БУУӨП Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине климаттык билим берүүнү чыңдоо максатында «Климаттык кутучаны» өткөрүп берди

Бишкек, 2026-жылдын 11-марты — БУУӨП Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине «Климаттык кутуча» окуу-усулдук комплекттерин басма жана электрондук форматта расмий түрдө өткөрүп берди.

2026-ж., 11-March
Blue banner with Russian text and corner logos; curved strip shows smiling students at bottom.

Өткөрүлгөн материалдардын курамына төмөнкүлөр кирет: окучулар үчүн кыргыз жана орус тилдериндеги окуу куралдары, окуу-оюн комплекттери, ошондой эле материалдардын инклюзивдүү версиялары — Easy-to-Read («жөнөкөй сөздөр менен») форматындагы жана Брайль шрифти менен даярдалган варианттары. Мындан тышкары, педагогдор үчүн климаттын өзгөрүшү боюнча класстан тышкаркы иш-чараларды уюштурууга жана долбоордук окутууга арналган колдонмолор жана жетекчиликтер да тапшырылды.

«Климаттык теманы мектептик билим берүүгө интеграциялоо — өлкөнүн коопсуздугуна жана туруктуу өнүгүүсүнө кошулган салым. “Климаттык кутуча” мугалимдерге даяр инструменттерди, ал эми окуучуларга түшүнүктүү билимди жана практиканы берет. Бул айлана-чөйрөгө жана жаратылыш ресурстарына жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырат», 

— деди Алмаз Токтомамбетов, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору.

Бүгүнкү күндө «Климаттык кутуча» 17 тилде жеткиликтүү болуп, 12 өлкөдө жана 3 аймакта колдонууга ылайыкташтырылган. Программа дүйнө жүзү боюнча 50 000ден ашуун окуучуну жана 7 000ден ашуун педагогду камтыды.

Россия Федерациясынын Элчилигинин кеңешчиси Иван Прокопенко төмөнкүлөрдү белгиледи: 

«Россия Федерациясы Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнө көп кырдуу көмөк көрсөтүп келет — бул эки тараптуу жана көп тараптуу демилгелердин алкагында ишке ашууда. Айрыкча, Россия жыл сайын Кыргызстандагы БУУ агенттиктеринин ар кандай долбоорлоруна 3–5 млн АКШ долларына чейин каражат бөлөт. 2016-жылдан бери ишке ашырылып келе жаткан “Климаттык кутуча” долбоору Кыргыз Республикасынын дээрлик бардык мектептерин окуучулардын экологиялык аң-сезимин жогорулаткан жана жоопкерчиликтүү жүрүм-турумду өнүктүрүүгө көмөктөшкөн инновациялык материалдар комплекттери менен камсыздоого мүмкүнчүлүк бергени кубандырат. Бүгүн бул жерде көздөрү күйгөн таланттуу балдарды көрүү өзгөчө жагымдуу — алар биздин биргелешкен долбоордун аркасында да өздөрүнүн оригиналдуу идеяларын ишке ашырып жатышат».

 

Ишке ашыруу жүрүшүндө инклюзивдүүлүккө өзгөчө көңүл бурулду: Кыргыз Республикасы БУУӨПтүн глобалдык долбоору колдогон өлкөлөрдүн арасында биринчи болуп «Климаттык кутучанын» материалдарын Easy-to-Read жана Брайль форматтарына ылайыкташтырды. Бул өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдардын билим алууга жеткиликтүүлүгүн кеңейтип, инклюзивдүү чөйрөдө иштеген педагогдордун инструментарийин да чыңдады.

Александра Соловьева, БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү, мындай деди: 

«Климаттык билим берүү — өлкөнүн келечегине жасалган инвестиция. “Климаттык кутучаны” Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине өткөрүп берүү менен биз Кыргызстандагы ар бир окуучу климаттын өзгөрүшү анын жашоосуна кандай таасир этерин жана ал бүгүнтөн тарта кандай чечимдерди кабыл ала аларын түшүнүшү үчүн дагы бир кадам жасайбыз. Айрыкча, материалдардын бардык балдар үчүн, анын ичинде майыптыгы бар  окуучулар үчүн да жеткиликтүү болушу абдан маанилүү. Бул климаттык билим берүүнү чыныгы инклюзивдүү жана заманбап кылат». 

