Жаштардын салымы: Климаттык максаттарды жүзөгө ашырууда санариптик мүмкүнчүлүктөр

2026-жылдын 10-февраль, Бишкек — Кыргызстанда климаттын өзгөрүшүнө ылайыкташуу жана туруктуу өнүгүү багытында санариптик жана жаңычыл чечимдерди иштеп чыгууга багытталган Digital4Climate.KG аттуу улуттук демилге иш-чарасы өткөрүлдү. Бул иш-чара IT тармагындагы адистерди, студенттерди жана ар кыл тармактагы жаштарды бириктирди.

2026-ж., 10-February
Large group on conference stage posing for photo; blue backdrop and banners.

Хакатон Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) ишке ашырып жаткан «Климаттык перспектива» аттуу дүйнөлүк демилгенин алкагында уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук деңгээлде аныкталган салымы (УДАС3.0) Париж келишиминин алкагында кабыл алынган өлкөнүн климаттык милдеттенмелерин ишке ашырууга багытталган практикалык салым болду.

Улуттук деңгээлде аныкталган салымдын үчүнчү баскычы (УДАС3.0) Кыргыз Республикасынын климатка туруктуу өнүгүүсү үчүн бирдиктүү алкак түзүп, 2030 жана 2035-жылдарга карата парник газдарынын бөлүнүп чыгышын азайтуу максаттарын, ошондой эле 2030-жылга чейинки адаптация багытындагы артыкчылыктарды бириктирет. Кыргыз Республикасы климаттын өзгөрүшүнүн терс таасирлерине өзгөчө дуушар болгон өлкөлөрдүн катарына кирет. Мындай шартта санариптик жаңычылдыктар менен жаштардын активдүү катышуусу климаттык артыкчылыктарды турмушта колдонууга боло турган, келечекте кеңейүүгө ылайыктуу чечимдерге айлантууга шарт түзөт.

Хакатонго 18 жаштан 35 жашка чейинки жаштар катышып, УДАС3.0 документинде аныкталган негизги тармактык багыттар боюнча долбоорлорду иштеп чыгышты. Алардын катарына кайра жаралуучу энергия булактары, энергияны үнөмдөө жана парник газдарынын бөлүнүп чыгышын кыскартуу, ошондой эле улуттук адаптация күн тартибиндеги артыкчылыктуу багыттар болуп саналган суу ресурстарын башкаруу жана туруктуу айыл чарба кирет. Мындан тышкары, узак мөөнөттүү адамдык жана институттук мүмкүнчүлүктөрдү чыңдоого багытталган салым катары санариптик климаттык билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

«Биз өлкөнүн санариптик экосистемасы климаттык маселелерди чечүүгө реалдуу салым кошо аларын көрүп жатабыз. Хакатон Кыргызстанда УДАС3.0дү ишке ашырууну колдоого жөндөмдүү таланттуу жаштар жана технологиялык мүмкүнчүлүк бар экенин айкын көрсөттү», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын директору орун басары Чубак Темиров.

Хакатондун алгачкы баскычында өлкөнүн бардык аймактарынан командалар тарабынан жалпы 128 арыз тапшырылды. Каракол, Ош жана Бишкек шаарларында өткөн аймактык жарым финалдардын жыйынтыгында улуттук финалга Баткен, Ош, Нарын, Ысык-Көл облустарын жана Бишкек шаарын өкүлчүлүк кылган 22 команда чыкты.

Хакатондун финалдык баскычы 2026-жылдын 10-февралында Бишкек шаарындагы Технопарктын аянтчасында өткөрүлүп, жаштар тарабынан иштелип чыккан эң мыкты санариптик климаттык чечимдерди тааныштыруу үчүн аянтча болду. Финалда сунушталган долбоорлордун негизги басымы алардын иш жүзүндө колдонулушуна жана кеңири жайылтуу мүмкүнчүлүгүнө жасалды.

«Улуттук деңгээлде аныкталган салымдын үчүнчү баскычы (УДАС3.0) өлкөнүн климатка туруктуу өнүгүү жолун аныктаган стратегиялык документ болуп саналат. Digital4Climate.KG демилгеси УДАСта белгиленген артыкчылыктарды жаңычыл ыкмалар, технологиялар жана жаштардын активдүү катышуусу аркылуу ишке ашырууга болорун ачык көрсөтүп берди», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрдин орун басары Асель Раимкулова.

Катышуучулар өз долбоорлорун эксперттик калыстар тобуна, демилгенин өнөктөштөрүнө жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө сунушташты. Финалдык этаптын жыйынтыгында жеңүүчү командалар аныкталды. Биринчи орунду Ботаники командасы жана Smart Теплица командасы, экинчи орунду Bars командасы жана GreenVUZ командасы, үчүнчү орунду Zero Waste Eco командасы ээледи.

Жеңүүчүлөр идеяларын ишке жарамдуу санариптик чечимдерге айландыруу үчүн зарыл болгон техникалык жана эксперттик колдоону камтыган, акчалай эмес сыйлыктарга ээ болушту. Бул сыйлыктардын шарттуу наркы биринчи орун үчүн 7 000 АКШ долларын, экинчи орун үчүн 5 000 АКШ долларын жана үчүнчү орун үчүн 2 000 АКШ долларын түздү. Сыйлык пакети БУУӨП, Enactus Кыргызстан, GEEKS Эл аралык IT академиясы, PROLab IT компаниялар тобу жана Элдик Банк тарабынан камсыздалды. 

Хакатондун жыйынтыгында биринчи орунду эки команда бөлүштү. Ысык-Көл облусунан чыккан «Ботаниктер» командасы AquaGov платформасын иштеп чыкты - бул суу менен камсыз кылуудагы көйгөйлөр боюнча арыздарды жөнөтүүгө жана суу чарба ишканаларынын ишин көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берген ыңгайлуу санариптик курал. Сервис тургундарга маселелерди тез кабарлоого, ал эми коммуналдык кызматтарга алсыз жерлерди көрүп, ыкчам чара көрүүгө жардам берет. Ош облусунан чыккан Smart Теплица командасынын чечими да технологиялык жактан өзгөчөлөндү - бул фермерлерге күнөсканалардагы климатты көзөмөлдөөгө, сууну үнөмдөөгө жана өсүмдүктөрдөгү көйгөйлөргө тез жооп берүүгө жардам берген акылдуу система. Мындай ыкма аба ырайына байланыштуу тобокелчиликтерди азайтып, туруктуураак түшүм алууга шарт түзөт.

Хакатондун жыйынтыгында экинчи орунду да эки команда бөлүштү. Чүй облусунан чыккан «Барс» демилгелүү тобу EcoLife платформасын сунуштап, жаштарды оюн форматтары, челленждер жана биргелешкен акциялар аркылуу экологиялык аракеттерге тартууну көздөйт. Долбоор экологияга кам көрүүнү күнүмдүк адатка айлантууга жардам берип, таштандыларды бөлүп чогултуу жана эко-демилгелерге катышуу үчүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Ал эми Ош облусунан чыккан GreenВУЗ командасы TreeTracker долбоорун сунуштады - дарак отургузууларды эсепке алып, алардын абалын көзөмөлдөөгө арналган сервис. Бул долбоор экологиялык демилгелердин ачыктыгын арттырып, көзөмөлсүз кыйуунун тобокелчиликтерин азайтууга жана токой ресурстарын сактоого жарандык жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган.

Үчүнчү орунду Чүй облусунан чыккан Zero Waste Eco командасы ээледи. Алар иштеп чыккан «Сүзмө фито-аралдар» долбоору булганган жана сазданып кеткен суу объектилерин калыбына келтирүүгө багытталган. Чечим химиялык каражаттарды колдонбостон сууну тазалоого жана суу объектилерине кычкылтекти кайтарууга жардам берет. Бул ыкманы балык чарбачылыгында, туристтик аймактарда жана эс алуу жайларында колдонсо болот.

«Климаттын өзгөрүшү — азыркы замандын эң олуттуу глобалдык чакырыктарынын бири. Аны жеңүү үчүн милдеттенмелерден конкреттүү иш-аракеттерге өтүү зарыл. Digital4Climate.KG демилгеси жаштар жетектеген санариптик инновациялар улуттук климаттык артыкчылыктарды ишке ашырууга кандайча салым кошо аларын айкын көрсөтүп, шыктандыруучу үлгү болуп саналат. Түркия жаштарга практикалык жана масштабдуу чечимдерди иштеп чыгууга жана ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген демилгелерди мындан ары да колдой берет», — деп белгиледи Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окема. 

Элчинин иш-чарага катышуусу ошондой эле эл аралык контекстке басым жасайт: 2026-жылы Түркия Анталья шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүүсү боюнча 31-Тараптар конференциясын (COP31) өткөрөт. Бул практикалык чечимдерге жана кеңейтүүгө мүмкүн болгон өнөктөштүктөргө басым жасайт, жана Digital4Climate.KG демилгеси да муну ачык көрсөтүп жатат.

«УДАС — новаторлор жана инвесторлор үчүн жол картасы. Ал туруктуу экономикалык өсүштүн, билим берүүнүн жана келечектеги кесиптердин негизги багыттарын көрсөтөт. Ошондуктан БУУӨП өкмөт, эл аралык эксперттер, жеке сектор жана жаштар менен күчтөрүн бириктирип, пилоттук чечимдерди иштеп чыгууга киришти», — деп белгиледи Александра Соловьева, БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү. 

«Digital4Climate.KG демилгесин колдоо Банктын климаттык жана санариптик инновациялар экосистемасын өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсү үчүн практикалык чечимдерди сунуштаган жаш ишкерлерди колдоого умтулуусун чагылдырат», — деп белгиледи «Элдик Банк» ААКсынын Башкармалыгынын мүчөсү Айджан Кариева.

Digital4Climate.KG хакатону БУУӨПтүн тарабынан Enactus Кыргызстан, Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы, Элдик Банк, GEEKS эл аралык IT академиясы жана PROLab IT компаниялар тобу менен өнөктөштүктө ишке ашырылды.

«Биз үчүн бул хакатон климат тууралуу гана сөз кылуунун мүмкүнчүлүгү эмес, чыныгы чечимдерди сунуштоого мүмкүнчүлүк берди. Санариптик технологиялар өлкөбүздүн климаттык өзгөрүүлөргө ылайыкташуусуна жардам берип, өнүгүүнү туруктуу кылууга канчалык салым кошо аларын көрдүк. Өзгөчө маанилүүсү, жаштардын үнү угулду», — деп белгиледи хакатонго катышкан финалдык командалардын өкүлү.

Бул хакатон Кыргызстанда УДАС3.0 алкагында санариптик климаттык чечимдерди колдоого багытталган алгачкы масштабдуу улуттук аянтча болуп, жаштардын климаттык трансформациялар жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүндөгү кыймылдаткыч күч катары потенциалын көрсөткөн. Иш-чара жаштардын демилгелерин, жеке секторду жана донордук коомчулукту бириктирип, узак мөөнөттүү өнөктөштүктөрдү түзүү жана улуттук масштабдагы системалык климаттык чечимдерди илгерилетүү үчүн платформаны камсыз кылды.