Стратегиялык демилгелер улуттук институту БУУӨПтүн техникалык колдоосу менен мамлекеттик башкаруу системасында Delivery Unit (DU) ыкмасын киргизүү боюнча окутуу семинарын уюштурду

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту (Улуттук институт) БУУнун Өнүктүрүү программасынын техникалык колдоосу менен мамлекеттик башкаруу системасында Delivery Unit (DU) ыкмасын жана башкаруу отчеттуулугунун механизмдерин киргизүү боюнча пилоттук аймактардын өкүлдөрү үчүн окутуу семинарын уюштурду.

2026-ж., 22-April
Officials in a meeting around a U-shaped table; world map slide and UN banner in background.

Окутуунун максаты — аймактык командаларда артыкчылыктуу долбоорлорду пландаштыруу, мониторинг жүргүзүү жана ишке ашыруу боюнча практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу. Бул иш-чара мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган DU инструменттерин колдонуу аркылуу, дебюрократизация багытынын алкагында ишке ашырылууда. 

Окутуу 2026-жылдын 22–24-апрелинде өтүп, ага пилоттук облустардын өкүлдөрү, тиешелүү министрликтердин кызматкерлери жана Улуттук институттун эксперттери катышууда. 

Ачылыш аземинде төмөнкү спикерлер сөз сүйлөштү: 
— Адилбек уулу Шумкарбек — Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директору; 
— Бедаш Юрий Владиславович — Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациясынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмүнүн эксперти; 
— БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары - Патрик Хаверман. Ал өз сөзүндө Delivery Unit модели мамлекеттин аракеттерин чектелген, бирок стратегиялык маанилүү артыкчылыктуу маселелерге багыттоого, маалыматтарга жана өлчөнүүчү көрсөткүчтөргө таянып прогрессти көзөмөлдөөгө, ошондой эле көйгөйлүү жерлерди өз убагында аныктап, чечимдерди ыкчам кабыл алууга көмөктөшөрүн белгиледи. 

Ал ошондой эле бул ыкма Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашырууда өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, документ туруктуу, инклюзивдүү жана аймактар боюнча тең салмактуу өнүгүүгө багытталган амбициялуу көз карашты аныктаарын айтты. Бул максатка жетүү үчүн күчтүү стратегиялар натыйжалуу ишке ашыруу менен коштолушу керек — ар бир аймакта, ар бир райондо жана ар бир жамаатта. 

БУУӨП үчүн бул багыт Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен көп жылдык кызматташтык менен тыгыз байланышта болуп, эффективдүү мамлекеттик башкаруу, реформалар, санариптик трансформация, аймактык өнүгүү жана отчеттуу институттарды чыңдоо тармактарын камтыйт. Бул ошондой эле Туруктуу өнүгүү максаттары, өзгөчө 16-ТӨМ — натыйжалуу, ачык-айкын жана инклюзивдүү институттарды өнүктүрүү жана “эч ким артта калбашы керек” принциби менен түздөн-түз байланыштуу. 

Ачылыш бөлүгүндө заманбап башкаруу инструменттерин киргизүүнүн мааниси өзгөчө белгиленип, бул мамлекеттик органдардын аткаруучулук тартибин күчөтүүгө, процесстердин ачыктыгын жогорулатууга жана ишмердүүлүктү конкреттүү, өлчөнүүчү жыйынтыктарга багыттоого өбөлгө түзөөрү айтылды.