Жасалма интеллект (ЖИ) мамлекеттик башкарууда, бизнесте, билим берүүдө жана күнүмдүк жашоодо чечимдердин сапатын кандайча өзгөртүп жатканы — заманбап доордун негизги суроолорунун бирине арналган панелдик сессия ЖИ доорундагы Create4Design креативдүү индустриялар фестивалынын алкагында өттү. Сессияны Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү Программасынын (БУУӨП) колдоосу менен Креативдүү индустриялар ассоциациясы уюштурду.
Жасалма интеллект, чечимдердин дизайны жана адамдын өнүгүүсү: Create4Design фестивалынын алкагындагы панелдик сессия
2026-ж., 21-April
Ачылыш сөздөрү менен Креативдүү индустриялар ассоциациясынын директору Назгуль Кубакаева жана БУУӨП Туруктуу Өкүлүнүн орун басары Патрик Хаверман болушту. Патрик Хаверман өз сөзүндө өлкө санариптик трансформацияга, инновацияларга жана чыгармачыл индустриялардын өнүгүүсүнө ырааттуу инвестиция салып келаткандыгын белгилеп, жаш адистер, ишкерлер жана креаторлор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратаарын айтты. БУУӨП, өз тарабынан, бул процесстерди колдоону улантат.
БУУӨП Адамдын өнүгүүсү боюнча докладындагы негизги тыянактор
Панелдик талкуунун алдында БУУӨП Туруктуу экономикалык өнүгүү кластерынын жетекчиси Азамат Усубалиев «ЖИ доорундагы адамдар жана мүмкүнчүлүктөр: тандоо маселеси» — БУУӨП Адамдын өнүгүүсү боюнча 2025-жылдагы докладынын негизги маалыматтарын тартуулады.
Докладга ылайык, адамдын өнүгүүсү боюнча дүйнөлүк прогресс жайлап баратат. Адамды өнүктүрүү индекси (АӨИ) өтө жогорку жана төмөнкү деңгээлдеги өлкөлөр ортосундагы ажырым барган сайын жай кыскарып жатат. Кыргызстан бул контексте туруктуу оң динамиканы көрсөтүүнү улантууда. 2023-жылы өлкөнүн АӨИ 0,720 болуп, «Жогорку адам өнүгүүсү» категориясына киргизилип, 193 мамлекеттин арасынан 117-орунду ээледи. 1990-жылдан бери бул көрсөткүч 10,9 пайызга өстү. Ошол эле учурда гендердик теңдик жана санариптик мүмкүнчүлүктөргө жетүү тармактарында кыйынчылыктар сакталып келет — дал ушул жерде ЖИ өнүгүүнү тездетүүгө жардам бере алат.
ЖИден алынуучу пайданын чоң бөлүгү технологиянын өзүнөн эмес, аны практикада кандайча колдонуудан — жөнгө салуу, көндүмдөрдү өнүктүрүү жана санариптик мүмкүнчүлүктөргө тең жетүүнү камсыз кылуу аркылуу аныкталат.
Панелдик талкуу
Азамат Буржуев, санариптик трансформация жана мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт, мамлекеттик системаларда ЖИни колдонуу технология деңгээлинен гана эмес, институционалдык даярдыктан, маалыматтардын сапатынан жана мамлекеттин алгоритмдик чечимдердин кесепеттери үчүн жооп берүүгө даяр болуусунан да көз каранды экенин баса белгиледи.
Алексей Лысогоров, арт-директор, ЖИнин дизайн-процессине тийгизген таасирин карады. Анын айтымында, технологиялар буга чейин бүтүндөй команда жасаган ишти бир адис аткара ала турган деңгээлде келип калды. Ошол эле учурда, терең ой жүргүзүп, чыныгы чыгармачылык иш аткарууга келгенде, адамдын ролу сакталып калууда.
