Экспорт, жумуш орундары жана туруктуу өсүш: БУУӨПтүн долбоорунун Кыргызстан үчүн жыйынтыктары

Ташкентте БУУнун Өнүктүрүү Программасынын (БУУӨП) «Соодага көмөктөшүү» аймактык долбоорунун Башкаруу комитетинин жыйыны өтүүдө. Бул жерде өнөктөш өлкөлөр биргелешкен иштин жыйынтыктарын чыгарып, тажрыйба алмашып жана 2025-жылдын корутундулары боюнча жетишилген натыйжаларды талкуулашууда. Кыргыз Республикасы үчүн долбоорго катышуу аймактык кызматташтыкты конкреттүү улуттук маселелерди чечүү менен байланыштырууга мүмкүндүк берди: чакан жана орто бизнести колдоо, экспортту өнүктүрүү, жумуш орундарын түзүү, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жашыл экономиканы илгерлетүү.

2026-ж., 4-May
Two women in hairnets package brown paper bags in a small bakery.

Долбоор Финляндия Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен БУУӨП тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен тыгыз өнөктөштүктө жүзөгө ашырылды. Өнөктөштөргө Экономика жана коммерция министрлиги, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги, Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргызстандарт, тармактык ассоциациялар жана ишкерликти колдоонун аймактык түзүмдөрү кирет. 

Мындай кызматташтык форматы эл аралык экспертизаны, аймактык тажрыйбаны жана улуттук артыкчылыктарды бириктирүүгө мүмкүндүк берди. Натыйжада сейрек демилгелер эмес, мамлекеттик системаларга интеграцияланган жана узак мөөнөттүү туруктуулукка багытталган практикалык чечимдер пайда болду. 

 

Чакан жана орто бизнести колдоо — өсүштүн негизи 

Долбоордун негизги багыттарынын бири болуп Кыргызстандын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасында бекитилген артыкчылык катары туруктуу экономиканын негизи катарында чакан жана орто бизнести чыңдоо саналат. 

Колдоо өлкөнүн жети аймагын жана микро-, чакан жана орто ишкерликтин 4 200дөн ашык субъектисин камтыды. Тренингдер, маалымат жана консультациялык иш-чаралар, экспорттук кербендер, электрондук коммерция жана аял ишкерчилиги боюнча форумдар, ошондой эле башка потенциалды өнүктүрүү демилгелери жүргүзүлдү. 

Өсүш потенциалы жогору секторлорго өзгөчө көңүл бурулду: табигый бал өндүрүү, кургатылган жемиштер жана жаңгактарды кайра иштетүү, туризм, кол өнөрчүлүк буюмдары жана электрондук коммерция. Мындай комплекстүү кадам ички ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, алардын жаңы рынокторго жана заманбап технологияларга жетүүсүн кеңейтүүгө, ошондой эле жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн аймактарынын экономикалык туруктуулугун чыңдоого мүмкүндүк берди. 

Бизнес деңгээлиндеги жетишилген натыйжалар олуттуу болду. Долбоордун алкагында 570 жаңы жумуш орду түзүлдү, алардын үчтөн экиси аялдар үчүн. Бул жөн гана жумуш менен камсыздоо эмес, реалдуу экономикалык мүмкүнчүлүктөр жана жамааттардагы туруктуу өзгөрүүлөр дегенди билдирет. 

300дөн ашык чакан жана микроишканалар бириктирилип, туруктуу жашыл кошумча нарк чынжырларын түздү. Алардын ичинен 153 ишкана аялдар тарабынан жетектелет. Бул туруктуу практикалар менен жаңы рыноктор мурда четте калгандарга жеткиликтүү болуп баратканын билдирет. 

Катышуучулардын экспорту 21 пайызга, кирешелери 35 пайызга, өндүрүмдүүлүгү 36 пайызга өстү. Бул сандардын артында модернизация, жаңы көндүмдөр жана тышкы рыноктордо ишенимдүү орун ээлеп жаткан атаандаштыкка жөндөмдүү продукциялар турат. 