Иш-чаранын алкагында мектептик демилгелердин «Климаттык кутуча иш жүзүндө» аттуу интерактивдүү көргөзмөсү өттү. Мектеп командалары комплекттин сабактары жана тапшырмаларынын негизинде даярдалган долбоорлорун жана практикалык чечимдерин сунушташты: абанын сапатын жакшыртуу жана күнөскананын көрсөткүчтөрүн көзөмөлдөө боюнча идеялардан тартып, биотүрдүүлүк, аң-сезимдүү керектөө жана таштандыларды сорттоо боюнча демилгелерге чейин. Көргөзмөнүн форматына кыска презентациялар, прототиптерди жана макеттерди көрсөтүү, постерлер, ошондой эле окуучулардын коноктордун суроолоруна жооп берүүсү кирди.

Программанын негизги бөлүгү катары окуучулар жана педагог сөз сүйлөп, климаттык тематика боюнча билим берүү иш-чараларына катышуудагы жеке тажрыйбалары жана «Климаттык кутучанын» материалдарын окуу процессинде колдонуу тууралуу бөлүштү — сабак учурунда да, ошондой эле долбоордук ишмердүүлүк, командалык иш жана мектеп деңгээлиндеги демилгелер аркылуу да.

Бишкек шаарындагы № 94 орто мектептин окуучусу Абдыжапаров Нурасыл мурда климат темасы ага татаал жана алыс көрүнгөнүн белгилеп, бирок «Климаттык кутучанын» түшүнүктүү мисалдары жана практикалык тапшырмалары аркылуу климаттын өзгөрүшү боюнча маселелерди жакшыраак түшүнө алганын жана климаттык өзгөрүүлөр Кыргыз Республикасына да, адамдардын күнүмдүк жашоосуна да түздөн-түз тиешелүү экенин аңдаганын айтты.

Талас шаарындагы № 2 орто мектептин география мугалими Ангела Ганюк климаттык тематика ар кайсы предметтерге интеграцияланышы керектигин, анткени бул дисциплиналар аралык ой жүгүртүүнү өнүктүрөрүн билдирди. Анын айтымында, конференцияга катышкандан кийин ал долбоордук тапшырмаларды, интерактивдүү материалдарды жана реалдуу маалыматтар менен иштөөнү активдүүрөөк колдоно баштаган жана окуучулардын тараптан байкаларлык кызыгуу бар экенин көрүп жатат.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр жана донордук коомчулуктун өкүлдөрү, жалпы билим берүүчү жана адистештирилген (коррекциялык) мектептердин мугалимдери жана методисттери, ошондой эле өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдар менен иштеген адистер катышты.

БУУӨП он жылдан ашуун убакыттан бери инновациялык билим берүү чечимдерин иштеп чыгууга жана киргизүүгө инвестиция салып келет. Алардын бири — «Климаттык кутуча»: бул БУУӨПтүн глобалдык демилгеси болуп, эл аралык кызматташуу жана жергиликтүү шарттарга ылайыкташтыруу жаш муундун климаттык сабаттуулугун кантип жогорулата аларын көрсөтөт. 2014-жылы Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүндө пилот катары башталган программа өзүнүн натыйжалуулугун далилдеп, азыр экинчи — кеңейтилген фазада ишке ашырылууда: санариптик инструменттер, инклюзивдүү версиялар жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү менен.

Долбоор Россия Федерациясынын финансылык колдоосу менен жүзөгө ашырылууда.

Маалымат үчүн: «Климаттык кутуча» Кыргыз Республикасында 2016-жылдан бери киргизилип келет. 2016–2017-жылдары инструмент кеминде 125 мугалимдин катышуусу менен 21 мектепте апробациядан өткөн. 2017–2018-жылдары программа кеминде 100 мектепке жана 500 педагогго чейин кеңейген, ал эми 2018–2019-жылдары камтуу кеңири киргизүү деңгээлине жетип, өлкөнүн дээрлик бардык мектептерин камтыган.