БУУӨП жана улуттук өнөктөштөр Жалал-Абад облусунда ишкердикти жана инвестицияны өнүктүрүү үчүн кызматташтыкты күчөтүшүүдө
2025-ж., 19-September
Жалал-Абад, 19-сентябрь 2025 – 19-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад областынын Регионалдык инвестициялык кеңеши ачылды. Кеңеш инвестиция тартуу, ишкердикти өнүктүрүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү бекемдөө боюнча өкмөт, бизнес жана жарандык коомдун биргелешкен ишинин маанилүү аянтчасы болуп калат.
Кыргызстандагы БУУӨПтүн Туруктуу Өкүлү Александра Соловьева: «Регионалдык инвестициялык кеңеш — бул бизнести өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу жана калктын бакубаттуулугун бекемдөө боюнча чечимдер биргелешип иштелип чыгуучу уникалдуу, көп тармактуу платформа», — деп баса белгиледи.
Кеңештин түзүлүшү жаштардын жана аялдардын ишкердигин, креативдүү индустрияларды, жоопкерчиликтүү туризмди өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, бүтүндөй аймактын экспорттук потенциалын көтөрө турган «жашыл» чечимдерди ишке ашырууда. ⠀
Бизнестин, мамлекеттик структуралардын жана эл аралык уюмдардын 100гө жакын өкүлү Жалал-Абад облусунун узак мөөнөттүү келечеги жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү сыяктуу кеңири чөйрөдөгү маселелерди талкуулашты. Буга мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү жолдору, трансформациялык инфраструктура жана анын өнүгүүгө тийгизген таасири, ошондой эле жергиликтүү деңгээлде жаштарга, аялдарга жана майыптыгы бар адамдарга өзгөчө басым жасоо менен бизнес-экосистеманы андан ары жакшыртуу кирди.
БУУӨП туруктуу ишкердик экосистеманы түзүүнү колдоп, өлкө боюнча мындай кеңештерди түзүүгө улуттук өнөктөштөргө жардам көрсөтүүдө. Бул социалдык биримдикти чыңдап, экономикалык өсүшкө жана аймактын туруктуу өнүгүүсүнө көмөктөшөт.
Секретариаттардын ишке киргизилиши Орусия Федерациясынын каржылык колдоосу менен КР Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин Секретариаты, БУУӨП жана КР Инвестициялар боюнча Улуттук агенттигине караштуу МЖӨ борборунун ортосунда түзүлгөн үч тараптуу кызматташуу келишимин ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө.