Кыргызстандык жаштар, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү жана климат боюнча эксперттер Бишкекте өткөн LCOY Kyrgyzstan 2026 Улуттук жаштар климаттык конференциясына чогулуп, өлкөнүн климаттык артыкчылыктарын ишке ашырууда жаштардын ролун талкуулашты жана улуттук климаттык диалог үчүн конкреттүү сунуштарды иштеп чыгышты
Жаштар жана мамлекет Кыргызстандагы климаттык аракеттерди күчөтүү үчүн күч-аракеттерин бириктирүүдө
2026-ж., 9-October
Бишкек, 2026-жылдын 9-октябры — Кыргызстандык жаштар, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү жана климат боюнча эксперттер Бишкекте өткөн LCOY Kyrgyzstan 2026 Улуттук жаштар климаттык конференциясына чогулуп, өлкөнүн климаттык артыкчылыктарын ишке ашырууда жаштардын ролун талкуулашты жана улуттук климаттык диалог үчүн конкреттүү сунуштарды иштеп чыгышты.
LCOY Kyrgyzstan 2026 демилгесин жаштар активисттери Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жана Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурду. Демилге ноябрь айында Түркиянын төрагалыгы астында Анталья шаарында өтө турган Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун Алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясынын (COP31) алдында өткөрүлүүдө.
Кыргызстан климаттык аракеттердин улуттук негиздерин ырааттуу түрдө бекемдеп келет. Өлкөнүн Улуттук деңгээлде аныкталган салымынын (ОНУВ 3.0) алкагында климаттык саясаттын негизги багыттары, анын ичинде парник газдарынын бөлүнүп чыгышын кыскартуу, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, туруктуулукту күчөтүү, климаттык каржылоону тартуу жана туруктуу, аз көмүртектүү өнүгүүгө өтүү аныкталган.
2026-жылдын июль айында Кыргызстанда «Климаттык ишмердүүлүк жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Мыйзам климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана парник газдарынын бөлүнүп чыгышын кыскартуу, климаттык каржылоо, климаттык технологияларды өнүктүрүү, ошондой эле мониторинг жана отчеттуулук системаларын камтыган улуттук климаттык саясаттын укуктук негиздерин белгилейт. Мыйзам 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Жаштар үчүн LCOY мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эл аралык коомчулук менен түздөн-түз байланыш түзүүгө, ошондой эле климаттык саясат боюнча өз сунуштарын киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет.
«Климаттык саясат мамлекеттик институттардын деңгээлинде гана эмес, анын узак мөөнөттүү натыйжалары менен жашай турган адамдардын катышуусунда калыптанганда натыйжалуураак болот. Мамлекет үчүн жаштардын үнүн угуу жана алардын өлкөнүн климаттык артыкчылыктарын ишке ашырууга катышуусуна мүмкүнчүлүк берген механизмдерди түзүү маанилүү», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрдин орун басары Асель Раимкулова.
БУУӨП 2020-жылдан бери Кыргызстандагы жаштардын климаттык кыймылын колдоп келет. Бул колдоо аймактык жана улуттук жаштар климаттык консультацияларын өткөрүүгө көмөктөшүүнү, жаштардын COP процессине катышуусун колдоону, Climate Caravan демилгесин өнүктүрүүнү, ОНУВ 3.0 документин даярдоо процессине жаштардын сунуштарын киргизүүнү жана жаш климат лидерлеринин потенциалын чыңдоону камтыйт.
«Кыргызстанда жаштар климаттык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган санариптик, экологиялык жана социалдык чечимдерди сунуштап жатканын көрүп жатабыз. Биздин милдет — бул идеяларды мамлекеттик артыкчылыктар, эксперттик билимдер жана эл аралык климаттык процесс менен байланыштыруу», — деп белгиледи БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева.
«Бул жерге Кыргызстандын бардык аймактарынан чогулган элүүдөн ашуун жаштарды өзгөчө куттуктагым келет. Сиздердин катышууңуздар так билдирүү берет: жаштар климат боюнча кабыл алынган чечимдердин жыйынтыгы менен гана жашабастан, ошол чечимдерди кабыл алууга да катышуусу керек», — деп белгиледи Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ким Кванджэ.
LCOY Kyrgyzstan 2026 конференциясынын негизги жыйынтыктарынын бири Climate Youth Statement Kyrgyzstan 2026 жаштардын климаттык билдирүүсү болот. Документте климаттык аракеттер жана туруктуу өнүгүү боюнча жаштардын артыкчылыктары менен сунуштары чагылдырылып, мамлекеттик органдарга, эл аралык уюмдарга жана жаштардын климаттык платформаларына сунушталат.
«Жаштардын чечимдерди иштеп чыгууга катышуусу биз үчүн маанилүү. Биз сунуштарыбыздын конкреттүү болушун каалайбыз: эмнени өзгөртүү керек, аны ким ишке ашыра алат жана кандай натыйжага жетүүнү көздөйбүз. Climate Youth Statement — климаттын өзгөрүшүнө тынчсыздануу менен гана чектелбестен, Кыргызстан жаштары аракет кылууга даяр экенин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк», — деди жаштардын климаттык кыймылынын лидери Альбина Карипова.
LCOY — Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун Алкактык конвенциясынын (UNFCCC) алкагындагы YOUNGO жаштар өкүлчүлүгүнүн расмий улуттук жаштар платформасы. Улуттук конференциялар дүйнөнүн 112ден ашык өлкөсүндө өткөрүлүп, жаштарга улуттук жана эл аралык климаттык процесстер үчүн өз позицияларын жана сунуштарын иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет.
Кыргызстан үчүн LCOY жаштардын климаттык саясатка катышуусун күчөтүүгө жана Париж келишиминин алкагындагы өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерин ишке ашырууга багытталган кеңири иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Конференциянын жыйынтык сунуштары жаштардын, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана климаттык процесстин башка катышуучуларынын ортосундагы мындан аркы диалогго негиз болот.