Жыйынтык айкын: долбоордун колдоосу менен ишканалар күчтүүрөөк, туруктуурак жана өлкө ичинде да, андан тышкары да көрүнүктүү болуп баратат. 

 

Улуттук стратегияларды колдоо 

2025-жылдагы макродеңгээлдеги эң маанилүү жетишкендиктердин бири — Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан «Кыргызстанда жасалган» бренди алдында 2025-2028-жылдарга "Кыргызстанда жасалган" улуттук экспорттук программасынын кабыл алынышы болду. Документ төрт артыкчылыктуу багытты аныктайт: экспортту илгерилетүү, соодага жеңилдетүү берүү, каржылоого жетүү жана улуттук сапат инфраструктурасы. Ошондой эле программада он артыкчылыктуу экспортко багытталган товардык топтордун тизмеси бекитилди. БУУӨП программаны иштеп чыгуу учурунда эксперттик колдоо көрсөттү.  

Ошол эле учурда өлкө туруктуу туристтик тармакты өнүктүрүүдө маанилүү кадам жасады: 2025–2030-жылдарга Туруктуу туризмди өнүктүрүү программасы кабыл алынды. Анын алкагында Кыргыз Республикасында туристтик ишканаларды экологиялык жана сапат критерийлери боюнча сертификациялоонун биринчи улуттук механизми — Kyrgyz Sustainable Tourism Development Standards (KGSTD) — расмий бекитилди. Биринчи жылдын ичинде 152 туристтик ишкана KGSTD стандарттары боюнча окутуудан өттү, алардын жарымынан көбү (93) аялдар тарабынан жетектелет. Натыйжада 30дан ашык эс алуу, жайгаштыруу жайлары KGSTD талаптарына жооп берээрин ийгиликтүү ырастап, тиешелүү сертификаттарды алды. Бул сектордун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн чыңдап, Кыргызстанды эл аралык рыноктодо жооптуу жана туруктуу туристтик багыт катары жар салууга көмөктөшөт. 

Соода жана бажы жол-жоболорун жеңилдетүү чөйрөсүндө да олуттуу системалык өзгөрүүлөр жетишилди. КР Мамлекеттик бажы кызматынын суроо-талабы боюнча авиациялык, темир жол, автомобиль жана электрондук соода терминалдары үчүн «бирдиктүү терезе» принцибин киргизүүгө багытталган жети негизги жетектөөчү документ даярдалды — бул бизнес үчүн административдик тоскоолдуктарды олуттуу кыскартат.  

Бишкек стандартташтыруу жана метрология борборунда QR-коддорду жана электрондук-санариптик колтамгаларды сертификациялоо тутумуна интеграциялоо аркылуу санариптештирүү ишке ашырылды. Бул жол-жоболордун айкындуулугун жогорулатып, документтердин аныктыгын текшерүүнү тездетти жана алардын жасалмаланышынын коркунучун олуттуу кыскартты. 

Саясий сунуштардын санынын өсүшү өзгөчө назар бурат: пландалган төрт саясий сунуштун ордуна иш жүзүндө 22 даярдалып максаттуу көрсөткүчтөн беш эседен ашты. 

 

Электрондук коммерция жана жаңы рыноктор 

Электрондук коммерция долбоордун эң суроо-талапка ээ жана динамикалуу өнүгүп жаткан багыттарынын бирине айланды. Колдоого алынган ишканалар онлайн-сатуунун 63 пайызга кескин өсүшүн көрсөттү — бул күтүлгөн көрсөткүчтөн үч эседен ашык. Бул жыйынтык жөн гана сандык өсүш эмес, бизнестин терең санариптик трансформациясын жана сатуу каналдарын ар түрдүүлөштүрүү аркылуу рынокторго жетүүнүн кеңейишин чагылдырат. 

