Миң-Куш туруктуу туризм мүмкүнчүлүктөрүн жана тоолуу жамаатты өнүктүрүүнүн жаңы перспективаларын изилдөөдө

Миң-Куш, Нарын облусу, Кыргыз Республикасы — 2026-жылдын 25 майы — 21-майдан 23-майга чейин мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, туризм тармагындагы адистер, жарандык коом уюмдары жана жергиликтүү жамааттар Миң-Куш айылында «Миң-Куш айылын туруктуу туризм аркылуу өнүктүрүү – Унутулган шаарчаларды кайра жаратуу» аттуу Туристтик форумга чогулушту. Форум туруктуу туризмди, жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнү жана Кыргыз Республикасындагы уран калдыктары жайгашкан объекттерге жакын жашаган жамааттар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоочу аянтчага айланды.

2026-ж., 25-May
Group of conference attendees on a stage with a projection screen behind.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы, Миң-Куш айыл өкмөтү жана «Миң-Куш дестинациясы» коомдук бирикмеси тарабынан, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жана Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн биргелешкен аракетинде уюштурулду. 

Форум Европа Биримдигинин колдоосу алдында ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси жана БУУӨП тарабынан биргелешип ишке ашырылып жаткан «Борбордук Азиядагы уран калдыктарына байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө кызыкдар тараптарды тартуу» (III Фаза) аймактык долбоорунун алкагында өттү. 

Үч күндүк программа пленардык талкууларды, тематикалык сессияларды, объекттерге барууну, туристтик каттамдардын бет ачарларын, маданий иш-чараларды, ошондой эле Миң-Куштун жана анын айланасындагы рекультивацияланган уран калдыктары объекттерине жана тоо туризми үчүн локацияларга барууну камтыды. 

“Үч күндүк иш-чаранын бардыгы Миң-Куш айыл аймагын туризм жана спорт багытында өнүктүрүү максатында уюштурулду. Бул демилгелер келечекте Миң-Куштун өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, айылдын заманбап туристтик борборлордун бирине айланарына терең ишенебиз”,
— деди Нарын облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Сатаров Нурбек Бейшеналиевич.
“Бул өнөктөштүктүн алкагында БУУӨПтүн салымы уран калдыктары жайгашкан аймактарга жакын жашаган жергиликтүү жамааттарды колдоого багытталган. Биздин ишибиздин борборунда адамдар турат — биз жамааттардын катышуусун кеңейтүүгө, жергиликтүү демилгелерди колдоого жана тургундарга жашоо шартын жана сапатын жакшыртуунун практикалык жолдорун табууга көмөктөшөбүз. БУУӨПтүн ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыттарынын бири — жергиликтүү демилгелерге гранттык колдоо көрсөтүү. Мындай ыкманын аркасында жамааттар, жарандык коом уюмдары, айымдар, жаштар, жергиликтүү топтор жана чакан ишкерлер жергиликтүү муктаждыктарга жооп берген практикалык идеяларды сунуштап, ишке ашыра алышат”,
— деп белгиледи БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары Патрик Хаверман.

Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн Элчиси Реми Дюфло төмөнкүлөрдү белгиледи:

“Бул форум — Миң-Куш үчүн жаратылыш байлыктарына жана уран калдыктары жайгашкан объект катары уникалдуу тарыхына таянуу менен өзүнүн туристтик дараметин көрсөтүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк. Европа Биримдиги Кыргызстандын уран калдыктарына жакын жашаган калкына мыкты мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү үчүн ЕРӨБ, ЕККУ жана БУУӨП менен өнөктөштүктө улуттук жана жергиликтүү бийликтер көрүп жаткан аракеттерди колдоону улантат”.
“Биз келечекке оптимизм менен карайбыз жана уран калдыктары бар шаар-айылдарды колдоо үчүн жаңы демилгелерди изилдөөнү улантабыз. Кызматташтыкты бекемдөө жана туруктуу өнүгүү аракеттери аркылуу биз жергиликтүү потенциалды ачууга, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратууга жана өз айыл-шаарларынын келечегин жигердүү куруп жаткан жамааттарды колдоого умтулабыз”,
— деди ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, Элчи Фолькер Фробарт.

1947-жылы уран казып алуучу конуш катары негизделген Миң-Куш бүгүнкү күндө татаал өнөр жай мурасын гана эмес, жергиликтүү туруктуу өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү да билдирет. Учурда айылда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен уран казып алуунун экологиялык кесепеттерин жоюу үчүн реабилитациялык иштер жүргүзүлүүдө. 

Форумдун катышуучулары туруктуу туризм экономиканы диверсификациялоого, жергиликтүү ишкердикти колдоого, тоолуу аймактарда киреше булактарын бекемдөөгө, маданий жана жаратылыш мурасын сактоого, ошондой эле алыскы аймактардагы айымдар менен жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө кандайча салым кошо аларын талкуулашты. 

БУУӨП ошондой эле уран калдыктары объекттерине жакын жайгашкан жамааттардагы жергиликтүү демилгелерди гранттык колдоо механизмин сунуштады. Чакан гранттар аркылуу жергиликтүү жарандык коом уюмдары, аялдар топтору, жаштар демилгелери, кол өнөрчүлөр жана ишкерлер жашоо шарттарын жакшыртууга, экологиялык аң-сезимди жогорулатууга, жергиликтүү мурасты сактоого жана жергиликтүү экономикалык активдүүлүктү стимулдаштырууга багытталган жана жамааттар тарабынан демилгеленген практикалык долбоорлорду ишке ашырууга колдоо алышат. 

Форумдун күн тартиби Миң-Куштун туристтик дараметин, инфраструктура көйгөйлөрүн, каттамдарды иштеп чыгууну жана Нарын облусунун кеңири туристтик багыттарына интеграциялоону талкуулоону камтыды. Катышуучулар маданий, өнөр жай, экологиялык жана укмуштуу окуялуу (приключенческий) туризмге байланыштуу мүмкүнчүлүктөрдү да изилдешти. 

Форумдун маанилүү бөлүгү уран калдыктары объекттерине жакын жайгашкан калктуу конуштардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө арналган тегерек стол болду. Катышуучулар Уран калдыктары объекттерине жакын жайгашкан калктуу конуштардын Эл аралык жана Улуттук ассоциациясын түзүү маселесин талкуулап, уюштуруу документтерин жана келечектеги кызматташуу механизмдерин карап чыгышты. 

Форум 2023–2027-жылдарга Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттер планын ишке ашырууга салым кошот жана «Бишкек+25» Глобалдык тоо саммитинин алдындагы кеңири эл аралык аракеттерди колдойт. 

БУУӨП Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактарында инклюзивдүү, туруктуу жана жергиликтүү шарттарга багытталган өнүгүүгө көмөктөшүү үчүн улуттук жана жергиликтүү өнөктөштөр, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, Европа Биримдиги, жарандык коом уюмдары жана жергиликтүү жамааттар менен кызматташууну улантууга даярдыгын тастыктады.