STEM4ALL кесиптердин келечеги үчүн

Илим, технология, инженерия жана математика келечектеги эмгек чөйрөсүндө гендердик теңчиликти жана санариптик трансформацияны камсыз кылуу үчүн өтө маанилүү.

2023-ж., 27-October

                              

 Төмөндө бардык тиешелүү маалыматтарды табыңыз

     

    "STEM4ALL x Mentoring Her" долбоорунун катышуучуларын жана "STEM4ALL Коомчулугун" сыйлоо аземине чакыруу

    📌27-январь 2024-жыл, Ишемби

    ⏰ 10:00-12:30 расмий бөлүк, андан кийин фуршет

     📍  Novotel, дареги Манас проспектиси 16, Бишкек

     

    2024-жылдын 27-январында Novotel отелинде "STEM4ALL x Mentoring Her" долбоорунун катышуучуларын жана "STEM4ALL Коомчулугун" сыйлоо аземи өтөт.

    Бул иш-чара БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан демилгеленген, Япония Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашкан "STEM4ALL x Mentoring Her" аякташына арналды. Долбоор "Роза Отунбаеванын демилгеси" Эл аралык коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып, STEM (илим, технология, инженерия жана математика) тармагындагы кыздардын жана аялдардын катышуусун өнүктүрүүгө багытталган.

    STEM4ALL x Mentoring Her демилгеси бул STEM чөйрөсүндөгү аялдардын алдындагы чакырыктарына жооп катары, байланыш түзүү мүмкүнчүлүктөрүн жаратып, күчтүү колдоо системасын түзүү, технология, илим жана инновация жаатында ийгиликтүү карьера үчүн зарыл болгон “жумуш-жашоо” балансын аныктоого жана жумшак көндүмдөрдү (soft skills) өнүктүрүүгө багытталган.

    Долбоорго 320 менти-шакирттерге жана 251 ментор-насаатчы  ийгиликтүү катышып, STEMдеги аялдардын лидерлигин алдыга жылдырышты. STEM4ALL x Mentoring Her программасынын катышуучулары үчүн ийгиликтүү лидерликтин негизги принциптерин жана стратегияларын ачууга арналган лекциялардын цикли уюштурулду, алар  STEM жаатында аялдарды жана кыздарды жетекчилик кызматтарга шыктандырууга жардам берет.  Долбоор ментилерге тажрыйбалуу ментор-насаатчылардан кеңеш алып, Тайм-менеджмент, Лидерлик, Эмоционалдык интеллект, Сынчыл ой-жүгүртүү жана Финансылык сабаттуулук негиздерин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк ачты.

    Ментор-устаттар жана менти-шакирттер баалуу баарлашууларды өткөрүштү, бул тажрыйба жана билим менен натыйжалуу алмашууга өбөлгө түздү. Катышуучулар кесиптик максаттарына жетүү үчүн негизги кадамдарды аныктап, өнүгүү жол карталарын ийгиликтүү иштеп чыгышты.

    Долбоордун маанилүү жетишкендиктеринин бири - катышуучуларга Stem4allmentoring Her  санариптик эксперименталдык аянтчага кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү болду. Бул платформа кыздар үчүн билим алуу жана өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, аймактык менторлордун керектүү билимин жана колдоосун камсыз кылат. Эксперименттик долбоор "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунун активдүү колдоосу менен Stem4allmentoring Her  өз ишин улантат.

    Ошондой эле STEMди алга жылдыруудагы мыкты практикаларды белгилөө максатында STEM4ALL коомчулугунун шериктеш уюмдар "STEM4ALL Award 2024" аземине чакырылган. (STEM4ALL тажрыйбалары боюнча коомчулук тууралуу бул шилтемеде

    Сыйлык тапшыруу аземинде катышуучулардын 10 негизги номинациядагы жетишкендиктери баса белгиленет:

    “STEM4ALL x Mentoring Her” долбоорунун алкагындагы номинациялар:

    🏆  Мыкты ментор

    🏆  Мыкты менти

    🏆 Мыкты регионалдык ментор

    🏆 Мыкты регионалдык менти

    🏆 Мыкты ментор (англис тилдүү топто)

    🏆 Мыкты менти (англис тилдүү топто)

    🏆 Мыкты ментор мотиватор

    “STEM4ALL коомчулугунун” номинациялары:

    🏆 STEM4ALL коомчулугунун мыкты өнөктөшү

    🏆 STEM илгерилетүүдөгү мыкты тажрыйба

    🏆 Мыкты билим берүү партнер

    Сыйлык тапшыруу аземи ошондой эле Кыргызстандын жаш муундарын келечектеги кесиптерге даярдоого олуттуу таасир тийгизген өнөктөштөрдүн жана инсандарын демилгелерин бөлүп көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк болот.

    Илим жана технология жаатында келечектеги лидерлерди колдоп, сыйлык тапшыруу аземине катышууга жалпыга маалымдоо каражаттарын, билим берүү мекемелерин, ишканаларды жана бардык кызыкдар тараптарды чакырабыз.

    Иш-чарага онлайн катышуу үчүн шилтеме аркылуу Zoom платформасына өтүңүз.

