Кыргызстанда жашыл каржылоо үчүн валидация, верификация жана отчеттуулук системалары боюнча тренингдер сериясы өттү

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Кыргыз Республикасында «Улуттук финансылык институттардын жашыл жана климаттык каржылоону тартуу жана пайдалануу боюнча потенциалын жогорулатуу» долбоорунун алкагында валидация, верификация жана отчеттуулук (Validation, Verification and Reporting, VVR) системалары боюнча практикалык тренингдер сериясын өткөрдү

2026-ж., 25-September
Group of professionals seated at a long conference table in a meeting room, listening.
БУУӨП Кыргызстан

Бишкек, 2026-жылдын 25-сентябры – Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Кыргыз Республикасында «Улуттук финансылык институттардын жашыл жана климаттык каржылоону тартуу жана пайдалануу боюнча потенциалын жогорулатуу» долбоорунун алкагында валидация, верификация жана отчеттуулук (Validation, Verificationand Reporting, VVR) системалары боюнча практикалык тренингдер сериясын өткөрдү.

Тренингдер 2026-жылдын 22, 24 жана 25-сентябрында «Элдик Банк» ААКтын, «Фронтиэрс» МККнын жана башка микрофинансылык уюмдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү үчүн өткөрүлдү. Окутууга кредиттөө, тобокелдиктерди башкаруу, ESG, долбоордук каржылоо жана комплаенс-көзөмөл багыттарындагы адистер, ошондой эле долбоорлорду каржылоо жана мониторинг жүргүзүү процесстерине катышкан башка кызматкерлер катышты.

Бул демилгенин алкагында БУУӨП улуттук финансылык институттарга жашыл жана климаттык инвестицияларды натыйжалуу башкаруу үчүн зарыл болгон VVR системаларын түзүүдө жана өркүндөтүүдө колдоо көрсөтүүдө. Мындай системалар климаттык каржылоону тартууда жана пайдаланууда ачык-айкындуулукту, отчеттуулукту жана эл аралык талаптарга шайкештикти камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

Тренингдер VVR методологиясын финансылык институттардын ишмердигине практикалык түрдө киргизүүгө багытталды. Катышуучулар валидация, верификация жана отчеттуулук системаларынын иштөөсүнүн негизги принциптери менен таанышып, жашыл каржылоо операциясынын толук циклин үйрөнүштү. Ошондой эле ар бир уюмдун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыккан практикалык инструменттерди жана ички жол-жоболорду карап чыгышты.

Өзгөчө көңүл финансылык институттардын ичиндеги милдеттерди жана жоопкерчиликти так бөлүштүрүүгө, тобокелдиктерди башкарууга, мониторинг жана отчеттуулук процесстерине, ошондой эле долбоорлордун жашыл каржылоо критерийлерине шайкештигин ырастоо механизмдерине бурулду. Алынган билимдерди практикада бекемдөө үчүн интерактивдүү тапшырмалар, ишкердик оюндар өткөрүлүп, күн электр станциясын каржылоо боюнча практикалык кейс талданды.

Окутуу иш-чараларына жалпысынан финансылык сектордун 90го жакын өкүлү, анын ичинде банктардын, микрофинансылык уюмдардын жана мамлекеттик финансылык институттардын кызматкерлери, ошондой эле БУУӨПтүн өкүлдөрү катышты.

VVR системаларын өнүктүрүү Кыргызстандын жашыл жана климаттык каржылоонун эл аралык булактарына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Финансылык сектордун институционалдык потенциалын чыңдоо жашыл долбоорлорду тандоонун, мониторинг жүргүзүүнүн жана алар боюнча отчет берүүнүн сапатын жогорулатууга, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн жана инвесторлордун ишенимин бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

«Улуттук финансылык институттардын жашыл жана климаттык каржылоону тартуу жана пайдалануу боюнча потенциалын жогорулатуу» долбоору БУУӨП тарабынан Жашыл климаттык фонддун Даярдык программасынын (Green Climate Fund Readiness Programme) колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоор ченемдик-укуктук базаны өнүктүрүүгө, финансылык сектордун институционалдык потенциалын чыңдоого жана Кыргыз Республикасына климаттык инвестицияларды натыйжалуу тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.