Кыргызстанда электрондук коммерцияны өнүктүрүү: БУУӨП бизнестин санариптик мүмкүнчүлүктөрүн кантип күчөтүүдө

2025-ж., 7-May
Woman with glasses smiling while typing on a laptop at a cozy café-like setting.
БУУӨП / Кыргызстан

Электрондук коммерция инклюзивдүү жана туруктуу экономикалык өсүштүн кыймылдаткыч күчүнө айланууда. Глобалдык рынок тез санариптештирилип жаткан шарттарда чакан жана орто ишканалар (ЧОИ) обочодо кала бербеши үчүн алар бул шарттарга ыңгайлашууга тийиш. ЧОИ жумуштуулуктун негизги бөлүгүн камсыз кылып, аймактарды өнүктүрүүдө негизги ролду ойноп жаткан Кыргызстан сыяктуу өнүгүп келе жаткан экономикалар үчүн санариптик рынокторго жеткиликтүүлүк чечүүчү мааниге ээ.

БУУӨП Финляндия Өкмөтүнүн колдоосу менен “Жаңырейшн Санарип” инкубациялык программасын ишке киргизди. Бул программа Кыргызстандын ишкерлерине салттуу бизнес-моделдерден санарип моделдерге өтүү үчүн аспаптарды, билимди берип, колдоо көрсөтүү максатын көздөйт. Мунун баары аларга электрондук коммерция рыногунда масштабды кеңейтүүгө жана атаандашууга мүмкүндүк бермекчи. Бул демилге Кыргызстандын санариптик трансформациясын колдоонун алкагында ишке ашырылууда. Демилге инклюзивдүү өсүштү камсыз кылууга жана санариптик ажырымды кыскартууга багытталган. Алар 2040-жылга чейин Өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына жана 2024-2028-жылдарга Санариптик трансформациянын концепциясына ылайык жүзөгө ашырылып жатат.

“Санариптик трансформация – бул инклюзивдүү экономикалык өнүгүүнүн катализатору. Айрыкча аялдар, жаштар жана аймактардагы ишкерлер жетектеген бизнес үчүн санариптик ажырымды жоюу менен, биз жаңы рынокторго чыгып, жумуш орундарын ачып, социалдык-экономикалык өнүгүүнү бекемдөө үчүн шарттарды түзүп жатабыз”, - деп белгиледи БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева.

A diverse group of people attentively listening in a lecture setting.

Тренинг учурунда

John Galt VC

16 аптанын ичинде 43 ишкер, алардын жарымынан көбү аялдар өз бизнесинин масштабын кеңейтип, натыйжалуулугун күчөтүү максатында санариптик чечимдерди киргизүү үчүн жеке стратегияларын даярдап алышты. Окуу модулдарынын, менторлуктун, мастер-топтордун жана практикалык сессиялардын алкагында алар санариптик маркетинг, логистиканы оптималдаштыруу, онлайн сатууну башкаруу жана кардарлар менен иштешүү жаатында иш жүзүндө колдонууга боло турган көндүмдөрдү алышты. Натыйжада көптөгөн катышуучулар көзгө илинерлик өзгөрүүлөрдү көрө алышты: ишкерлердин бири санариптик аналитиканын жардамы менен бир айда сатууларын 40 пайызга көбөйтө алды; башкалары продукциясынын тизмесин кеңейтип, жаңы рынокторго чыгып, таңгактоону жана брендингди жакшыртышты.

Программа туруктуу жыйынтыкка жетүүгө багытталган. Ар бир катышуучу жеке жол картасы боюнча иш жүргүзүп, алган билимин өз бизнесин өнүктүрүүгө колдоно алды. БУУӨП санариптик экономиканын ар кайсы чөйрөсүнөн 22 экспертти тартты, алар ишкерлерди Amazon, eBay жана TikTok Shop менен иштөө, кардарлар менен өз ара аракеттенүүнү автоматташтыруу жана буйрутмаларды башкаруу сыяктуу темалар боюнча коштоп жүрүштү. Жыйынтыгында катышуучулар Демо-күнү бизнестин масштабын кеңейтүү боюнча өз стратегиялары менен тааныштырып, алардын ичинен бешөө жабдууларга, санариптик инструменттерге жана маркетингге инвестициялар үчүн баштапкы каржылоону алышты.

Healthy Bulion’дун негиздөөчүсү Алмагүл Куштарбекова төмөнкүлөрдү белгиледи: “Бул программа мен үчүн чыныгы өсүш башатына айланды. Биз TikTok жана Ads Manager’ден баштап, taplink жана сайтты түзүүгө чейин аспаптарды өздөштүрдүк. Онлайн формат окууну жумуш менен айкалыштырууга мүмкүндүк берди. Жеке коучинг жана мастер-топтор бизге өнүгүү үчүн практикалык чечимдерди жана конкреттүү кадамдарды бере алды”.

A woman in a gray blazer talks to two attendees at a conference booth featuring health products.

On the left is Almagul Kushtarbekova, founder of Healthy Bulion

John Galt VC

Программа салттуу окутуунун алкагынан чыкты. Ал тажрыйба алмашууга жана катышуучулардын бизнес-көндүмдөрүн рыноктун чыныгы мүмкүнчүлүктөргө байлоого көмөктөштү. Инфлюенс-маркетингдин аспаптарын колдонгон кийим өндүрүүчүлөрдөн баштап, жаңы соода аянтчаларына чыгып жаткан тамак-аш өнөр жай ишканаларына чейин – бардык катышуучулар туруктуу жана санариптик келечекке даяр болгон бизнести курууга умтулуп жатышат. 

Электрондук коммерциядагы нарк чынжырчасы инклюзивдүү экономикалык өнүгүүгө дем берип, айрыкча аялдар жетектеген чакан жана орто ишканалар үчүн санариптик экономикага интеграциялануу мүмкүнчүлүгүн түзүүдө. Структуралык тоскоолдуктарды четтетип, ишкерлерди практикалык аспаптар менен камсыз кылуу менен бул программа регионалдык айырмачылыктарды кыскартууга көмөктөшүп, жумуш менен камсыздоону кеңейтүүгө жана глобалдык рыноктордо жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн позициясын бекемдөөгө жардамдашат. Санариптик трансформация туруктуу өнүгүүнүн борбордук бөлүгүнө айланган шарттарда ушул өңдүү демилгелер экономикалык масштабды кеңейтүү жана узак мөөнөттүү туруктуулук үчүн негиз болуп берүүдө.