Мирбек Окенов, ULUT Soft компаниясынын тең негиздөөчүсү жана башкы директору, технологиялык субъекттүүлүк маселесине өзгөчө токтолду. Анын оюнда кыргыз тили моделдери үчүн негиз боло турган, ошондой эле Кыргызстандын технологиялык өз алдынчалыгын чыңдоого шарт түзгөн тилдик маалымат корпусун өнүктүрүүнүн мааниси баса белгиленди.
Дарья Суходолова, Lalafo Кыргызстандын Country Manager кызматкери, ЖИнин бизнестеги кардардларга тийгизген өзгөртүүлөрүн талкуулады. Санариптик платформалар колдонуучулардын жүрүм-турумун болжолдоодо барган сайын так боло берген сайын ыңгайлуулук арып, ошол эле учурда персоналдаштыруунун чектери жана тандоо эркиндиги жөнүндөгү суроолор да күчөйт.
Айсулуу Жамангулова, MUGALIMAI тең негиздөөчүсү, ЖИнин билим берүүгө жана адамдын ой жүгүртүүсүнө тийгизген таасирин заманыбыздагы эң маанилүү чакырыктарынын бири катары белгиледи. Анын сөзүнүн өзөгүндө — технологияларды колдонууда даяр жооптор менен алмаштырбастан, адамдын ой жүгүртүү жана тандоо же жаратуу жөндөмүн бекемдөө керектигин белгиледи
ЖИни колдонуу
Панелдик сессия БУУӨП Адамдын өнүгүүсү боюнча 2025-жылдагы докладынын негизги тыянагы менен кеңири үндөштүктө болду: жасалма интеллект мамлекеттик кызматтарда, бизнесте, билим берүүдө жана күнүмдүк чечимдерде жашоонун ажырагыс бөлүгүнө айланды. Докладдын маалыматтары боюнча, дүйнөдөгү адамдардын үчтөн эки бөлүгү жакынкы арада билим берүүдө, саламаттык сактоодо же жумушунда ЖИни колдоно турганын күтүшсө, ал эми ондон алтоосу аны жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачат деп эсептейт.
Талкуу жасалма интеллекттин оң потенциалы — кызматтарды жекелештирүү, чечимдердин сапатын жогорулатуу, билимге жана ресурстарга жетүүнү кеңейтүү — бүгүнкү күндө реалдуу болуп, практикада ишке ашып жатканын көрсөттү. Ошол эле учурда спикерлер бир катар тобокелдиктерге дагы өңүл бурушту. Анын ичинде тандоо эркиндигинин байкалбай чектелиши, алгоритмдерге көз карандылыктын күчөшү жана интеллектуалдык пассивдүүлүктүн пайда болуу коркунучу.
Жасалма интеллект аркылуу өз мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип жаткандардан сырткары, дагы бир маанилүү суроо — бул процесске азырынча толук кандуу кошула элек адамдардын тагдыры. Бул, технологиялардан баш тартууга чакырык эмес, тескерисинче жасалма интеллект тууралуу ачык жана жоопкерчиликтүү сүйлөшүүнүн зарылдыгы.
Ошондуктан сессиянын эң маанилүү жыйынтыгы - ушул сымал маекти улантуунун зарылдыгы. Эң башкысы: ачык, сынчыл, технологияны жаратуучулардын гана эмес, жашоосуна таасир тийгизип жаткандардын да үнү угулуусу абзел.
Фестиваль жөнүндө
Create4 Креативдуу индустриялар фестивалы — креативдүү экономиканы өнүктүрүү жана колдоо үчүн уникалдуу платформа болуп, 2022-жылы Кыргызстандагы БУУӨП жана Креативдүү индустриялар ассоциациясынын демилгеси менен уюштурулган.
ЖИ доорундагы Create4Design фестивалынын расмий өнөктөштөрү — Креативдүү индустриялар паркы, ololo компаниялар тобу жана Namba Media агенттиги.