Бишкекте коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча адистер үчүн Антикоррупциялык мектеп аяктады

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан, АКШнын Мамлекеттик департаментинин (INL) каржылык колдоосунда БУУӨПтүн «Кыргыз Республикасында адамдарга багытталган коррупцияга каршы аракеттенүүнү жана отчеттуулукту күчөтүү» долбоорунун алкагында уюштурулду.

2026-ж., 4-June

Бишкек шаары, 2026-жылдын 4-июну — Бүгүн Бишкекте мамлекеттик органдардагы коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адистер үчүн үч айлык Антикоррупциялык мектептин жабылыш аземи өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан, АКШнын Мамлекеттик департаментинин (INL) каржылык колдоосунда БУУӨПтүн «Кыргыз Республикасында адамдарга багытталган коррупцияга каршы аракеттенүүнү жана отчеттуулукту күчөтүү» долбоорунун алкагында уюштурулду. 

Антикоррупциялык мектеп ыйгарым укуктуу адистердин кесиптик дараметин жогорулатууга, коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо жана баалоо боюнча практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, заманбап алдын алуу механизмдерин киргизүүгө, ошондой эле мамлекеттик кызматта ак ниеттүүлүк маданиятын калыптандырууга багытталган. 

Окутуу Башкы прокуратуранын Юридикалык академиясынын базасында эл аралык жана улуттук эксперттердин катышуусунда 2026-жылдын апрелинен июнуна чейин үч этапта өткөрүлдү. Салтанаттуу аземге Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Залкарбек Акназаров, БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары Патрик Хаверман жана АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин Эл аралык баңгизаттар менен күрөшүү жана укук тартибин коргоо бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Жонатан Брэндс катышты. 

Жыйынтыктоо аземинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Залкар Акназаров коррупциянын алдын алууга жооптуу кызматкерлердин кесиптик потенциалын мындан ары да бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи. 

Жолугушууда БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары Патрик Хаверман катышуучуларды куттуктап, өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду: 

«Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы Кыргыз Республикасын антикоррупциялык реформаларды илгерилетүүдө жана 2025–2030-жылдарга каралган Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашырууда колдоп жаткандыгы менен сыймыктанат. Башкы прокуратура жана башка улуттук өнөктөштөр менен биргеликте биз мамлекеттик институттарда ак ниеттүүлүктү, тазалыкты жана отчеттуулукту чыңдоого багытталган демилгелерди колдоону улантабыз. Бул Антикоррупциялык мектеп ошол кеңири аракеттерге кошулган маанилүү салым болуп саналат. Ар бир катышуучу алган билимдерин өз ведомстволорунда колдонуп, комплаенс тутумун өнүктүрүүгө салым кошот жана кесипкөйлүктүн демилгечиси болот деп ишенебиз». 

Коррупцияга каршы күрөшүү Туруктуу өнүгүү максаттарына, өзгөчө натыйжалуу, отчеттуу жана инклюзивдүү институттарды түзүүнү көздөгөн 16-Максатка жетүүдө өзгөчө мааниге ээ. Бул багыттагы аракеттер мамлекеттик башкарууну жакшыртууга, туруктуу өнүгүүнү тездетүүгө жана Кыргызстандын ар бир жараны үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга негиз түзөт. 

БУУӨП Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана башка улуттук өнөктөштөр менен биргеликте мамлекеттин коррупцияга каршы аракеттерин колдоону мындан ары да улантат.