Боз үй лагеринен лидерликке: БУУӨПтүн ментордук программасы бизнести жаңыча кароого түрткү берди

2025-ж., 18-August
Two individuals portraited side by side, one in a white shirt and the other in a light blue polo.

Гулзат Раимбекова и Шохрух Мирзакаримов

БУУӨП тарабынан Финляндия Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Соодага көмөк» долбоорунун алкагындагы ментордук программа Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Менторлордун тажрыйбасы жана практикалык колдоосу аркылуу катышуучулар туруктуу өнүгүү жолдорун табышып, бизнес көндүмдөрүн бекемдеп, коомдоштуктарына кошкон салымын кеңейтип жатышат.

Шохрух Мирзакаримов — Жалал-Абад облусунун жаш ишкери, Muras Yurt Camp Arstanbap боз үй лагеринин негиздөөчүсү. Ал 2024-жылы туризм тармагында ишин баштап, Арстанбап аймагын дүйнө жүзүнөн келген меймандар үчүн кызыктуу багыт катары жайылтуу, ошондой эле айыл жаштарына жумуш орундарын түзүү максатын көздөгөн.

БУУӨПтүн ментордук программасына кошулган соң, Шохрух алдына бир нече максаттарды койду — билимин тереңдетүү, туруктуу бизнес-модель түзүү жана ишкерликти жөн гана киреше эмес, коомго кошкон баалуулук катары кароо.

«Азыр мен үчүн жөн эле акча табуу эмес, өз коомумдун өнүгүшүнө салым кошуу маанилүү. Мына ушул туруктуу ишкердик деп эсептейм», — дейт Шохрух.

Программа алкагында алган негизги сабактары: 

  • бизнесинин өнүгүү багытын жана максаттуу аудиторияны аныктоо; 

  • реалдуу максаттарды коюп, ага жетүүнү үйрөнүү; 

  • кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын талдоо жана кардарлар менен иштөөнү жакшыртуу; 

  • оор кырдаалдарда да ойлонуп чечим кабыл алуу. 

Ментору Гулзат Раимбекова менен иштөө Шохрухтун бизнесине гана эмес, жеке өнүгүүсүнө да чоң таасирин тийгизди. Менторунун сунушу менен катышкан HoReCa-2025 саммити анын карьерасында бурулуш учур болуп калды — жаңы тааныштар, тажрыйба алмашуу жана кеңири мүмкүнчүлүктөр анын кесиптик жолунун бир бөлүгүнө айланды. 

«Мен сын-пикирден коркпогонду үйрөндүм. Эң негизгиси — өзүңө жана ишиңе ишенүү, жолуңдан кайтпоо», — деп бөлүшөт ал. 


Гулзат Раимбекова: Колдоо — бул өзгөрүүгө түрткү 

Гулзат Раимбекова — ишкер айым жана ментор, БУУӨПтүн ментордук программасына өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, аймактык ишкердикти өнүктүрүү жана башка адамдарга келечекти көрүүгө жардам берүү максатында кошулган. 

Ментор болуу чечими анын логикалык уландысы болду — кесиптештери жана өнөктөштөрү аны лидер гана эмес, башкаларды шыктандыра билген адам катары таанычу. БУУӨП уюштурган атайын ментордук окутуудан өтүп, Гулзат ишенимдүү жана өнүгүүгө багытталган чөйрө түзүү ыкмаларын өздөштүргөн. 

«Ментордук — бул диалог, урмат жана чогуу өнүгүү. Биз менти менен бирге өсөбүз», — дейт Гулзат. 

Шохрух менен болгон иштөөнүн негизи — өнөктөштүк мамиле, ачык диалог жана практикалык чечимдер болгон. Алардын ортосундагы негизги түшүнүктөрдүн бири — ишкерлик бул жөн гана киреше эмес, сен тараткан баалуулуктар экендиги болду. 

Программа Шохрухка бизнес көндүмдөр менен катар өзүн анализдөө, туруктуулук жана ички ишеним сыяктуу жеке инструменттерди да берди. Бүгүн анын лагери өнүгүп жатат, жакшы пикирлерди алып, Арстанбаптагы туристтик инфраструктуранын маанилүү бөлүгүнө айланууда. 

Эмне өзгөрдү: 

  • кызмат көрсөтүүнүн сапаты жана кардарга багыттуулук өстү; 

  • так бизнес-стратегия пайда болду; 

  • ишкер жергиликтүү экономиканын активдүү катышуучусуна айланды; 

  • жаштардын туризм секторуна тартылышы күчөдү.


Шохрухтун окуясы — бул бир ишкердин гана тарыхы эмес. Бул — БУУӨПтүн региондорду өнүктүрүүгө, жаштарга колдоо көрсөтүүгө жана билимге, тилектештикке, ишенимге негизделген жергиликтүү экономиканы курууга багытталган системалык ыкмасынын бир бөлүгү. 

Ментордук программа ишкерлер ортосундагы байланыштарды бекемдеп, тажрыйба алмашууга өбөлгө түзүп, өзгөчө алыскы аймактар үчүн маанилүү болгон колдоо маданиятын түзөт. 

«Ички ишенимиңди сакта, башкалар ишенбей койсо да. Сенин ишиң — сенин жоопкерчилигиң жана күчүң», — дейт Шохрух болочоктогу ишкерлерге. 

«Кардарды түшүн, анын ордуна туруп ой жүгүрт, ийкемдүү бол жана өзүңдү өнүктүр — ошондо сен сөзсүз түрдө рынокто өз ордуңду табасың», — деп кошумчалайт Гулзат. 

Программага катышкан ишкерлер окутууларга, жеке менторлукка, гранттарга жана байланыш түзүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат. Кыргызстандын бардык аймактарынан 60тан ашуун ишкер бул программадан өтүп, анын жыйынтыгында 15 жаңы ишкана жана 56 жумуш орду түзүлдү — алардын ичинен 45 орунду аялдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар ээлешти. 

БУУӨП Кыргыз Республикасында ишкердикти колдоону артыкчылыктуу багыт катары карайт. Мындай демилгелер 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасын ишке ашырууга көмөктөшүп, аймактык экономиканы жандантып, жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөт. Программа туруктуу жана инклюзивдүү ишкердик ыкмаларын жайылтуу менен Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүүгө да салым кошот.