательесин айымдар үчүн келечектин мектебине кантип айландырды

“Өнүккөн аял – бул бакубат үй-бүлө. Ал эми өнүккөн жаштар – бул күчтүү өлкө”

2026-ж., 19-June
Person with long dark hair and blurred face stands in bright room; fox painting on easel visible.

Жибек Батыркулова

Кыргызстандагы БУУӨП

“Өнүккөн аял – бул бакубат үй-бүлө. Ал эми өнүккөн жаштар – бул күчтүү өлкө”

– 28 жаштагы Жибек Батыркулованын ийгилигинин сыры ушул жөнөкөй сүйлөмдө катылган. Манас шаарында анын Бычуу жана тигүү академиясы жөн гана жеке бизнес эмес, ондогон аялдардын каржылык көз карандысыздыкка жол таба турган куттуу жайына айланды.

Жибек Батыркулованын окуясы бүгүнкү күндө Кыргызстанда жигердүү өнүгүп жаткан маанилүү процессти — аялдар менен жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү, татыктуу жумуш орундарын түзүүнү жана өлкөнүн улуттук артыкчылыктарынын бир бөлүгү катары креативдүү экономиканы өнүктүрүүнү чагылдырат. Россия Федерациясынын Өкмөтү менен өнөктөштүктө, БУУӨП адамдарга өз дараметин ачууга, туруктуу бизнес курууга жана аймактарды өнүктүрүүнү чыңдоого көмөктөшкөн демилгелерди колдоп келет.

Көпчүлүк үчүн тигүүчү машина — жөн гана кол өнөрчүлүктүн куралы болсо, Жибек үчүн бул — өзгөрүүлөрдүн куралы. Мындан алты жыл мурун ал өзүнүн тигүү ательесин ачканда, анын максаты жөн гана кийим тигүү эмес, андан алда канча кеңири экенин тез эле аңдап билген. Ал аймактардагы жаш кыздар менен энелерге өздөрүн эркин жана эртеңки күнгө ишенимдүү сезүүгө шарт түзө турган кесипти үйрөтүүнү каалаган.

“Менин командамда көптөгөн жаш энелер жана кыздар бар. Аларга билим жана жумуш берүү – менин башкы максатым. Мен аял киши билим алып, өз алдынча киреше табууга мүмкүнчүлүк алганда, бүтүндөй үй-бүлөнүн климаты өзгөрөрүнө терең ишенем”, – дейт Жибек.

Жаңы статус – жаңы стандарттар

Жибектин академиясы өзүнчө обочолонуп өнүгүп жаткан жок. Анын ийгилик окуясы — инклюзивдик экономикалык өсүштүн кыймылдаткыч күчү катары креативдүү индустрияны жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын жана Манас шаарынын мэриясынын биргелешкен масштабдуу аракеттеринин бир бөлүгү. Жергиликтүү бийлик органдары жаш аялдардын ишкердигин жергиликтүү экономиканын туруктуулугунун негизи катары көрүү менен, аймактагы жеке ишкердикти кеңейтүүгө жигердүү көмөктөшүүдө. БУУӨП улуттук түзүмдөр менен өнөктөштүктө 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашырууга колдоо көрсөтүп келет — ал эми Жибектин окуясы бул саясаттын адамдардын жашоосунда реалдуу түрдө кандайча ишке ашып жатканынын жандуу мисалы болуп саналат.

Жалал-Абад шаары жакында жаңыдан Манас шаары деп атала баштады. Жибек үчүн бул жаңылануунун символу жана анын бизнеси да жаңы деңгээлге көтөрүлүшү керек деген белги болду. Мода жана технологиялар дүйнөсү бир орунда турбайт, ошондуктан анын академиясы ар дайым алдыңкы катарда болушу шарт. 

Россия Федерациясынын Өкмөтү менен БУУӨПтүн өнөктөштүгүнүн аркасында Кыргызстандын ишкерлери заманбап жабдууларга, ментордук (насаатчылык) колдоого ээ болуп, өз бизнесин кеңейтүүгө жана туруктуу киреше булактарын түзүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү алышууда.

Жибектин академиясы үчүн мындай колдоо өсүп-өнүгүүнүн маанилүү баскычы болуп калды: окуу класстары заманбап мейкиндикке айланып, андагы жаңы технологиялар жана окутуунун инновациялык ыкмалары кыздар менен жаш аялдарга эл аралык стандарттардын деңгээлинде кесипти өздөштүрүүгө жардам берүүдө.

