Кыргыз Республикасы 2026-жылдын эки негизги эл аралык конференциясына карата климаттын өзгөрүшү жана биоартүрдүүлүктү сактоо маселелери боюнча бирдиктүү улуттук позициясын калыптандырууда. Бул иш-чаралар — Анталья шаарында өтүүчү БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясы (COP31) жана Ереван шаарында өтүүчү БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын Тараптарынын 17-конференциясы (COP17) болуп саналат.
Кыргызстан COP31 жана COP17 алдында климат жана биоартүрдүүлүк боюнча улуттук артыкчылыктарын бекемдейт
2026-ж., 8-October
Мындан аркы даярдыктын негизги багыттары Бишкек шаарында өткөн Улуттук климаттык жана экологиялык диалогдо макулдашылды. Бул диалог КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан демилгеленип, БУУӨПтүн техникалык колдоосу жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ДАТП) өнөктөштүгү менен уюштурулду. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин, тиешелүү мамлекеттик органдардын, БУУ тутумунун, эл аралык уюмдардын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышты. Ошондой эле аларга илимий жана эксперттик коомчулуктун, жарандык коомдун, жаштардын, финансылык жана жеке сектордун өкүлдөрү кошулду. Макулдашылган артыкчылыктар Кыргызстандын улуттук делегацияларынын COP31 жана COP17 конференцияларындагы иштеридин негизин түзөт.
Кыргызстан үчүн бул сүйлөшүүлөр — тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо жана эл аралык коомчулуктун көңүлүн тоо экосистемалары менен мөңгүлөрдүн абалына буруу үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Ошондой эле алар өнөктөштүктү чыңдоого жана климаттык, экологиялык каржылоого, технологияларга жана билимдерге жетүүнү кеңейтүүгө көмөктөшөт. Өлкөнүн климаттын өзгөрүшүнө ийгиликтүү ыңгайлашуусу, суу жана жер ресурстарын сактоосу, айыл чарбасы менен энергетиканы өнүктүрүүсү жана калк үчүн тобокелдиктерди азайтуусу түз эле глобалдык деңгээлде кабыл алынган чечимдерден көз каранды.
«Бизге суу чарба инфраструктурасына, сууну үнөмдөөчү технологияларга, климатка туруктуу айыл чарбасына, жерлерди жана жайыттарды калыбына келтирүүгө, экосистемаларды сактоого, ошондой эле байкоо жүргүзүү жана алдын ала эскертүү тутумдарына инвестициялар керек», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков.
«Кыргызстан үчүн климаттык туруктуулук жана жаратылышты сактоо — бул мамлекеттик саясаттын өзүнчө бөлүнүп калган багыттары эмес. Алар суу жана азык-түлүк коопсуздугу, айылдык аймактарды өнүктүрүү, энергетика жана экономиканын туруктуулугу менен түздөн-түз байланыштуу», — деди Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акылбек Токтобаев.
«Биздин милдет — бул эки аянтчаны тек гана иш-чараларга катышуу үчүн эмес, эң биринчи кезекте расмий сүйлөшүүлөрдө, жыйынтыктоочу документтерде жана жогорку деңгээлдеги талкууларда тоо күн тартибин алга жылдыруу үчүн пайдалануу болуп саналат», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президентинин Тоо күн тартиби боюнча Атайын өкүлү Динара Кемелова.
«Кыргызстан климат, жаратылыш жана өнүгүү чегиндеги чечимдерди иштеп чыгуу үчүн чоң потенциалга ээ. Биздин өнөктөш катары милдетибиз — улуттук артыкчылыктарды эл аралык экспертиза, технологиялар, каржылык инструменттер жана өнөктөштүктөр менен бириктирүүгө көмөктөшүү. Бул климаттык жана экологиялык чечимдердин масштабын кеңейтип, адамдар менен экономика үчүн реалдуу натыйжаларды алып келүүсүн шарттайт», — деп баса белгиледи БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева.
БУУӨП жана БУУнун ДАТП Кыргызстандын улуттук аракеттерин жигердүү колдоп келет. Алар мамлекеттик институттардын дараметин өнүктүрүүгө, эл аралык тажрыйбаны тартууга, азык-түлүк тутумдарынын туруктуулугун чыңдоого, климаттык аракеттерди колдоого жана каржылоону мобилизациялоо мүмкүнчүлүктөрүн издөөгө көмөк көрсөтүшөт.