     

    Медиа өкүлдөрүнүн аккредитациядан өтүүсү үчүн байланыш:

    📧ainagul.abdrakhmanova@undp.org

    📞Телефон: 0770 755776

    📧saltanat.adylbek@gmail.com

    📞Телефон:0555850707

     

    Кошумча маалымат:

    Дүйнөлүк Экономикалык Форумга ылайык, келечектеги жумуш орундарынын 90% дан ашыгы санариптик көндүмдөрдү талап кылат. Кыргызстанда гендердик стереотиптер жана ресурстарга жеткиликтүүлүктүн чектелгендигинен улам, орточо эсеп менен билим берүү тармагындагы бүтүрүүчүлөрдүн 31,1% ын гана аялдар түзөт. Биз кыздарга жана аялдарга STEM тармагындагы ийгиликтүү карьера үчүн керектүү куралдарды жана колдоону берүү менен бул көрсөткүчтөрдү өзгөртүүгө аракет кылабыз.

     

    “STEM4ALL x Mentoring Her” долбоору тууралуу:

    Кыргызстандын БУУӨПтүн "Кыргызстандагы аялдардын муктаждыктарын баалоо" (2023) отчетунун жыйынтыктарына жооп катары, БУУӨП тарабынан демилгеленген жана Япония Өкмөтү ошондой эле БУУнун Өнүктүрүү программасы каржылаган STEM4ALL x Mentoring Her долбоорун  "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду ишке ашырды. Долбоор STEM (Science-Technology-Engineering-Math) жаатындагы кыз-келиндер туш болгон көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Өнөр-жай лидерлерин жана жамааттарды Ментордук колдоо менен байланыштырып, демилге жеке жана кесиптик өсүүгө көмөктөшөт. #STEM4ALL аялдарга келечектеги тез өнүгүп келе жаткан тармактарда ийгиликке жетүүгө мүмкүнчүлүк берет. БУУӨПтүн Кыргызстандагы #STEM4ALL алкагындагы ишмердүүлүгү тууралуу кененирээк бул шилтемеден биле аласыздар.

    Санарип платформа тууралуу (www.stem4allmentoringher.com):

    Платформа Digital x программасынын алкагында "Mentoring Her" жана Кыргызстандагы БУУӨП  биргеликте иштеп чыккан аракеттин натыйжасы болуп саналат. Digital x программасы БУУӨПтүн башкы санариптик кеңсеси тарабынан демилгеленген жана Япония өкмөтүнүн колдоосу менен санариптик чечимдерди чек аралар аркылуу масштабдоо, биргелешкен аракеттерге көңүл буруу жана санариптик инновацияларды алга жылдырууга биргелешип умтулуу максатын көздөйт.

    "STEM4ALL x Mentoring Her" санариптик платформасы аялдар жетектеген  "Mentoring Her" эл аралык техникалык өнөктөш менен кызматташтыкта иштелип чыгышы STEM тармагындагы тажрыйбалуу лидерлер менен тажрыйбалуу адистердин ортосундагы байланышты камсыз кылуудагы олуттуу кадам болуп саналат. Бул платформа менторлор менен ментилерди эффективдүү туташтыруу үчүн жасалма интеллекттин күчүн колдонот.

    STEM4ALL Коомчулугу:

    “Практиктердин коомчулугу” (Community of Practices) Кыргызстандагы STEM тармагында иштеген аялдардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн аймактык тармактын алкагында жергиликтүү жамааттарды бириктирүү максатында түзүлгөн.Коомчулукта 2022-жылы 32 уюм бар болсо,  2023-жылы уюмдардын саны 80ге чейин көбөйдү, алардын баары STEMдеги гендердик паритетти өнүктүрүү үчүн иш алып барышат. 

    Кыргызстандагы БУУӨП STEM коомчулугунун базасында кызыкдар тараптар менен өнөктөштүктү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн стратегиялык ыкманы колдонот. Бул кызматташтык өнөктөштөр арасында он биргелешкен демилгенин пайда болушуна алып келди. 2023-жылдын соңунда STEM4ALL коомчулугу менен өнөктөштүк стратегиясы иштелип чыккан. 

    "STEM4ALL Award 2024" - бул мыкты тажрыйбаларды көрсөтүү жана ар кандай кызыкдар тараптардын STEM4ALL коомчулугундагы өнөктөштүгүн белгилөө мүмкүнчүлүгү.

     

    Саламатсызбы! Сиздерди 2023-жылдын 27-октябрда Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өтө турган “STEM4ALL кесиптердин келечеги үчүн” аттуу футуристтик иш-чарага чакырабыз. “Келечекке даярсыңбы?” деген суроого жооп издейбиз. Келечектеги жумуштар санариптик көндүмдөрдү жана STEM (Илим-Технология-Инженерия-Математика) боюнча күчтүү негизди талап кылат, бул иш-чаранын максаты. 

    Дата: 27-октябрь, 2023-жыл, жума күнү 

    Убактысы: 9:00дөн 18:00гө чейин 

    Дареги: Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (Бишкек ш., Ч. Айтматов көч., 66).

    Иш-чараны Кыргызстандагы ПРООН Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана STEM4ALL коомчулугу менен биргеликте биздин муундарды келечектеги эмгек рыногуна даярдоо үчүн STEMди жайылтуу максатында уюштурулду.

     

    Келечектин кесиптери STEMде күчтүү пайдубалы бар болгон санариптик билимди талап кылат. Ар бирибиз кайрадан жаңы көндүмдөрдү үйрөнүп, аларды жогорулатууну улантышыбыз керек.