Электрондук коммерцияны өнүктүрүү боюнча инкубациялык программага катышуу үчүн 542 арыз берилип, алардын ичинен тандоо жыйынтыгы боюнча 48 ишкана колдоо алды. Белгилей кетсек, алардын 41и (85%) аялдар тарабынан жетектелет — бул санариптик экономикадагы аял ишкерчилигинин жогорку потенциалын ачык көрсөтөт. 

Инкубациялык программанын жыйынтыктары өзгөчө назар бурат: бүтүрүүчүлөр онлайн-сатуунун көлөмүн 72 пайызга арттырып, ошондой эле 232 жаңы жумуш орду түзүлдү, алардын 169у аялдар тарабынан ээленди. Программа практикага багытталган: катышуучулар Amazon, eBay, TikTok Shop, OZON, Wildberries жана Coupang (Түштүк Корея) алдыңкы эл аралык жана аймактык платформаларда иштөөнү өздөштүрүштү. Натыйжада ишкерлер улуттук рыноктун чегинен чыгып, Сингапур, Малайзия, Түштүк Корея, Индонезия, Болгария жана Кытай сыяктуу өлкөлөргө саттырып башташты. 

 

Аял ишкерчилиги — инклюзивдүү өсүштүн факторо катары 

Аял ишкерчилигин колдоо багыты долбоордун бардык компоненттери аркылуу өтүп, конкреттүү натыйжалар берди. Аялдар жетектеген 1 442ден ашык ишкана колдоого алынды — баштапкы план 1 100 ишкана болгон. Түзүлгөн жумуш орундарынын 65 пайызын, чакан жана орто бизнес колдоосун алуучулардын 51 пайызын жана ментордук жана инкубация программаларынын катышуучуларынын 54 пайызын аялдар түздү. 

Ментордук программасы 64 ментор–менти жубун бириктирди, алардын ичинен 57 катышуучу менти ролунда аялдар болду. Программанын катышуучулары сатуунун 63 пайызга өсүшүн белгиледи. 

«Open Osh» демилгеси 40 чакан жана орто ишкананы камтыды, алардын 96% аялдар тарабынан жетектелет; катышуучулардын жалпы сатуусунун көлөмү 186 600 АКШ долларын түздү, 16су электрондук соода инструменттерин өздөштүрдү. 

Мындай натыйжалар аял ишкерчилигине инвестиция салуу үй-бүлөлүк кирешенин өсүшүнө, жумуш орундарын түзүүгө жана аймактарды өнүктүрүүгө түздөн-түз өбөлгө түзөөрүн тастыктайт. 

Мамлекеттик саясат деңгээлинде аял ишкерчилиги институционалдык бекемдөөгө ээ болду: тиешелүү бөлүм өлкөдө бизнес жүргүзүүнүн бирдиктүү укуктук негизин түзүүчү КР Ишкердик кодексинин долбоорунда камтылды. 

 

Жашыл экономика жана туруктуу чечимдер 

Экологиялык туруктуулук долбоорго практикалык экономикалык инструмент катары кошулган. 21 бизнес-долбоорго жалпы суммасы 58 087 АКШ долларын түзгөн 11 климатка туруктуу чечим киргизилди, мында ишканалар тең каржылоонун 56 пайызын камсыз кылды — бул сунушталган чечимдерге ишеничтин жана катышуунун жогорку деңгээлин чагылдырат. 

Бал секторунда күн батареяларынан иштеген 12-вольттук бал ажыратуучулар киргизилди; контейнерлерди жуунун автоматташтырылган линиясы суу сарпын 55 пайызга кыскартты; муздатуу тутуму бар гомогенизатордун колдонулушу суу керектөөнү цикл үчүн 1 000–2 000 литрден 350–450 литрге чейин азайтты. Кургатылган жемиш секторунда күн кургатуучу орнотмолор орнотулду, 11 дыйкан толугу менен электр мопедге өтүп, күйүүчү майдан баш тартты. Туристтик тармакта 32 экомаршрут такталып, алардын 23ү ишке ашырылды жана боз үй лагерьлерине күн панелдери орнотулду. 

