Гранттык долбоорлорду ишке ашырууга гранттык сунуштарды берүүгө өтүнмө

БУУӨП Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте Жапон Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Борбор Азияда кырсыктардын тобокелдигине жана климаттын өзгөрүшүнө карата шаарлардын туруктуулугун жогорулатуу" долбоорунун алкагында чакан гранттардын конкурсун жарыялайт.

2026-ж., 4-August
Drone aerial view of a coastal town with red-roofed houses, a rocky plateau, and sunset.

Ош шаарынын бийиктен көрүнүшү

Конкурс Ош шаарынын табигый жана климаттык коркунучтарга туруктуулугун жогорулатууга, шаардын заманбап инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө түзгөн практикалык демилгелерди колдоого багытталган. 

КОНКУРСТУН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ

Өтүнмө ээлери өз алдынча техникалык чечимдерди иштеп чыккан салттуу гранттык программалардан айырмаланып, бул конкурстун алкагында БУУӨП Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте артыкчылыктуу объекттерди аныктап, алардын ар бири боюнча техникалык материалдарды жана алдын ала сметаларды даярдаган.

Бул уюмдарга техникалык чечимдерди жана документтерди колдонуу менен сапаттуу долбоордук сунушту даярдоого жана долбоорду натыйжалуу ишке ашырууга көңүл бурууга мүмкүндүк берет. Зарыл болгон учурда талапкерлер кошумча техникалык материалдарды сурап жана БУУӨПтүн адистеринен кеңеш ала алышат. 

КИМДЕР КАТЫША АЛЫШАТ?

Катышууга Кыргыз Республикасында катталган, коомдоштуктарды өнүктүрүү, инфраструктура, экология, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо, кырсыктардын коркунучун азайтуу же окшош багыттар чөйрөсүндө долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасы бар бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар чакырылат. 

КАЙСЫ ДОЛБООРЛОР КОЛДООГО АЛЫНАТ?

2026-жылы конкурс төмөнкү багыттар боюнча өткөрүлөт:

  • сууну үнөмдөө практикаларын жакшыртуу; 
  • жаратылышка багытталган чечимдерди киргизүү жана шаардык жашыл инфраструктураны өнүктүрүү; 
  • социалдык жана шаардык инфраструктуранын объекттеринин энергия натыйжалуулугун жогорулатуу. 

Долбоордук сунуштар көрсөтүлгөн багыттардын бирөөсүнө ылайык келүүгө жана Конкурска колдонмого 1-тиркемеге киргизилген объекттердин бирөөсү менен байланышта болууга тийиш. 

КОНКУРСТУН НЕГИЗГИ ШАРТТАРЫ

  • долбоорду ишке ашыруунун мөөнөттөрү — 10 айга чейин; 
  • милдеттүү тең каржылоо — суралып жаткан гранттын (акчалай же акчалай эмес) суммасынын 20% кем эмес; 
  • бир уюм экиден ашык эмес долбоордук өтүнмө бере алат;
  • кызыкдар уюмдар документтердин толук топтомун 1-сентябрда саат 18:00гө чейин grants.env.kg@undp.org электрондук дарегине жөнөтүүгө зарыл.       

Потенциалдуу өтүнмө берүүчүлөр үчүн окутуучу тренинг 

Уюмдарга сапаттуу долбоордук сунуштарды даярдоого жардам берүү үчүн БУУӨП 2026-жылы 6-августта Ош шаарында потенциалдуу талапкерлер үчүн окутуу тренингин өткөрөт (он-лайн катышуучулар үчүн - grants.env.kg@undp.org электрондук дарек боюнча шилтеме алуу үчүн кайрылуу керек) 

Тренинг учурунда катышуучулар:

  • конкурстун шарттары жана тандоо жол-жоболору менен тааныша алышат; 
  • долбоордук өтүнмөнү, бюджетти жана календардык планды даярдоо боюнча сунуштамаларды ала алышат; 
  • долбоорду иштеп чыгууда берилүүчү техникалык материалдарды жана алдын ала сметаларды колдонуу тууралуу биле алышат; 
  • БУУӨПтүн адистерине сууроолорду берип, зарыл түшүндүрмөлөрдү ала алышат. 

Эгерде сиз тренингге катышууга кызыкдар болсоңуз жана иш-чаранын өткөрүлө турган жери жана программасы тууралуу маалымат алгыңыз келсе, сураныч,  суроо-талапты grants.env.kg@undp.org электрондук почтасына жөнөтүңүз. 

ӨТҮНМӨНҮ КАНТИП БЕРСЕ БОЛОТ?

Документтердин толук топтомун PDF форматында  grants.env.kg@undp.org электрондук почтасына жөнөтүү керек. 

Каттын темасы:
Urban Resilience_Low Value Grants 2026

Өтүнмөлөрдү кабыл алуунун мөөнөтү:
2026-жылдын 1-сентябры саат 18:00гө чейин.

Белгиленген мөөнөттөн кийин берилген өтүнмөлөр, ошондой эле милдеттүү документтердин пакети толук эмес болгон өтүнмөлөр андан ары кароого киргизилбеши мүмкүн.

Эгерде өтүнмөдө берилген маалыматты тактоо үчүн зарыл болсо, БУУӨП баалоонун жүрүшүндө кошумча түшүндүрмөлөрдү же документтерди талап кылуу укугун өзүнө калтырат. Конкурстун жыйынтыгы боюнча бардык талапкерлер жыйынтыгы жөнүндө кабарланат. Мында ар бир өтүнмө боюнча жекече кайтарым байланышка кепилдик берилбейт. Гранттык баалоо комиссиясынын чечими акыркы чечим болуп саналат.

ДОКУМЕНТТЕРДИ КАЙДАН АЛСА БОЛОТ?

Конкурстун колдонмосун, табыштаманын формасын, календардык планды, бюджеттин формасын, ошондой эле конкурстун артыкчылыктуу объектилери жана багыттары жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн сайтынын ушул бөлүмүнөн жүктөп алса болот.

Конкурстун маселелери боюнча, ошондой эле техникалык материалдарды жана кошумча түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн grants.env.kg@undp.org электрондук дареги боюнча кайрылса болот.