22-майда дүйнө коомчулугу Эл аралык биологиялык ар түрдүүлүк күнүн белгилейт. 2026-жылы бул күндүн темасы — «Глобалдык таасир үчүн жергиликтүү деңгээлдеги аракеттер» деп аталат. Бул ураан чоң экологиялык өзгөрүүлөр эл аралык келишимдер же мамлекеттик программалар менен гана чектелбестен, жергиликтүү жамааттардын, мектептердин, жаштар демилгелеринин, жер-жерлердеги уюмдардын жана ар бир адамдын жасаган кадамынан башталарын эске салат.
Жергиликтүү аракеттер — глобалдык натыйжа: Кыргызстандын биоартүрдүүлүгү эмне үчүн ар бирибизден башталат
2026-ж., 22-May
Кыргызстан үчүн биоартүрдүүлүк — жөн гана биология окуу китебинен алынган кургак сөз эмес. Бул — дарыялардагы суу, жайыттардын туруктуулугу, топурактын түшүмдүүлүгү, тоолуу айылдардын коопсуздугу, токойлордун саламаттыгы жана адамдардын жашоо сапаты. Бул — биз адатта жоголо баштаганда гана байкай турган абдан баалуу байлык.
Кыргызстан планетанын кургак жеринин 0,13%дан аз гана бөлүгүн ээлейт, бирок ушул чакан аймакта дүйнөлүк флоранын (өсүмдүктөр дүйнөсүнүн) 2%га жакыны жана дүйнөлүк фаунанын (жаныбарлар дүйнөсүнүн) 3%дан ашыгы топтолгон. Токойлор, талаалар, жайыттар, суу-саздак жерлер, токойлуу өзөндөр, жарым чөлдөр жана бийик тоолуу экосистемалар Борбордук Азиянын кайталангыс табигый мозаикасын түзөт.
Бирок бул мозаика барган сайын аялуу болуп баратат. Климаттын өзгөрүшү, жайыттар менен токойлордун деградациясы (бузулушу), жандыктардын байырлаган жерлеринин бөлүнүп калышы, иретсиз жер пайдалануу жана инфраструктуралык курулуштар табигый байланыштарды акырындап үзүүдө. Жаныбарлар миграциялык жолдорунан айрылганда, жайыттар азып-тозгондо, токойлор нымдуулукту сактоо жана тоо боорлорун коргоо жөндөмүн жоготкондо — мунун кесепетин жаратылыш гана эмес, эң биринчи кезекте адамдар өздөрү тартышат.
Дал ушул себептен бүгүнкү күндө айрым бир сейрек кездешүүчү түрлөрдү коргоо же өзүнчө коруктарды түзүү жөнүндө гана сүйлөшүү жетишсиз. Жаратылыш административдик чек аралар менен жашабайт. Илбирс бир айыл аймагынын чек арасы кайда бүтүп, экинчисиники кайда башталарын билбейт. Дарыялар, токойлор, жайыттар жана жаныбарлардын миграциялык жолдору өз ара тыгыз байланышта — демек, аларды башкаруу да ушундай эле бирдиктүү жана бүтүн болушу керек.
Мындай ыкмалардын бири — Кыргызстандын Экологиялык каркасы болуп саналат. Бул — өзгөчө корголуучу табигый аймактарды, биоартүрдүүлүктүн негизги аймактарын, экологиялык коридорлорду, буфердик аймактарды жана жаратылышты туруктуу пайдалануу аймактарын бириктирген өлкөнүн табигый тармагы. Жөнөкөй тил менен айтканда, бул — жаратылыштын айрым бир "аралчаларын" гана эмес, бүтүндөй тирүү ландшафттарды сактоого жардам берген "тирөөч табигый тармак".
Мындай ыкма илбирс, аркар, жырткыч канаттуулар же сейрек кездешүүчү өсүмдүктөр үчүн гана маанилүү эмес. Бул жолдорду, инфраструктураны курууда, жайыттарды башкарууда жана жергиликтүү аймактарды өнүктүрүүнү пландаштырууда экологиялык жактан сезимтал аймактарды алдын ала эске алууга көмөктөшөт. Бул — акылдуу өнүгүүнүн жолу: зыян келтирилгенден кийин аны оңдоого убакыт коротпой, кесепеттердин алдын алуу.
БУУнун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП/UNDP) Кыргыз Республикасына биоартүрдүүлүктү сактоодо, жаратылыш ресурстарын туруктуу башкарууда жана климаттык туруктуулукту жогорулатууда — улуттук саясатты иштеп чыгуудан жана өзгөчө корголуучу табигый аймактар тутумун чыңдоодон баштап, экологиялык каржылоону, ГЭФ (Глобалдык экологиялык фонд) долбоорлорун жана жергиликтүү демилгелерди колдоого чейин көмөк көрсөтүп келет.
Бул багытта БУУӨП тарабынан ишке ашырылып жаткан ГЭФтин Чакан гранттар программасы өзгөчө мааниге ээ. Бул программа абдан жөнөкөй жана күчтүү принцип менен иштейт: «Глобалдык деңгээлде ойлон, жергиликтүү деңгээлде аракеттен». Ал жергиликтүү жамааттар, бейөкмөт уюмдар, жамааттар жана коомдук уюмдар өздөрү ишке ашырып жаткан чакан, бирок практикалык долбоорлорду колдойт. Бул долбоорлор биоартүрдүүлүктү сактоо, экосистемаларды калыбына келтирүү, токойлорду жана жайыттарды туруктуу башкаруу, климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу, калдыктарды азайтуу жана жаратылыш ресурстарын коргоо багыттарын камтыйт.