“Биз бир орунда турбайбыз. Манас шаары өсүп, адамдардын талаптары өзгөрүүдө, биз да алар менен бирге өзгөрүп жатабыз. Азыр бизде ар бир кыз өзүнүн потенциалын эң мыкты шарттарда ишке ашыра алышы үчүн бардык зарыл болгон жабдуулар бар”, – дейт ишкер айым.

Ийгиликтин чынжырлуу реакциясы

Жибек үчүн эң чоң жетишкендик — бул анын жеке сатуу көрсөткүчтөрү эмес, жашоосуна жаңы жол ачылган шакирттеринин саны. Көп жылдык эмгектин натыйжасында анын колунан окуган тартынчаак кыздар бүгүн өз бизнесине ээ болгон ишенимдүү айымдарга айланышты.

“Биздин кыздар Манаста, Ошто же Баткенде өздөрүнүн ательелерин жана мектептерин ачышканда чексиз кубанам. Ар бир шакиртимдин ийгилигине өзүмдүн жеке ийгилигимдей сүйүнөм”, – деп Жибек сыймыктануу менен бөлүштү.

Жаңы ишканалардын ушул сыяктуу чынжырчасы — бул Экономика жана коммерция министрлиги менен Жалал-Абад облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чакан жана орто ишкерликти колдоо аркылуу жетүүгө умтулган негизги натыйжа. Бүтүрүүчүлөр тарабынан ачылган ар бир жаңы ателье — жергиликтүү бюджетти толтуруп, жумуш орундарын түзгөн жана аймактын экономикасын чыңдаган жеке бизнес болуп саналат.

Ал тургай чоң цех ача албагандар да үйдө отуруп иштеп, киреше табуунун жолун табышууда. Жергиликтүү ишкерликти колдоо — жаңы киреше булактары менен жумуш орундарын түзүүдөн баштап, аялдардын экономикалык көз карандысыздыгын жогорулатууга жана аймактардагы креативдүү секторду өнүктүрүүгө чейинки бүтүндөй экономикалык чынжырчалардын өсүшүнө өбөлгө түзөт.

Жибек ар бир шакиртинин ийгилиги жаңыланган Манас шаарынын өнүгүшүнө кошулган салым деп эсептейт. Анын окуясы креативдүү индустрия менен билим берүү аймактарды өнүктүрүүнүн кубаттуу кыймылдаткычы боло аларын далилдейт.

Жибек Батыркулованын академиясы креативдүү экономика өзгөчө аялдар менен жаштар үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө кандайча өбөлгө түзөрүнүн мыкты үлгүсү болуп саналат. Тигүүчүлүк, дизайн жана кол өнөрчүлүк өндүрүшү Кыргызстандагы креативдүү индустриянын эң жеткиликтүү жана тез өнүгүп жаткан багыттарына кирет. Алар калкты жумуш менен камсыз кылууга, чакан бизнести ачууга жана жергиликтүү бренддерди өнүктүрүүгө кеңири жол ачат. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү чакан жана орто ишкерлик субъекттеринин дээрлик 40%ын аялдар түзөт, ал эми жеңил өнөр жай жана тигүү сектору миңдеген аялдарды, өзгөчө аймактардагы айымдарды жумуш менен камсыз кылып келет.

Жибектин окуясы — жалгыз гана мисал эмес. Россия Федерациясынын жана БУУӨПтүн каржылык колдоосу менен уюштурулган Janyration («Жаңы муун») тармагы аркылуу жаштар ишкердиги жигердүү өнүгүүдө. Бул демилгенин алкагында буга чейин жалпы суммасы 312 000 АКШ долларын түзгөн жаштардын 76 бизнес-долбоору колдоого алынып, натыйжада 200гө жакын жумуш орду түзүлдү. Дагы 52 долбоор ишке ашыруу стадиясында турат жана инвестициянын көлөмү 442 000 АКШ долларын түзүп, кошумча 150гө жакын жумуш ордун түзүү күтүлүүдө.

Отуз жылдан ашуун убакыттан бери БУУӨП Экономика жана коммерция министрлиги, Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясы жана Манас шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте аялдар менен жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, адамдык капиталды өнүктүрүү жана жеке сектордун инклюзивдик өсүшүнө көмөктөшүү багытында Кыргыз Республикасынын улуттук өнүктүрүү артыкчылыктарын ишке ашырууда ишенимдүү стратегиялык өнөктөш болуп келет. Россия Федерациясынын Өкмөтү менен өнөктөштүктө БУУӨП Кыргызстандын Өкмөтүнүн Жибек сыяктуу ишкерлер өз дараметин ачып, өздөрүнүн үй-бүлөлөрү, шаары жана бүтүндөй өлкөсү үчүн туруктуу келечекти кура ала турган шарттарды түзүү боюнча аракеттерин колдойт.