 

Жетишилген натыйжалардын туруктуулугу 

Долбоордун негизги баалуулугу, жетишилген натыйжалардын туруктуулугунда: түзүлгөн механизмдер каржылоо аяктагандан кийин да натыйжалуу иштеп, кийинки өнүктүрүү үчүн бекем институционалдык жана рыноктук негиз түзөт. 

Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору «Кыргыз Экспорт» толугу менен тиешелүү комплектацияга ээ болуп, экспортту колдоо жана илгерилетүү боюнча улуттук сервистик оператор катары иш алып барат. Export.gov.kg порталы аркылуу ички ишкерлерге рыноктук профилдер, аналитикалык материалдар жана практикалык колдонмолор жеткиликтүү — бул кыргызстандык компаниялардын тышкы рыноктарга чыгуусун олуттуу жеңилдетет. Бул туруктуу жагдайлар кайра иштетилбеген экспорттун өсүшүнө, улуттук бизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана Кыргызстандын аймактык жана глобалдык кошумча нарк чынжырларына тереңирээк интеграциялашуусуна шарт түзөт. 

Стандартташтыруу жана метрология борбору ISO жана FSSC 22000 стандарттары боюнча улуттук сертификациялоо органы катары аккредитациядан өттү. Бул улуттук сапат инфраструктурасын олуттуу чыңдайт жана ички өндүрүүчүлөргө чет өлкөлүк компанияларга кайрылбай туруп, эл аралык талаптарга жооп берерин ырастоого кеңири мүмкүнчүлүк берет. 

 

Экспортту илгерилетүүнүн натыйжалары 

Экспортту илгерилетүү конкреттүү натыйжалар менен камсыздалды: 80дөн ашык кыргызстандык ишкана эл аралык көргөзмөлөргө, соода жарманкелерине жана B2B-жолугушууларга катышуу үчүн колдоо алды. Натыйжада 17 миллион АКШ долларынан ашыкча сумманы камтыган экспорттук келишимдер түзүлдү. 

Алты чакан жана орто ишкана ISO 22000 стандарты боюнча сертификациядан өтүп, анын ичинен төртөө кургатылган жемиш секторунда, экөө бал секторунда. Бул компанияларга эл аралык рыноктордогу позицияларын бекемдөөгө жана чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн жана керектөөчүлөрдүн ишенимин арттырууга мүмкүндүк берди. 

 

«Соодага көмөктөшүү» долбоорунун тажрыйбасы өнүктүрүү практикасы үчүн бир нече принципиалдуу сабактарды берет. 

Биринчиден, көп деңгээлдүү мамиле: микродеңгээлдеги натыйжалар — жаңы жумуш орундары, кирешенин өсүшү, жаңы рыноктор — мезо- жана макродеңгээлдерде тиешелүү институционалдык жана ченемдик-укуктук чөйрө болгондо гана мүмкүн. 

Экинчиден, гендердик интеграция башкаруу артыкчылыгы катары, декларация катары эмес, ишке ашырылса, көрүнүктүү натыйжа берет — аялдар жетектеген 1 400дөн ашык ишкана жана 65 пайызын түзгөн жумуш орундары буга ачык далил. 

Үчүнчүдөн, экологиялык туруктуулук жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүк бири-бирине карама-каршы эмес, тескерисинче жашыл технологиялар операциялык чыгымдарды азайтып, эл аралык стандарттарга жана рынокторго жетүүнү ачат. 

Төртүнчүдөн, натыйжалардын туруктуулугу долбоор аякташына чейин улуттук институттарга канчалык деңгээлде интеграцияланганына түздөн-түз байланыштуу. 

«Соодага көмөктөшүү» долбоорунун тажрыйбасы бир нерсени так көрсөттү - соода адамдарга, бизнеске жана өлкөнүн өнүгүшүнө пайда алып келгенде гана чыныгы натыйжа берет. Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашырып, экономикалык өсүштүн жаңы мүмкүнчүлүктөр каралып жаткан учурда, Кыргызстан үчүн бул өзгөчө маанилүү.