Башкы прокуратура, БУУӨП жана АКШнын Элчилиги коррупциянын алдын алуу боюнча үч жылдык өнөктөштүктүн жыйынтыгын чыгарышты

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана АКШнын Элчилиги АКШнын Мамлекеттик департаментинин Эл аралык баңгизаттарга жана укук коргоо маселелерине каршы күрөшүү бюросунун (INL) каржылык колдоосу менен БУУӨП тарабынан ишке ашырылган долбоордун алкагында коррупциянын алдын алуу боюнча үч жылдык кызматташуунун жыйынтыгын чыгарышты

2026-ж., 28-September
БУУӨП Кыргызстан / Айнагуль Абдрахманова

Бишкек, 2026-жылдын 25-сентябры — Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана АКШнын Элчилиги АКШнын Мамлекеттик департаментинин Эл аралык баңгизаттарга жана укук коргоо маселелерине каршы күрөшүү бюросунун (INL) каржылык колдоосу менен БУУӨП тарабынан ишке ашырылган долбоордун алкагында коррупциянын алдын алуу боюнча үч жылдык кызматташуунун жыйынтыгын чыгарышты.

Координациялык кеңештин жыйынтыктоочу отурумунда мамлекеттик органдардын, сот системасынын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, академиялык коомчулуктун жана жарандык коомдун өкүлдөрү 2024–2026-жылдары ишке ашырылган долбоордун негизги жыйынтыктарын жана мындан аркы кызматташуунун багыттарын талкуулашты.

Долбоор БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясына, улуттук артыкчылыктарга жана 2025–2030-жылдарга карата Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияга ылайык коррупцияга каршы реформаларды ишке ашырууга көмөк көрсөттү. Долбоордун колдоосу менен кызыкчылыктардын кагылышуусун жана коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу механизмдери иштелип чыгып, ишке киргизилди. Ошондой эле Башкы прокуратуранын 2025–2030-жылдарга карата Эл аралык укуктук кызматташтык стратегиясы жана 2026–2027-жылдарга карата Коррупцияга каршы маалыматтык саясат боюнча мамлекеттик программа бекитилди.

Кесиптик потенциалды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Коррупциянын алдын алуу боюнча 37 ыйгарым укуктуу кызматкер үч айлык Коррупцияга каршы окуутуучу курсун аякташты. Сот системасынын, прокуратуранын, адвокатуранын жана мамлекеттик органдардын 200дөн ашуун өкүлү адистештирилген окуу иш-чараларына катышты. Мындан тышкары, 561 мамлекеттик кызматкер маалыматка жетүү маселелери боюнча окуудан өттү. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча 120 сааттык магистрдик программа иштелип чыгып, ишке ашырылды. Окутуу иш-чаралары Бишкек шаарында жана өлкөнүн аймактарында өткөрүлдү.

Долбоор ошондой эле мыйзамдарды жана сот практикасын талдоого, Башкы прокуратуранын электрондук окутуу системасын өнүктүрүүгө, финансылык иликтөөлөр жана активдерди кайтарып алуу жаатындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоого колдоо көрсөттү. Эксперттик колдоонун негизинде мамлекеттик сатып алуулар, маалымат берүүчүлөрдү коргоо, кызыкчылыктардын кагылышуусу жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдардын БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясынын жоболоруна шайкештигине талдоо жүргүзүлдү.

«Кызыкчылыктардын кагылышуусун жана коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу боюнча иштелип чыккан механизмдер прокуратура органдарынын системасында буга чейин колдонулуп, 2025–2030-жылдарга карата Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашырууга салым кошууда», — деди Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Залкар Акназаров. 

«Биздин өнөктөштүгүбүз АКШнын практикалык жана натыйжага багытталган реформаларды колдоого берилгендигин чагылдырат. Бул адистердин потенциалын жогорулатуудан тартып ачык-айкындуулук жана отчеттуулук механизмдерин чыңдоого чейинки багыттарды камтыйт», — деп Кыргыз Республикасындагы АКШнын Элчилигинин саясий маселелер боюнча кеңешчиси Мелисса Кроуфорд белгиледи.

«Үч жылдык өнөктөштүктүн алкагында коррупциянын алдын алуу системасында конкреттүү өзгөрүүлөрдү колдоого жетиштик: кызыкчылыктардын кагылышуусун жана коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу механизмдерин киргизүүдөн тартып, кесиптик компетенцияларды чыңдоого жана эл аралык укуктук кызматташтыктын инструменттерин өнүктүрүүгө чейин. Бул натыйжалар Башкы прокуратура менен тыгыз кызматташуунун жана АКШ Өкмөтүнүн колдоосу менен мүмкүн болду.», — деди БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева.

Долбоорду ишке ашыруу 2026-жылдын сентябрында аяктайт. Түзүлгөн механизмдер, даярдалган адистер жана чыңдалган ведомстволор аралык кызматташтык коррупцияга каршы реформаларды мындан ары илгерилетүүгө жана Кыргыз Республикасында ачык-айкын жана отчеттуу мамлекеттик башкарууну чыңдоого негиз түзөт.