Чакан гранттарга арыздарды кабыл алуу боюнча конкурс жарыялоо (GEF)

2026-ж., 2-March
Hands typing on a white keyboard at a sunlit, clean desk.

ГЭФ БУУӨПтүн Чакан Гранттар Программасы

Жергиликтүү коомдордун жана НКОлордун долбоордук сунуштары үчүн конкурс жарыялайт

Конкурстун аталышы:
«Ички жана Борбордук Тянь-Шань экосистемаларын коргоо»

Мөөнөттөр:
•    Арыздарды кабыл алуу: 2026-жылдын 24 мартына чейин, саат 17:00
•    Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү: 24 айга чейин
•    Гранттык келишим 2026-жылдын апрель айынын аягына чейин кол коюуга пландаштырылууда

Кимдер катыша алат?

•    Кыргызстанда катталган жергиликтүү НКОлор (коммерциялык эмес уюмдар) жана жамааттар;
Катышуу үчүн эмне керек?
1.    Долбоордук сунуш формасын толтуруу.
2.   Төмөнкү документтерди кошумча жиберүү:
•     Уюмуңуздун уставынын жана каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
•     Уюмдун профили (2 беттен ашпоо);
•     Долбоор командасынын тизмеси жана команда мүчөлөрүнүн резюмелери;
•     Эсептин реквизиттери бар банк справкасы (сом);
•     Өнөктөштөрдүн кепилдик каттары;
•     Долбоордук сунушту колдоого башка документтер.

Арызды кайда жана кантип жөнөтсө болот?

Арызды төмөнкү жолдор менен жөнөтсөңүз болот:
1.    Электрондук почта аркылуу (бардык документтердин сканы бир PDF файлда 10Мб га чейин): irina.talkambaeva@undp.org 
2.   Жеке же почта аркылуу: Бишкек шаары, Киев көчөсү 195, 6-кабат, ПРООН Чакан Гранттар Программасы (мөөрдөлгөн конвертте).

Кошумча маалымат:
1.    Жарыянын толук тексти - керектүү документти бул жерден жүктөп алыңыз
2.    Сунуш формасы - керектүү документти бул жерден жүктөп алыңыз
3.    8-операциялык фаза үчүн өлкөлүк программалык стратегия - керектүү документти бул жерден жүктөп алыңыз