Кыргызстан GovTech жана санариптик саламаттык сактоо системаларын чыңдоодо

Бишкек, 2026-жылдын 24-апрели — БУУнун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жана Президенттин Иш башкармасы менен биргеликте өлкөнүн санариптик келечегин калыптандырган негизги мамлекеттик институттардын жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрүн бириктирген эки күндүк санариптик өнүктүрүү семинарын өткөрүүдө. Семинар санариптик трансформацияга багытталган, мамлекеттик деңгээлде жакшыраак координацияланган жалпы ыкманы калыптандырууга өбөлгө түзөт. Бул өз кезегинде мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатууга жана жарандар үчүн реалдуу, сезилерлик натыйжаларга жетүүгө багытталган.

2026-ж., 24-April

Иш-чара БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары фондунун «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы санариптик ажырымды жоюу» Биргелешкен программасынын алкагында уюштурулду. 

Семинардын стратегиялык максаты — ведомстволор аралык координацияны бекемдөө жана санариптик трансформацияга бирдиктүү улуттук мамилени калыптандыруу. Иш-чарага Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги, Президенттин Иш башкармасынын жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышуудa.  

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов:

 “Акыркы жылдары мамлекет тарабынан олуттуу иштер аткарылды. Бул багытта өнүгүү боюнча өнөктөштөрүбүздүн, айрыкча БУУӨПтүн салымын өзгөчө белгилеп кетүү керек. Негизги санариптик инфраструктура түзүлдү, маалымат алмашуу платформасы аркылуу ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү өнүгүп жатат, электрондук мамлекеттик кызматтардын тизмеси кеңейүүдө, жаңы идентификациялоо сервистери киргизилүүдө жана калк үчүн кызматтардын жеткиликтүүлүгү жогорулоодо. Бул — маанилүү фундамент”. 

БУУӨП Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева төмөндөгүдөй белгиледи:

 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө координацияны бекемдөөдө, системалардын өз ара иштешүүсүн (интероперабелдүүлүгүн) камсыздоодо жана санариптик трансформация боюнча бирдиктүү улуттук ыкманы калыптандырууда колдоо көрсөтүп келет. Бул ар кандай тармактарда санариптик системаларды интеграциялоону, мамлекеттик кызматтарга жетүүнү кеңейтүүнү жана санариптик чечимдер жарандар үчүн реалдуу натыйжа берүүсүн камсыздоону камтыйт. 
Улуттук өнөктөштөр менен биргеликте БУУП саламаттык сактоо жана социалдык коргоо тармактарында санариптик системаларды интеграциялоого көмөктөшүүдө — электрондук эмгекке жарамсыздык баракчаларынан тартып модернизацияланган маалыматтык системаларга чейин. Бул мекемелердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатып, кызматтарга калктын ар катрмарлары, анын ичинде майыптыгы бар адамдар дагы жетүүнү кеңейтет». 

Улуттук санариптик чөйрө 

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар өлкөнүн учурдагы санариптик ландшафтын карап, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүдөгү ийгиликтүү тажрыйбалар менен таанышат жана координацияланган жооп берүүнү талап кылган системалык кыйынчылыктарды талкуулашат. «Түндүк» ААК жана «Кызмат» ММ өкүлдөрү улуттук санариптик күн тартибин өнүктүрүүнүн институционалдык келечегин чагылдырып беришет, андан соң катышуучулар топтук жумуш алкагында GovTech санариптик экосистемасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын аныкташып, келечектеги долбоордук сунуштар үчүн сунуш-пикирлерди иштеп чыгат. Саламаттык сактоону жана социалдык коргоону санариптештирүүгө өзүнчө блок арналган: катышуучулар системалар аралык өз ара иштешүүнү талкуулайт, санариптик саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү IT-системалардын аудитинин жыйынтыктары менен таанышат, эл аралык стандарттарды (FHIR, HL7) карап чыгат жана тармактагы санариптик трансформациянын ийгилигин өлчөө үчүн практикалык KPI көрсөткүчтөрүн иштеп чыгат. 

Семинар мамлекеттик органдар, санариптик инфраструктура операторлору жана эл аралык өнөктөштөр арасындагы диалог жана идея алмашуу аянтчасына айланды.  

БУУӨП 2028-жылга чейинки Улуттук санариптик стратегияны ишке ашырууда — санариптик компетенцияларды өнүктүрүү, IT-системаларды башкарууну жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө бөлүгүндө — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн колдоону улантууга даярлыгын ырастады.  

БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) боюнча Биргелешкен фондунун «Саламаттык сактоодогу санариптик ажырымды жоюу» Биргелешкен программасынын алкагында Туруктуу координатордун жетекчилиги астында жана БУУӨП, ЮНИСЕФ, ДДУ жана ЮНФПА катышуусунда Европалык Биримдиктин каржылоосу менен ишке ашырылып жаткан программанын алкагында.