2026-жылдын 16-апрели – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттары үчүн өткөрүлүүчү эки багыт берүүчү семинардын экинчиси башталды. Семинар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине караштуу Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору тарабынан, Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин техникалык жана эксперттик колдоосу менен уюштурулууда.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттары үчүн экинчи багыт берүүчү семинар
2026-ж., 16-April
ЖК депутаттары, БУУӨП жана ЕККУ өкүлдөрү
Экинчи багыт берүүчү семинар депутаттардын парламенттик ишмердүүлүгүнүн негизги аспектилери боюнча билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү аркылуу парламенттин институционалдык потенциалын чыңдоого багытталган системалуу иштин улануусу болуп саналат. Программанын алкагында катышуучулар улуттук мыйзамдарга жана эл аралык стандарттарга ылайык конституциялык-укуктук негиздерди, мыйзам чыгаруу процессин, парламенттик көзөмөлдү жана жарандар менен өз ара аракеттенүүнү камтыган кеңири чөйрөдөгү маселелерди карашат.
Семинарды өткөрүү өнөктөштөрдүн парламентти мыйзам чыгаруу, жарандардын кызыкчылыктарын өкүлдүк кылуу жана отчеттуулук жаатындагы негизги демократиялык институт катары ролун чыңдоого болгон жалпы умтулуусун чагылдырат. Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын жаңыланган курамынын шартында мындай колдоо институционалдык мурастыкты камсыз кылуу жана парламенттик ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн өзгөчө мааниге ээ.
«Жогорку Кеңеш — эл тарабынан шайланган эң жогорку өкүлчүлүктүү орган. Андыктан, ар бир депутаттын максаты коомдук кызыкчылыкты жогору коюп, мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошуу. Бул семинар ишиңиздерди дагы да бекемдеп, эл аралык тажрыйбаны өздөштүрүүгө жана кесиптик деңгээлди жогорулатууга жардам берери анык.
Ошондуктан бул багыттоочу семинарды ачып жатып, өнөктөштөрүбүздүн баалуу колдоосун өзгөчө баса белгилеп кетким келет. Тагыраагы, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсеси көп жылдан бери Кыргыз Республикасынын парламентине колдоо көрсөтүп, ушундай иш-чараларыбызга ар тараптан жардамдарын берип келет. Ага ылайык, өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдирип, мындан ары да кызматташтыгыбызды улантууга даяр экендигибизди кошумчалайм.»
— деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Машрапова Гулай Эгемназаровна.
«БУУӨП дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүндөгү парламенттер менен кызматташып келет. Бул иштин негизинде бир түшүнүк жатат: күчтүү жана кесипкөй парламент — туруктуу өнүгүүнүн негизги факторлорунун бири.
Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, диалогго негизделген, институционалдык улантуучулукту сактаган жана ар түрдүү көз караштарды урматтаган парламенттик иш коомдун ишенимин бекемдеп, мамлекеттик институттардын туруктуулугун камсыздайт.
Жогорку Кеңештин сегизинчи чакырылышы өлкөнүн өнүгүү боюнча улуттук артыкчылыктарын ишке ашырууга олуттуу салым кошот деп ишенебиз. Ошону менен бирге бул артыкчылыктардын Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасы жана 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү максаттары менен шайкеш жүргүзүлүшүнө көмөктөшөт. Анын ичинде Туруктуу өнүгүү максаты 16 — тынчтыкты, адилеттүүлүктү жана натыйжалуу, ачык-айкын жана инклюзивдүү институттарды илгерилетүүгө багытталган.»
— деп белгиледи БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары Патрик Хаверман.
«Бүгүнкү семинар парламенттик жол-жоболорду, депутаттын ролун жана жарандар, жарандык коом жана мамлекеттик органдар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү тереңирээк түшүнүүгө багытталган.
ЕККУ 20 жылдан ашык убакыт бою парламенттик демократияны өнүктүрүүдө, ачык жана инклюзивдүү мыйзам чыгаруу процессин колдоодо жана Жогорку Кеңештин институционалдык чыңдалышында Кыргызстан үчүн ишенимдүү өнөктөш болуп келет.
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси парламент менен кызматташтыкты жогору баалайт жана өз мандатынын алкагында эксперттик жана консультациялык колдоо көрсөтүүнү улантууга даяр.»
— деп белгиледи ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, элчи Фолькер Фробарт.
Семинар ошондой эле парламенттин Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасын жана 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү максаттарын, өзгөчө 16-Туруктуу өнүгүү максатын ишке ашыруудагы ролун тереңирээк түшүнүүгө өбөлгө түзүүгө багытталган.
Программа парламенттик ишмердүүлүктүн негизги аспектилерин камтыйт: бийлик бутактарынын бөлүштүрүлүшү тутумундагы Жогорку Кеңештин орду, мыйзам чыгаруу функциясы жана жол-жоболору, парламенттик лидерлик жана диалог маданияты, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү, парламенттин бюджеттик процесстеги ролу. Адам укуктары жана эл аралык милдеттенмелер, ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын алкагындагы эл аралык парламенттик кызматташтык, ошондой эле стратегиялык өнүктүрүү документтерин ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.
БУУӨП Кыргыз Республикасында Жогорку Кеңеш, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси жана башка өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен биргеликте парламенттин институционалдык потенциалын чыңдоого, ачык, натыйжалуу жана адамга багытталган мамлекеттик башкарууну калыптандыруу кызыкчылыгында көмөктөшүүнү улантат.