2026-жылдын 7-апрелинде Манас шаарында Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча «АРТүрдүүлүк» чыгармачыл лабораториясынын катышуучуларынын сапарынын алкагында «ARTүрдүүлүк: Жаңы дем Манас» аттуу маданий фестиваль өттү. Иш-чараны Ош шаарындагы Көркөм сүрөт музейи уюштурду.
Манаста өткөн пленэр-фестиваль чыгармачылыкты, маданиятты жана коомчулуктарды бириктирди
2026-ж., 14-April
Төрт күндүн ичинде «АРТүрдүүлүк» чыгармачыл лабораториясынын катышуучулары Ош – Өзгөн – Арсланбап – Манас багыты боюнча экспедиция жасап, аймактын табигый жана маданий мурасын, ошондой эле туристтик потенциалын изилдөөгө жана көркөм чагылдырууга багыт алышты. Долбоор БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) каржылык колдоосу менен ишке ашырылып, креативдүү экономика менен туруктуу туризмди өнүктүрүүгө чыгармачыл демилгелер жана заманбап технологиялар аркылуу салым кошот. Өзгөчө көңүл маданий мурасты сактоого, жергиликтүү жамааттардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана социалдык биримдикти бекемдөөгө бурулат.
Фестиваль сапардын жыйынтыктоочу иш-чарасы болуп, академик Тургунбай Садыков атындагы Республикалык көркөм сүрөт окуу жайынын жаңыланган аянтчасында өттү. Программада чакырылган сүрөтчүлөрдүн, анын ичинде санарип сүрөтчүлөрдүн пленэрдик эмгектеринин көргөзмөсү жана жергиликтүү усталардын кол өнөрчүлүк жарманкеси орун алды.
Расмий бөлүктө Манас шаарынын мэриясынын, Республикалык көркөм сүрөт окуу жайынын өкүлдөрү жана сүрөтчүлөр сөз сүйлөштү. «АРТүрдүүлүк» долбоору жаштардын чыгармачылык потенциалын ачууга, жергиликтүү сүрөтчүлөрдү колдоого жана аймактар ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого, диалог жана өз ара түшүнүшүү үчүн мейкиндик түзүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.
Фестиваль Манас шаардык балдар чыгармачылык борборунун тарбиялануучуларынын концерттик программасы менен коштолду. Балдар жана коноктор үчүн өз жерине болгон сыймык сезимин жана кызыгууну күчөтүүгө багытталган интерактивдүү оюндар жана конкурстар уюштурулду.
Экспедициянын жүрүшүндө сүрөтчүлөр жергиликтүү жамааттар менен активдүү иш алып барышты, Өзгөн жана Манас шаарларындагы сүрөт мектептеринин окуучулары үчүн мастер-класстарды өткөрүштү, ошондой эле жаш сүрөтчүлөр менен биргелешкен пленэрлерди уюштурушту. Мындай форматтар билим алмашууга, көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана аймактар ортосунда туруктуу горизонталдык байланыштарды түзүүгө шарт түзөт.
БУУӨП Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021–2026-жылдарга карата «Кыргыз Жараны» концепциясынын алкагында жалпы жана инклюзивдүү жарандык иденттүүлүктү илгерилетүү аракеттерин колдойт. Бул контекстте жамааттар ортосундагы диалогду өнүктүрүү, ишенимди бекемдөө жана инклюзивдүү маданий демилгелер аркылуу конфликттик тобокелдиктерди азайтуу өзгөчө мааниге ээ. Мындай арт-платформалар ар түрдүүлүккө, өз ара урматтоого жана кызматташууга негизделген жалпы келечекке болгон бирдиктүү көз карашты калыптандырууга өбөлгө түзөт.
Долбоор Россия Федерациясынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылат.