Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) ата мекендик компаниялардын экспорттук потенциалын чыңдоого жана эл аралык рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзгөн инструменттерди өнүктүрүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө колдоо көрсөтүүнү улантууда
БУУӨП Кыргыз Республикасында экспорттук камсыздандырууну өнүктүрүүнү колдойт
2026-ж., 23-June
Бишкек, 2026-жылдын 4-июну - Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) ата мекендик компаниялардын экспорттук потенциалын чыңдоого жана эл аралык рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзгөн инструменттерди өнүктүрүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө колдоо көрсөтүүнү улантууда.
БУУӨПтүн «Соодага көмөктөшүү» долбоорунун алкагында «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» (МКУ) ААК менен биргеликте экспорттоочуларды коммерциялык жана тышкы соода тобокелдиктеринен коргоонун маанилүү механизми болгон — экспорттук камсыздандыруу тутумунун негиздерин түзүү боюнча иштер жүргүзүлдү.
Бул демилге Кыргыз Республикасынын Экспортту өнүктүрүүнүн 2025–2028-жылдарга каралган улуттук программасын ишке ашырууга түздөн-түз салым кошот. Алсак, БУУӨПтүн колдоосу менен Программанын Иш-чаралар планынын негизги натыйжаларынын бирине жетишилди — экспорттук операцияларды камсыздандыруу механизмин иштеп чыгуу жана киргизүү аркылуу артыкчылыктуу секторлордун экспорттоочуларын каржылык инструменттерге жеткиликтүүлүк менен камсыздоо (3.1.4-иш-чара) жүзөгө ашырылды.
Кызматташтыктын алкагында тобокелдиктерди кыйла натыйжалуу баалоого жана кыргыз бизнесинин муктаждыктарына жооп берген камсыздандыруу өнүмдөрүн калыптандырууга мүмкүндүк берген экспорттук операцияларды камсыздандыруу боюнча комплекстүү тарифтик саясат иштелип чыкты.
“Экспорттук камсыздандырууну өнүктүрүү — эл аралык рыноктордо кыргызстандык экспорттоочулардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн чыңдоо боюнча кеңири күн тартибинин бир бөлүгү болуп саналат. Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн туруктуу өнүгүүсү үчүн экспорттоочуларга каржылоо гана эмес, жаңы рынокторду ишенимдүү өздөштүрүүгө жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жол ачкан тобокелдиктерди башкаруу инструменттери да керек”, — деп белгиледи БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева.
Иштелип чыккан документтерди практикада колдонуу максатында 2026-жылдын 4-июнунда “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКнын 27 кызматкери үчүн (анын ичинде 16 аял) “Экспорттук камсыздандырууга киришүү” аттуу тренинг өткөрүлдү. Катышуучулар экспорттук камсыздандыруунун эл аралык механизмдери, тарифтик саясат, тобокелдиктерди баалоо ыкмалары жана экспорттук камсыздандыруунун ар кандай түрлөрү боюнча камсыздандыруу тарифтерин эсептөө ыкмалары менен таанышышты.
Алынган билимдер жана иштелип чыккан инструменттер “МКУ” ААК үчүн экспорттук камсыздандырууну андан ары ишке киргизүү жана ата мекендик бизнес үчүн камсыздандыруу чечимдеринин түрлөрүн кеңейтүү үчүн практикалык негиз түзөт.
“Экспорттук камсыздандыруу Кыргыз Республикасы үчүн жаңы жана келечектүү багыт болуп саналат. Бул контекстте БУУӨПтүн колдоосу "МКУ" ААКнын Берн союзунун Прага клубуна (Кредиттерди жана инвестицияларды камсыздандыруучулардын эл аралык союзу) мүчө болуп кириши менен дал келип, абдан маанилүү жана өз убагында жасалган кадам болду. БУУӨПтүн колдоосунун аркасында биз ички экспертизабызды чыңдадык, тобокелдиктерди баалоо жана камсыздандыруу тарифтерин эсептөө боюнча практикалык куралдарга ээ болдук, ошондой эле экспорттоочулар үчүн камсыздандыруу өнүмдөрүн андан ары өнүктүрүүнүн пайдубалын түптөдүк”, — деп билдирди “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКнын Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары Абдыжалиев Бактыгул Рысбекович.
Кызматташтыктын маанилүү натыйжасы — ченемдик-методологиялык базаны иштеп чыгуу гана эмес, экспорттук камсыздандыруу механизмдеринин бирин практикалык түрдө пилоттук негизде сыноодон өткөрүү болду. БУУӨПтүн колдоосу менен агроөнөр жай секторунун ишканасы үчүн 200 миң АКШ долларынан ашык суммага экспорттук камсыздандыруу боюнча биринчи келишим ийгиликтүү ишке ашырылды.
Экспорттоочу ишкана үчүн бул келишим экспорттук контракт боюнча төлөмдөрдүн төлөнбөй калуу тобокелдигинен кошумча коргоону камсыз кылды, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен иштөөдө финансылык туруктуулукту жогорулатты жана финансылык институттар тарабынан ишенимдин бекемделишине шарт түздү. Ал эми «МКУ» ААК үчүн бул пилоттук долбоор экспорттук камсыздандыруу механизмдерин колдонуунун баалуу практикалык тажрыйбасы болуп калды. Бул тобокелдиктерди баалоо жана тарифтерди белгилөө боюнча иштелип чыккан ыкмаларды сынап көрүүгө, ошондой эле бул инструментти улуттук деңгээлде андан ары жайылтуу үчүн зарыл болгон компетенцияларды калыптандырууга мүмкүндүк берди.
Мындан сырткары, жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоочу менен экинчи потенциалдуу келишим боюнча даярдык иштери жүргүзүлдү. Бул бизнестин экспорттук тобокелдиктерди башкаруунун жаңы инструменттерине болгон кызыгуусу өсүп жатканынан кабар берет.
Алгачкы практикалык натыйжалар ата мекендик ишканалардын арасында экспорттук камсыздандырууга болгон суроо-талапты тастыктайт жана бул инструментти бизнестин, өзгчө микро-, чакан жана орто ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн чоң потенциалын көрсөтөт.
БУУӨП ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, эл аралык рынокторго чыгууну кеңейтүүгө, өлкөнү глобалдык соода чынжырларына интеграциялоого жана туруктуу экономикалык өнүгүү максаттарына жетүүгө көмөктөшүүчү туруктуу экспорттук экосистеманы өнүктүрүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө колдоо көрсөтүүнү улантат.
Экспорттук камсыздандырууну өнүктүрүү — Кыргыз Республикасында экспортту колдоонун заманбап тутумуну калыптандыруудагы маанилүү кадам. Бул инструментти ишке киргизүү ата мекендик компаниялар үчүн тобокелдиктерди азайтууга, тышкы сооданы стимулдаштырууга жана өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшү үчүн кошумча шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.