Кыргызстанда жергиликтүү өнүгүүнү илгерилетүү жана жаштар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү
2026-ж., 20-January
Кыргыз Республикасында Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) иши улуттук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өнөктөштүктө регионалдык өнүгүүнү ылдамдатууга, инвестициялык чөйрөнү жакшыртууга жана жаштардын социалдык-экономикалык жашоого катышуусун кеңейтүүгө багытталган. 2025-жылы БУУӨПтүн колдоосу менен инвестициялык пландоо, жаштар инфраструктурасы, ишкердик, креативдүү экономика жана тобокелдиктерди башкаруу тармактарында туруктуу механизмдер ишке киргизилип, институционалдык деңгээлде бекемделди.
Ишке ашырылган демилгелер жети облус боюнча жыйырма калктуу конушту камтып, бул аймактарда 1,28 миллиондон ашык жаштар жашайт. Иштеп жаткан регионалдык жана муниципалдык түзүмдөр аркылуу жыл сайын 12–25 миңге чейин жаштар өнүгүү программаларына, ишкердик жана жарандык демилгелерге тартылууда.
Натыйжалар камтуу масштабын кеңейтүү менен гана чектелбестен, жергиликтүү деңгээлде өнүгүүнү башкаруу ыкмаларынын сапаттуу өзгөрүшүнө алып келди. Регионалдык инвестициялык кеңештер жана жаштар борборлору мамлекеттик органдар, бизнес жана жаштар ортосундагы туруктуу өз ара аракеттенүү платформаларына айланып, жаштар саясатын ишке ашырууга, ишкердик жана социалдык демилгелерди илгерилетүүгө, ошондой эле тобокелдиктерди алдын ала мониторинг кылууга шарт түздү. Бул жетишкендиктер улуттук деңгээлде жогорку ээликти жана киргизилген институционалдык чечимдердин туруктуулугун көрсөтөт.
Өнөктөштүк жана улуттук артыкчылыктар
Жетишилген прогресс Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик, Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору жана Бизнес менен инвестицияларды өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш менен тыгыз кызматташтыктын аркасында мүмкүн болду. Россия–БУУӨП өнүктүрүү максатындагы Трасттык фондунун колдоосу институционалдык механизмдерди ишке киргизүүгө жана улуттук жана муниципалдык ресурстарды олуттуу көлөмдө мобилизациялоого шарт түзгөн каталитикалык роль ойноду. Өнөктөштөр тарабынан жогорку деңгээлдеги кошо каржылоо мамлекеттин жетишилген натыйжаларды сактап калууга жана кеңейтүүгө даяр экенин тастыктайт.
Ишке ашырылган демилгелер кризиске каршы чаралар, жаштар саясаты, инвестициялык климатты жакшыртуу, регионалдык өнүгүү, санариптик көндүмдөр жана креативдүү индустриялар жаатындагы Өкмөттүн артыкчылыктарын түздөн-түз колдойт.
Регионалдык инвестициялык кеңештер
Өлкөнүн алты облусунда Регионалдык инвестициялык кеңештер түзүлүп, мамлекеттик жана жеке сектор ортосундагы туруктуу диалог аянтчалары катары иштеп жатат. Түзүлгөн катчылыктар инвестициялык сунуштарды системалуу даярдоону, долбоорлорду коштоп жүрүүнү жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин өнүктүрүүнү камсыз кылат. Мисалы, Баткен облусунда кеңеш менен Улуттук инвестициялык агенттиктин кызматташуусу 2 миллиард АКШ долларынан ашкан инвестициялык келишимдерди даярдоого өбөлгө түздү. Бул жыйынтык региондордогу инвестициялык динамиканын сапаттуу өзгөрүшүн жана жергиликтүү институттарга болгон ишенимдин өсүшүн чагылдырат.
2025-жылы гана Ош, Жалал-Абад, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы Регионалдык инвестициялык кеңештердин катчылыктары 18 ири инфраструктуралык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун, ошондой эле жалпы көлөмү 300 млн АКШ долларынан жана 2,2 млрд сомдон ашкан үч инвестициялык долбоорду иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө эксперттик колдоо көрсөттү.
Манас шаарында аймактык инвестициялык кеңештин ачылышы учурунда
Жаштар борборлору
Сегиз жаштар борборунун түзүлүшү региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жаштардын катышуусун кеңейтүүдөгү маанилүү кадам болду. Борборлор жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасына жана БУУӨПтүн жаштар инфраструктурасынын тармагына институционалдык жактан интеграцияланып, жаштар ишкердигин, ыктыярчылыкты жана социалдык демилгелерди өнүктүрүүгө шарт түздү.
Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан 60–80 пайызды түзгөн кошо каржылоого негизделген каржылык модель борборлордун туруктуулугун жана алардын мындан аркы ишин камсыздоого даярдыкты тастыктайт. Бул демилгелердин алкагында 141 жаштар уюму колдоого жана окутууга ээ болуп, тажрыйба алмашууга жана жаштар демилгелерин ишке ашырууга багытталган улуттук жана республикалык деңгээлдеги иш-чаралар өткөрүлдү.
Социалдык ишкердик боюнча тренингдин катышуучусу өзүнүн бизнес-идеясын сунуштайт
Креативдүү индустриялар
Креативдүү экономиканы өнүктүрүү иши экономикалык диверсификацияга жана аймактардын аймактык брендин бекемдөөгө багытталган. Төрт шаарда жүргүзүлгөн креативдүү индустриялардын талдоосу аналитикалык этаптан практикалык колдоо инструменттерин киргизүүгө өтүүгө мүмкүндүк берди.
Натыйжада Ош шаарын туристтик багыт катары илгерилетүүгө багытталган openosh.kg онлайн-платформасы ишке киргизилип, 40 сүрөтчүнү жана 400дөн ашык чыгармачылык эмгектерди бириктирген ARTurduuluk чыгармачылык лабораториясы түзүлдү. Бул демилгелер материалдык эмес активдерди өнүктүрүү аркылуу региондордун экономикалык базасын кеңейтип, маданий жана туристтик секторлордун туруктуу өсүшүнө шарт түзүүдө.
Ош шаарындагы ARTurduuluk чыгармачыл лабораториясынын катышуучусу
Соодага көмөк
БУУӨПтүн «Соодага көмөк» долбоору менен өнөктөштүктө «Кыргызстанда жасалган» Улуттук экспорттук программасын иштеп чыгууга колдоо көрсөтүлдү. Чек ара аймактарындагы ишкердик чөйрөнүн анализинин жыйынтыктары программага интеграцияланып, анын регионалдык өзгөчөлүктөргө шайкештигин жана экспорттук багытын күчөттү. Ошол эле учурда соода жана ишкердикти колдоо институттарынын потенциалы жогорулатылып, адистер эл аралык маркетплейстер менен иштөөгө окутулду, бул чакан жана орто бизнестин тышкы рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти.
Орусиянын Федерациясынын экономикалык өнүгүү министринин орун басары Т.И. Максимовдун катышуусунда Кыргыз Республикасы менен Орусиянын Федерациясынын сегизинчи аймактар аралык конференциясынын алкагында «Кыргызстанда жасалган» көргөзмөсү
Тобокелдиктерди мониторинг кылуу
Тобокелдик факторлорун мониторинг кылуу жаатында мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын чыңдоо регионалдык өнүгүүгө системалуу мамиленин маанилүү бөлүгү болду. Анын алкагында климаттык, экономикалык жана социалдык тобокелдиктер, ошондой эле алардын калктын аярлуу топторуна тийгизген таасири боюнча аналитикалык изилдөөлөр жүргүзүлдү.
Анын жыйынтыгында жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана шаарлардын мэриялары колдонгон мониторинг инструменттери жана формалары жаңыланып, тиешелүү көрсөткүчтөр башкаруунун күнүмдүк процесстерине интеграцияланды. Бул региондор ортосунда маалыматтарды салыштырууну жакшыртып, алдын ала пландоого өтүүгө шарт түздү.
Жалпысынан, бул демилгелердин ишке ашырылышы кыска мөөнөттүү чаралардан туруктуу, институционалдык жактан бекемделген башкаруу чечимдерине өтүүнү чагылдырат. Мамлекеттик жана муниципалдык өнөктөштөрдүн жогорку деңгээлдеги катышуусу жетишилген натыйжаларды мындан ары өнүктүрүүгө жана масштабдоого даярдыкты тастыктайт. БУУӨПтүн ишмердүүлүгү жана Россия–БУУӨП өнүктүрүү максатындагы Трасттык фондунун колдоосу Кыргызстандагы региондордун туруктуулугун жогорулатууга жана аймактык башкаруунун натыйжалуулугун арттырууга өбөлгө түзүүдө.