Ош шаарында Жаштар борбору ачылды — 120 миңден ашык жаш тургундар үчүн заманбап мейкиндик

Ош шаары, 2026-жылдын 3-июну — Бүгүн Ош шаарынын мэриясы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрү менен биргеликте жаңы Жаштар борборунун расмий ачылышын өткөрүштү. Салтанаттуу аземге Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулу Роман Свистин жана БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева катышты.

2026-ж., 3-June

Жаңы борбор билим алуу, кесиптик өнүгүү, жаштардын демилгелерин ишке ашыруу, ошондой эле мамлекеттик жаштар саясатын жүргүзүүдө жаштар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы диалогду өнүктүрүү мейкиндигине айланат.  

Борборду түзүү 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашырууну колдоо максатында ишке ашырылды. Анда адамдык капиталды өнүктүрүүгө, жаштарды жумуш менен камсыз кылууга жана аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган.  

“Жаштар өз идеяларын ишке ашырууга, жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүүгө, заманбап технологияларды үйрөнүүгө жана коомдук турмушка активдүү катышууга мүмкүнчүлүк берүү зарыл. Жаштар борбору дал ушул максаттарды көздөйт. Долбоор, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен ишке ашырылды. Бул үчүн өнөктөштөрүбүзгө терең ыраазычылык билдирем.” - Ош шаарынын мэри Акаев Жанар Кубанычович
- Ош шаарынын мэри Акаев Жанар Кубанычович
Speaker in suit at a podium on a blue conference stage with banners and logo.

Ош шаарынын мэри Акаев Жанар Кубанычович

БУУӨП Кыргызстан

Ош шаарындагы Жаштар борбору шаардык мэрия тарабынан БУУӨП менен биргеликте, Россия Федерациясынын каржылык колдоосунда түзүлдү. Имараттын жалпы аянты 1000 чарчы метрден ашат. Ош шаарынын мэриясы муниципалдык бюджеттен 435 миң АКШ долларына жакын каражат жумшап, жаңы имарат куруп берди. Россия Федерациясы тарабынан каржыланган долбоордун салымы 132 миң АКШ долларынан ашык сумманы түзүп, ал имараттын ички жасалгасына, IT-жабдууларды жана эмеректерди сатып алууга багытталды. Борборду түзүүгө жумшалган инвестициянын жалпы көлөмү болжол менен 525 миң АКШ долларын түздү.  

“Россия Федерациясынын Элчисинин тапшырмасы боюнча РФ көмөгү менен каржыланган БУУӨПтүн жаштар борборунун ачылышына катышып жатканыма абдан кубанычтамын. Жаштар борборунун ачылышы Ош шаарынын жана облустун ар тараптуу өнүгүүсүнө салым кошот деп терең ишенем. Россия мындан ары да БУУ линиясы боюнча каржылык жана башка жардамдарды көрсөтүүгө даяр”
- Россия Федерациясынын Башкы консулу Роман Свистин.
Photograph of a man in a suit speaking at a podium on a stage with blue banners and a metal truss.

Россия Федерациясынын Башкы консулу Роман Свистин

БУУӨП Кыргызстан

Борбордун базасында орус, англис жана немис тилдери боюнча курстарды, 16 жаштан 25 жашка чейинки жаштар үчүн лидерлик сапаттарды жана коом алдында сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган «Жаш Жаратман» программасын, мектеп окуучуларын ЖРТга (ОРТ) даярдоо боюнча «Young Teachers PRO» программасын, ошондой эле чыгармачылык жана билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу пландалууда. Борбор жаштардын шаардык мэрия менен жаштар саясатын ишке ашыруу маселелери боюнча өз ара аракеттенүү аянтчасы да болуп калат. Борбордун мейкиндиги конференцияларды, тренингдерди өткөрүүгө жана коворкинг форматында иштөөгө толугу менен жабдылган. 

“БУУӨП Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн аймактарды туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүүдө, жаштар менен аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө, ошондой эле чакан жана орто бизнести чыңдоодо колдоп келет. Биздин өнөктөштүктүн негизги багыттарынын бири — ишкердик, санариптик көндүмдөр, мамлекеттик-жеке диалог жана заманбап билим берүүчү жаштар мейкиндиктерине жеткиликтүүлүк аркылуу жаштар үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү болуп саналат. Мындай демилгелер жаштарды жумуш менен камсыз кылууга шарт түзөт, социалдык биримдикти бекемдейт жана жаштар өз коомчулугун өнүктүрүүгө салым кошо ала турган инклюзивдүү мейкиндиктерди жаратат”,
— деп белгиледи БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү Александра Соловьева.
A woman in a light beige suit speaks at a podium on an outdoor stage with blue banners.

БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү Александра Соловьева

БУУӨП Кыргызстан

Ош шаарында Жаштар борборунун ачылышы Ош шаарынын мэриясынын, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана БУУӨПтүн ортосундагы тыгыз кызматташтыктын натыйжасында мүмкүн болду. Мэриянын заманбап имараттын курулушуна кошкон олуттуу салымы жергиликтүү бийликтин жаштар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө кызыкдарлыгын жана шаардын келечегине инвестиция салууга даярдыгын айкын көрсөтүп турат.  

Акыркы он жылдын ичинде БУУӨП Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, алардын ишке орношуусуна көмөктөшүү, өзүн-өзү ишке ашыруусу жана жамааттарда ишенимди жана социалдык биримдикти чыңдоо максатында өлкө боюнча 20 жаштар борборун түздү түздү.