Кыргызстанда ГЭФтин Чакан гранттар программасы 2001-жылдан бери иштеп келет. Бул убакыттын ичинде ал жалпы суммасы 4,6 миллион АКШ долларынан ашкан 293 долбоорду колдоого алды. Гранттык каражаттардын жарымынан көбү дал ушул биоартүрдүүлүктү сактоого багытталган. Бул Кыргызстандагы глобалдык экологиялык күн тартиби эчак эле кабинеттерде же стратегиялык кагаздарда гана калбай, жер-жерлердеги адамдардын — айылдардагы, тоолуу аймактардагы, коргоого алынган аймактардын жанындагы жана жашоосу күн сайын жаратылыштын абалынан көз каранды болгон коомчулуктардын реалдуу аракеттеринде жашап жатканын көрсөтөт.
Мындан кем эмес маанилүү иштерди BIOFIN — Биоартүрдүүлүктү каржылоо демилгеси жүргүзүүдө. Эгерде Чакан гранттар программасы жергиликтүү демилгелердин идеяларын иш жүзүнө ашырууга көмөктөшсө, BIOFIN жаратылышты коргоону пландаштыруу жана каржылоо тутумуна сиңирүүгө жардам берет. BIOFIN биоартүрдүүлүктү каржылоо муктаждыктарын талдоону, каржылык чечимдерди издөөнү, бюджеттик пландаштырууну жакшыртууну жана корголуучу аймактар үчүн ресурстарды башкаруунун ачык-айкын механизмдерин киргизүүнү колдойт.
Кыргызстанда BIOFIN өзгөчө корголуучу табигый аймактар жана токой чарбалары үчүн программалык-натыйжалуу бюджеттөөнү өнүктүрүүгө, ошондой эле корголуучу аймактарды башкаруунун орто мөөнөттүү стратегиялык пландарын даярдоого көмөк көрсөттү. Бул маанилүү кадам: жаратылышты куру чакырыктар менен гана натыйжалуу коргоо мүмкүн эмес. Ал үчүн так пландар, туруктуу каржылоо, ачык бюджеттер жана чыгымдарды эле эмес, акыркы натыйжаны да көрүүгө мүмкүндүк берген башкаруу чечимдери керек.
Биоартүрдүүлүктү сактоо боюнча жергиликтүү аракеттерди күчөтүү үчүн учурда BIOFIN өзгөчө корголуучу табигый аймактардын жана токой чарбаларынын каржылык өзүн-өзү камсыздоосун жогорулатуу ишин да колдоого алууда. Кирүү акысы тутумун реформалоо жана бул аймактардын Аймактарды өнүктүрүү фонддорунан (аймактарды жана жергиликтүү жамааттарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик каржылык механизмдерден) каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү сыяктуу артыкчылыктуу багыттар алдыга жылдырылууда. Бул чаралар жергиликтүү деңгээлде жаратылышты коргоо ишин каржылоонун туруктуу тутумун калыптандырууга жана жаратылышты сактоо менен аймактарды өнүктүрүүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого жардам берет.
Бүгүнкү күндө бул ыкмалар 2040-жылга чейинки Биоартүрдүүлүктү сактоо боюнча жаңы Улуттук стратегиянын жана 2030-жылга чейинки Иш-аракеттер планынын алкагында өзгөчө актуалдуу болуп саналат. Алар Кыргызстандын глобалдык «30×30» максатына багыт алуусуна шарт түзүшү керек. Бул максат — натыйжалуу коргоо чаралары, бузулган экосистемаларды калыбына келтирүү жана жергиликтүү жамааттардын активдүү катышуусу аркылуу өлкө аймагынын кеминде 30%ын сактоону жана туруктуу башкарууну көздөйт.
Мындай бирдиктүү ыкманын алгачкы элементтери Памир-Алай чөлкөмүндө сыноодон өтүп жатат. Бул жерде БУУӨП/ГЭФтин, улуттук өнөктөштөрдүн, эксперттердин, жергиликтүү бийлик органдарынын жана жамааттардын колдоосу менен жаңы корголуучу аймактарды түзүү, экологиялык коридорлорду өнүктүрүү, сезимтал экосистемалардын картасын түзүү жана жаратылышты коргоо ыкмаларын жайыттарды коргоо жана жергиликтүү пландаштырууга киргизүү иштери жүрүүдө.
Мына ушул аракеттер 2026-жылдын темасынын башкы маанисин ачып берет. Глобалдык таасир жергиликтүү аракеттен башталат. Бузулган жер тилкесин калыбына келтирүү боюнча жергиликтүү жамааттын чечиминен башталат. Мектептин айланадагы жаратылышты изилдөө демилгесинен башталат. Тоолордун кооз сүрөттөрүн тартуу менен гана чектелбестен, ал тоолор камкордукка муктаж экенин түшүнгөн жаштардан башталат. Жаратылышты өнүгүүгө тоскоолдук катары эмес, келечектин негизи катары караган жергиликтүү өнүктүрүү пландарынан башталат.
Биоартүрдүүлүк — бул жөн гана сейрек кездешүүчү жандыктар эмес. Бул — биз. Бул — биз ичкен суу. Биз дем алган аба. Биз өндүргөн тамак-аш. Биз сыймыктанган тоолор. Бул — дагы эле сактап калууга мүмкүн болгон келечегибиз.
Кыргызстандын жаратылышын сактоо — бул өлкөнүн жашоо булагын сактоо дегенди билдирет. Жер-жерлерде жасалган ар бир кадам — жамаат үчүн чакан гранттан баштап, улуттук каржылык чечимдерге чейин — чоң глобалдык натыйжанын маанилүү бир бөлүгү боло алат.