БУУнун Өнүктүрүү Программасы жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги мектептерде климаттык билим берүүнү күчөтүүдө
2025-ж., 3-November
Мугалимдер БУУӨПтүн климаттык кутучасы боюнча тренинг учурунда
Бишкек, 3-ноябрь 2025 — Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги менен өнөктөштүктө мугалимдер үчүн «Климаттык кутуча» окутуу куралын колдонуу боюнча бир катар тренингдерди өткөрдү. Бул демилге «Туруктуу өнүгүү максаттарын жана климаттык аракеттерди илгерилетүү үчүн климаттык билим берүү» долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат.
16-октябрдан 30-октябрга чейин өлкөнүн бардык аймактарынан жана борбор калаадан келген 100гө жакын мугалим климаттык темаларды мектептин окуу программасына жана класстан тышкаркы иш-чараларга интеграциялоо боюнча көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган интенсивдүү окуудан өтүштү. Катышуучулардын арасында майыптыгы бар балдар менен иштеген мугалимдер да бар болду, бул долбоордун инклюзивдүү мамилеге умтулушун баса белгилейт.
«Климаттык кутуча» – бул мектеп окуучуларынын арасында климаттын өзгөрүшү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга багытталган БУУӨПтүн глобалдык, инновациялык, интерактивдүү жана дисциплиналар аралык билим берүү демилгеси. Бул окуу куралы балдарга климаттын өзгөрүшүнүн себептерин жана кесепеттерин кызыктуу жана жеткиликтүү түрдө түшүнүүгө, экологиялык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө жана жоопкерчиликтүү жүрүм-турумду калыптандырууга жардам берет. Учурда «Климаттык кутуча» 17 тилде жеткиликтүү , 12 өлкөдө жана 3 аймакта колдонууга ылайыкташтырылган, дүйнө жүзү боюнча 50 000ден ашык окуучуну жана 7000ден ашык мугалимди камтыды.
Кыргыз Республикасында бул материал өлкөнүн 12 жылдык мектеп билим берүү стандартына ылайыкташтырылып, кыргыз тилине которулган. Ал 2024-жылга чейинки климаттык тенденциялардын заманбап талдоосун камтыйт жана өлкөнүн билим берүү артыкчылыктарына шайкеш келет.
Кутучанын методологиясы табигый илимдерден гуманитардык илимдерге чейинки кеңири чөйрөдөгү предметтерди камтыйт жана практикага багытталган ыкманы, анын ичинде кейстерди, чыгармачыл тапшырмаларды жана талкууларды колдонот. Мугалимдер ошондой эле мектеп окуучуларын окутууда климаттык тобокелдиктерге гендердик аялуулук маселелерин жана системалык ой жүгүртүү ыкмаларын изилдешкен.
Бардык балдар үчүн жеткиликтүү окуу чөйрөсүн түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Долбоорго катышкан өлкөлөрдүн арасында биринчи жолу Кыргыз Республикасы Климаттык кутучанын ылайыкташтырылган версияларын - жеңил окуу форматы (Easy to read) жана Брайль шрифтиндеги нускалар иштелип чыгып, колдонууга киргизилди. Бул материалдар көрүү жана когнитивдик жагынан майыптыгы бар балдарга окуу процессине толук кандуу катышууга мүмкүндүк берет.
Бишкектеги мугалимдер окууга жүзмө-жүз катышышса, аймактагы педагогдор онлайн форматында кошулушту. Окутуу аяктагандан кийин, ар бир катышуучу сабактарда жана класстан тышкаркы иш-чараларда андан ары колдонуу үчүн «Климаттык кутуча» комплектин алышты.
«Туруктуу өнүгүү максаттарына жана климаттык аракеттерге жетишүү үчүн климаттык билим берүү» долбоору БУУӨПтүн Россиядагы трасттык фондунун колдоосу менен ишке ашырылууда.