Ат-Башы районунун Ак-Жар айылынын тургуну Салкын Баймурзаева он жылдан ашык убакыттан бери кыргыздын салттуу сүт азыктарын чыгарат. Үч уюнун сүтүнөн сары май сызгырып, курут жасап, нукура кыргыз салттары боюнча талкан жасайт, ошол эле учурда чыгарган азыктарынын нак сакталышына жана жогорку сапатына өзгөчө көңүл бурат. Тажрыйбасынын молдугуна карабастан, бул иш узак жылдар бою чакан үй-бүлөлүк өндүрүш бойдон калып келген. Сүйүктүү ишин туруктуу киреше булагына айландыруу жана өз бизнесин өнүктүрүү үчүн зарыл болгон билимдерди алуу максатында, Салкын БУУӨП тарабынан 2024–2025-жылдары ишке ашырылган Аялдардын креативдүү лабораторияларынын (Women Creative Labs) жети айлык билим берүү программасына кирген.
Тиричиликте колдонуудан туруктуу ишкердикке: Салкын Баймурзаеванын ийгилигинин тарыхы
2026-ж., 7-August
Салкын Баймурзаева
Ат-Башы районунун Ак-Жар айылынын тургуну Салкын Баймурзаева он жылдан ашык убакыттан бери кыргыздын салттуу сүт азыктарын чыгарат. Үч уюнун сүтүнөн сары май сызгырып, курут жасап, нукура кыргыз салттары боюнча талкан жасайт, ошол эле учурда чыгарган азыктарынын нак сакталышына жана жогорку сапатына өзгөчө көңүл бурат.
Тажрыйбасынын молдугуна карабастан, бул иш узак жылдар бою чакан үй-бүлөлүк өндүрүш бойдон калып келген. Сүйүктүү ишин туруктуу киреше булагына айландыруу жана өз бизнесин өнүктүрүү үчүн зарыл болгон билимдерди алуу максатында, Салкын БУУӨП тарабынан 2024–2025-жылдары ишке ашырылган Аялдардын креативдүү лабораторияларынын (Women Creative Labs) жети айлык билим берүү программасына кирген.
Бул демилге айылдык аялдарга үй өндүрүшүнөн, кол өнөрчүлүктөн жана хоббиден ишкердикке карай алгачкы кадамдарды жасоого жардам берет. Программа ишкердик көндүмдөрдү, каржылык сабаттуулукту, маркетингди жана продукцияны илгерилетүүнү өнүктүрүүгө багытталып, катышуучуларга өз иштерин акырындык менен өстүрүүгө жана өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү табууга көмөктөшөт.
Бүгүнкү күндө Салкындын чарбасы күнүнө 36 литрге жакын сүт алат, бул күнүнө 3 килограммга чейин, ал эми айына болжол менен 80–90 килограмм даяр курут өндүрүүгө мүмкүндүк берет. Анын туруктуу төрт кардары бар, алар таза курутту үзгүлтүксүз сатып алып, туристтерге сунуштап, Кыргызстандын меймандарын улуттук салттуу азыктар менен тааныштырып келишет.
Өндүрүш азырынча чакан үй-бүлөлүк ишкана бойдон калууда, бирок акыркы жылдары үй-бүлөнүн продукция сатуудан түшкөн кирешеси эки эсеге өстү. Салкын үчүн бул чек эмес, тескерисинче, чакан үй өндүрүшү акырындык менен туруктуу үй-бүлөлүк бизнеске айлана аларын далилдеген көрсөткүч.
Салкын өз ишин адамдарга чын жүрөктөн кам көрүү менен өнүктүрөт. Ал үчүн салттуу рецепттерди сактоо менен кошо сатып алуучулардын таза жана коопсуз азыктарды алып жатканына ишенимдүү болуусу да абдан маанилүү. Дал ушул себептен ал өндүрүштүн ар бир этабында продукциянын сапатын жеке өзү көзөмөлдөйт.
Пандемия убагында бул принцип өзгөчө ачык көрүндү. Салкын зарыл болгон азык-түлүктөрдү сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок же дарыланып жаткан адамдарга үй продукциясын жеткирип берүү үчүн атайын чабарман жалдаган. Бул кадам анын жашоодогу башкы принцибин чагылдырат - ар дайым адамдарга кам көрө берүү анын ишинин ажырагыс бөлүгу бойдон кала бермекчи.
Women Creative Labs программасына катышуу анын ишкердик көндүмдөрүн өнүктүрүүдөгү маанилүү баскыч болуп калды. Салкын каржылык сабаттуулук, ишкердик жана бизнести өнүктүрүү боюнча окутуудан өтүп, продукцияны илгерилетүү жана маркетинг боюнча практикалык билимдерди алды, ошондой эле башка ишкер аялдар менен тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул ага өз ишин өнүктүрүүгө жаңыча көз караш менен кароого, өсүүнүн кийинки багыттарын аныктоого жана чакан ишканасынын келечегин ишенимдүү пландаштырууга жардам берди.
Алган билимдери кийинки кадамдарына негиз болуп берди. Жакын арада Салкын өндүрүш контейнерин жылуулап, малдын башын көбөйтүүнү пландаштырууда, бул өндүрүштүн көлөмүн акырындык менен кеңейтүүгө жана анын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. Келечекте ал кыргыздын улуттук сүт азыктары боюнча жеке брендин өнүктүрүп, анын кошумча наркын жогорулатууну жана сатып алуучулардын чөйрөсүн кеңейтүүнү көздөп жатат.
Бул демилге мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өнөктөштүктө БУУӨП тарабынан ишке ашырылган жана 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын адам капиталын, аялдар ишкердигин, креативдүү экономиканы жана аймактарды өнүктүрүү багытындагы артыкчылыктуу максаттарына жетүүгө салым кошот.
Маалымдама
Салкын Баймурзаеванын мисалы аялдардын ишкердик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жумшалган инвестициялар жер-жерлерде жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө кандайча жардам берерин көрсөтүп турат. Women Creative Labs демилгеси аркылуу БУУӨП айылдык аялдарга кол өнөрчүлүктү, үй өндүрүшүн жана сүйүктүү ишин киреше булагына айландырууга, ишкердик компетенцияларын өнүктүрүүгө, рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жана акырындык менен туруктуу бизнестин негизин түзүүгө көмөктөшөт. Мындай мамиле жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө, адам капиталын чыңдоого жана аялдар менен алардын үй-бүлөлөрүнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Нарын облусунда БУУӨПтүн колдоосу менен Ак-Жар, Кызарт жана Кочкор айылдарында үч Аялдардын креативдүү лабораториясы ачылган. Демилгени ишке ашыруу учурунда 313 аял алардын резиденти болду, дагы 1 589 кыз-келин Women Creative Labs коомчулугуна кошулду, ал эми катышуучулар ишкердик, каржылык сабаттуулук, маркетинг жана креативдүү экономиканы өнүктүрүү боюнча 83төн ашык билим берүү иш-чараларына катышууга мүмкүнчүлүк алышты.