Эл аралык жаштар күнүндө өткөрүлгөн биргелешкен семинар Климаттык кызматташуу боюнча алкактык макулдашууну иш жүзүндө ишке ашырууга жол ачып, мамлекеттик органдарды, эл аралык өнөктөштөрдү жана жаш климаттык инноваторлорду бир аянтчага чогултту
Кыргыз Республикасы жана Корея Республикасы алкактык макулдашуудан климат боюнча практикалык кызматташууга өттү, мында негизги көңүл жаштарга бурулат
2026-ж., 12-August
Бишкек, 2026-жылдын 12-августу - Алкактык макулдашуулардан климат жаатында конкреттүү биргелешкен аракеттерге өтүү – Жаштарга өзгөчө көңүл бурулган климаттык кызматташуу боюнча биргелешкен кыргыз-корей семинарынын башкы жыйынтыгы болду. Эл аралык жаштар күнүнө карата уюштурулган бул семинар мамлекеттик органдарды, эл аралык өнөктөштөрдү, эксперттерди жана жаш климат лидерлерин Кыргызстандын климаттык милдеттенмелерин иш жүзүндө аткаруунун тегерегинде бириктирди.
Семинар Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги жана БУУӨПтүн Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен өнөктөштүктө уюштурулду. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, Корея Республикасынын, эл аралык уюмдардын жана өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн, илимий-изилдөө мекемелеринин, жеке сектордун 60ка жакын өкүлү, ошондой эле климат боюнча эксперттер жана жаш климат лидерлери катышты.
Бул жолугушуу 2025-жылдын 14-майында күчүнө кирген Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Климаттын өзгөрүшү жаатында кызматташуу боюнча алкактык макулдашууну иш жүзүндө ишке ашырууну баштаган алгачкы иш-чара болуп калды. Семинар Кыргызстан улуттук климаттык архитектурасын ырааттуу түрдө бекемдеп жаткан учурда өттү. Анын ичинде өлкө Улуттук деңгээлде аныкталган салымын (УДАС 3.0) ишке ашырып, Адаптациялоонун улуттук планы (АУП) аркылуу адаптацияны пландаштырууну өнүктүрүп, климаттык ачык-айкындуулук системасын өркүндөтүп жана климаттык каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүүдө.
Семинардын программасы төрт тематикалык сессияны камтыды: климаттык артыкчылыктар жана кыргыз-корей кызматташтыгынын мүмкүнчүлүктөрү; УДАС 3.0ды ишке ашырууну колдоо үчүн климаттык мыйзамдар жана саясат; климаттык каржылоо, көмүртек рыноктору жана Париж макулдашуусунун 6-беренеси; ошондой эле «жашыл» энергетика, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялануу, суу жана токой ресурстарын башкаруу жана санариптик инновациялар жаатындагы кыргыз-корей климаттык өнөктөштүгүн өнүктүрүү.
«Климаттык чечимдерди жараткан жаш инноваторлор» аттуу өзүнчө сессия инновациялардын жана «жашыл» трансформациянын кыймылдаткыч күчү катары жаштардын ролуна арналды. Digital4Climate.KG хакатонунун финалисттери, Жаштардын жергиликтүү конференциясынын (LCOY), Enactus Kyrgyzstan, «Климат кутучасы» демилгесинин жана KOPIA программасынын өкүлдөрү санариптик мониторинг жана энергия натыйжалуулугунан тарта туруктуу айыл чарбасына чейинки жаштар демилгелеген климаттык чечимдерди сунушташты.
«Климаттык жана экологиялык чакырыктар мамлекеттик чек араларды тааныбайт. Ошондуктан аларга натыйжалуу жооп берүү эл аралык кызматташтык, билим алмашуу жана күч-аракеттерди бириктирүү аркылуу гана мүмкүн. Кыргыз Республикасы Корея Республикасы менен өнөктөштүктү мындан ары кеңейтүүгө, заманбап экологиялык технологияларды колдонууга, биргелешкен климаттык долбоорлорду ишке ашырууга жана туруктуу өнүгүүнүн жаңы муун лидерлерин даярдоого ачык», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрдин орун басары Асель Раимкулова.
«Бүгүн биз маанилүү кадам жасап, макулдашуудан практикалык кызматташууга өтүп жатабыз… Бул — Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жетектеген улуттук күн тартиби. Эл аралык өнөктөштөр билим, технология жана каржылоо жагынан көмөк көрсөтө алат, бирок бул трансформациянын багытын өлкөнүн өзү аныктайт», — деди БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева.
«Жаштар — бул биздин бүгүнкү күнүбүз. Алар азыр технологияларды жаратып, компанияларды ишке киргизип, коомдук суроо-талапты калыптандырып жана бир нече жыл мурун элестетүү мүмкүн болбогон чечимдерди сунуштап жатышат», — деп кошумчалады ал. Анын айтымында, БУУӨПтүн милдети – «улуттук институттарды алмаштыруу эмес», мамлекеттик саясатты инвестициялар менен, эл аралык тажрыйбаны улуттук муктаждыктар менен, ал эми жаштардын идеяларын аларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү менен байланыштыруу.
«Бул иш-чара БУУӨПтүн Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен тыгыз кызматташтыкта уюштурулганына абдан кубанычтамын. Эки өлкөнүн ортосунда топтолгон өз ара ишеним БУУӨПтүн практикалык тажрыйбасы жана эл аралык экспертизасы менен айкалышып, саясий диалогду ишке ашырыла турган долбоорлорго айландырууга жана зарыл болгон каржылык ресурстарды тартууга шарт түзөрүнө ишенем. Бүгүнкү жолугушуу ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык климаттык кризиске биргелешип чара көрүү үчүн натыйжалуу иштей аларын көрсөтүп турат», — деп белгиледи Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Ким Квангдже.
Семинардын жыйынтыктоочу сессиясы негизги корутундуларга жана кийинки кадамдарга арналды. Эки өлкөнүн өкмөттөрү жана БУУӨП саясат, каржылоо жана биргелешкен демилгелер жаатында кызматташууну улантуу ниетин билдиришип, жаштардын катышуусуна өзгөчө көңүл буруларын белгилешти. БУУӨП Кыргыз Республикасына улуттук климаттык милдеттенмелерин, анын ичинде УДАС 3.0 максаттарын жана Климаттын өзгөрүшү боюнча кызматташуу жөнүндө алкактык макулдашуунун артыкчылыктарын аткарууда колдоо көрсөтүүнү улантат.